“Атамды эч кимге алмаштыбайм!” же Жол башчы Сталиндин уулунун – Василийдин жарыяланбаган жана тыюу салынган мемуарлары

Турмуш, өмүр деген нерсе баардыгын өз ордуна коёт… Ошентип ар ким өзүнүн буйруган жерине жетип орун алат… ал эми адамдардын эсинде биз унутууга болбой турган адамдар гана калат экен.. Сталин өткөнгө ооп кеткен жок, ал келечектен орун алыптыр”…

(Шарль де Голл – Франциянын президенти)

Атасы кайтыш болгондон кийин көп узабай ошол учурда запаска чыгарылган Василий Кытай Эл Республикасынынын посольствосуна кайрылып, саясий жактан баш маанек макамын алуу маселеси менен кайрылыптыр. Мындай кайрылуу менен чыгуу үчүн жол башчынын баласында бардык негиздер бар болгон, анткени ал жеке керт башына карата коркунучтун белгилери каптап келе жатканын сезип турган, анын үстүнө “ атасын өлтүргөн”- деген шектүү адамдардын күнөөлөрүн ачык айтып келгендиги ага тынчтык бербесин да жакшы билген. В. Сталиндин чоочулоолору бекеринен болгон эмес. Ошентип 1953-жылдын 28-апрелинде “антисоветтик пропагандага катышкан жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган” – деген күнөөлөрдүн негизиндеги фактылар менен камакка алынган. Эки жылга созулган изилдөө-сурактан кийин Василийге 8 жылдык срок ыйгарышкан. Бул жерде ал бир ишти аткаруудан баш тартканы анын тагдыр жазмышын оорлотуптур. Көрсө “билермандар” саясий бюродогулар аны атасын жамандап туруусун, атасын ата катары санабастыгынан таптакыр баш тартууну сунушташкан экен, бирок Василий эч качан өз оюнан атасынын бийик бедели менен зор аброюн, адамдык сапатын алмаштырып эки жүздүүлүккө баруууга дитин берген эмес. Мындай болгондо анын тагдыры мүмкүн башка болмок…

Анын эркин сындырууга болгон аракет

1960-жылы болгон. Василийди түрмөдөн 3 жыл,  3 ай мурда эртерээк бошотушуп, эптеп аны алдоо жолу менен сатып алууга аракеттер башталган. Москвадан ага 3 комнаталуу батир беришкен. Пенсия чегеришкен. Абактан бошогондон кийин Василийди Н. Хрушев кабыл алган. Ал мурдагыдай эле атасын жамандоону, анын кылмыштарын ачык айтып жарыялоону “соратниктери тарабынан ууландырылды” – деген сөздөрүн токтотууну талап кылган. Эчтеке өзгөргөн эмес. Василий мындай эки жүздүүлүккө барууга табиятынан жөндөмү жок, чынчыл адам болуптур.

Ал кайрадан КЭРдин посольствосуна кайрылат. Ошол аз гана эркиндик күндөрүндө Василий Сталин чындыгы, ачыктыгы жана тактыгы жагынан адамдарды таң калтыра турган мемуарын жазууга үлгүргөн.

Мемуарды жазып жатканда Вася абдан шашылыптыр, анткени ал кандай учур болбосун аны кайрадан камап коюшарын сезип жүргөн. Бул шашкандык ал ойлогондой болуп чыгып, аны 1960-жылы кайрадан камакка алышкан. Бул учурда Кытайдан башпаана алуунун техникалык документтери бүтүп калган эле.

1961-ж Василийди ал убакта чет элдиктерге кирүүгө тыюу салынган Казань шаарына ссылкага айдап жиберишет.

1962-жылдын 19-мартында Василийдин өлгөндүгү тууралуу кабар тарайт. Анын өлүмү зордук менен жасалгандыгынын элементтери сакталып калган. Бирок тергөө жүргүзүлбөстөн медициналык корутундусунда “Василий Иосифович Джугашвили (анын паспортунда ушундайча жазылган) алкоголь менен уулануудан өлдү” – делип жазылган.

Василий мемуарларын аны 2-ирет камаганга чейин КЭРдин посольствосуна берип жиберүүгө үлгүргөн экен. Мемауарлар анын көзү тирүүсүндө жарык көргөн эмес. Анын эскерүүлөрү кытай тилине которулуп, “Женьминьчубаныпе” (“Народное издание”) деген борбордук газетага 1962-жылдын декабрында “Чындык, акыйкат сөз” “Василий Сталиндин тарыхы” деген аталышта жарыкка чыккан.

В. Сталин Мао менен эң жакшы тааныш болгон жана анын кадырлоосуна, чексиз урматтоосуна татыктуу делинген ишмерлердин сабында болуптур. Бүгүнкү күндө Пекинде Василийдин мемуары сакталып турат.

В. Сталин: “эч качан тарых адамдарды алдабайт, эртеби-кечпи чындык менен акыйкаттыктын салтанаты жеңишке жетип, ар кимдин кылган эмгегин, кызматын өз ордуна коёт” – деп ишенген. Тарых дал өзүн кайталады. Кремлдеги ренегат Н. Хрушевдин курмандыгына айланган баатыр учкуч, генерал В. Сталиндин бүгүнкү тагдырына ар бир прогрессивдүү ой жүгүрткөн адамдар калыс баасын беришери аштан бышык.

“Совершенно не секретно” газетасынан кыргызчалаган: С. Турдукожоев, журналист, (уландысы уланат)

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *