“Ататүрк” багынын түштүк тарабын ээлеп алган чиновник, депутаттардын тизмеси…

Бишкектеги «Ататүрк» эс алуу багынын үйлөр курулган аймагы гана эмес, азырынча бош жаткан түштүк тарабы да жеке колго өтүп кеткенин «Кактус Медиа» аныктады. Масалиев көчөсү (Түштүк Магистраль) тараптагы 57 жер участогу мамлекеттик кызматкерлер, саясатчылар жана белгисиз адамдарга таандык болуп чыкты. Парктын айланасындагы биринчи жаңжал чыккан 2007-жылы бул адамдардын аты айтылган эмес эле.

«Кактус» жазган маалымат боюнча «Ататүрктөгү» жер тилкелери төмөндөгү адамдарга таандык: Суранчиев Сүйүнбек Абдыкасымович (2009-жылдан бери ушул эле тилке Искаков Алишер Махмудовичке — «Түндүк курулуш» ЖЧК таандык). Суранчиев буга чейин «Хеопс» ЖЧКнын негиздөөчүсү болгон, кийин ишкана жумушун токтоткон.

Абдукадыров Рустам Эркинович — “Вusiness Partner” негиздөөчүсү жана директору, «Эмгек Резерви» люрт клубунун башчысы, дүң соода менен алектенген» МКС» иш-кананын негиздөөчүлөрүнүн бири, юнцерттик залдар боюнча «Effect show» компаниясынын башчысы.

Каимов Нурбек Өзгөнович — 2018-жылы Свердлов райондук прокурорунун орун басары болгон.

Болотбеков Бейшенбек — Таластын мурдагы губернатору.

Бокоев Жаныбек Абдраевич — 2014-жылы Улуттук университетинин юридикалык институтунун директору болгон.

Эшимбеков Эркин Эшимбекович – Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген энергетиги.

Абакунов Эрмек Акылбекович — «ИНТЕРГЛАСС» башчысы, 2010-жылы ЖК депутаттагына талапкер болгон.

Тагаев Рашид Бакирович — ЖКнын төртүнчү чакырылышындагы депутат.

Абжалиев Алиярбек — ЖКнын депутаты.

Тагаев Айтибай Султанович — ЖКнын эки чакырылышынын депутаты, 2008-2009-жылдары спикер, 2010-жылдын апрелине чейин Баткендин губернатору.

Нышанов Сайдилла Канболотович — ЖК депутаты.

Турсунбаев Азизбек Атакозуевич — ЖК депутаты.

Бурканов Арзыбек Орозматович — үчүнчү чакырылыштагы депутат. Баткендин мурдагы губернатору. 2015-жылы «Кыргызстан» партиясынын төрага орун басары болуп шайланган.

Марипов Асамидин — ЖКнын мурдагы депутаты, Ноокат аймактык оорукананын башчысы.

Жороев Канатбек Сангимаматович – классикалык күрөш боюнча чебер, «Сосновая роща» ЖЧКнын негиздөөчүсү.

Гаипкулов Искандер Торобаевич — депутат, Эсеп палатасынын мурдагы төрагасы.

Худайбергенова Бермет Мерлисовна — Кыргызстандын эл аралык университетинин мурдагы ректору.

Ырсалиев Жакыпбек Самарбекович — бир тууганы менен чогуу «Умар-Тренинг» ишканасын түзгөн. «ЭМАРА» курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Эки ишканада тең өнөктөштөр — арабдар. Бир тууганы Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышып өтпөй калган.

Рыскулов Мирлан Абдулазизович — “Mont Blanc”, “МИЛАН KГ” негиздөөчүлөрүнүн бири, 2016-жылкы шайлоодо «Өнүгүү-Кыргызстан» партиясынын мүчөсү.

Камчыбеков Кудайберген Мамбеталиевич — 2012-жылы Финполдогу ишке талапкер болгон.

Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна – вице-премьер министр.

Исаев Карим Маматович — «Таза коом» саясий партиясынын мүчөсү болгон. Анын уулу Тилектеш Исаев ЖКда депутат болгон.

Саралинов Мурат Насарбекович — мурдагы мамлекеттик жана коомдук ишмер. Кыргызстандын Олимпиада комитетинин экс-президенти.

Кабылов Сагынбек Төрөбекович – акушер-гинеколог, Москвадагы «ТриА-Мед» клиникасынын башчысы.

Маматаипова Айзада

Акматбеков Сулкарнай

Джумабеков Тенизбай Толомушевич

Акманова Гүлсара Керималиевна

Кадырдин уулу Ташали

Кыргызбаева Бактыгүл Асанакуновна

Осмоналиева Шамсинур

Бокоев Исак Мукамжанович

Аджиев Улан Темирбекович

Абдыралиев Түлөберди

Жумакеев Сыдык

Омаралиев Нурланбек Эргашевич

Соорбеков Куван Оморбекович

Мамакеева Гүлзат Бейшенбаевна

Байсеркеев Жакшылык Муратбекович

Асанакунова Мира Докдурбековна

Ахматбеков Болот Базылбекович

Чолоева Асель Нурлановна

Байсалова Назгүл Акыбековна

Ибраева Махабат Дүйшөковна

Эсенова Рахат Акимовна

Асанкадыр кызы Нуриза

Базаралиева Самара Керималиевна

Осмоналиев Мурат

Акматов Самат Арыстанович

Джакыпова Гүлнура Мустафаевна

Сатиев Фархад Ашымканович

Мурзаева Тургуниса жер тилкесин 2011-жылы сатуу-алуу келишиминин негизинде алган. Калгандары жерди мурдагы жылдары же 2006-жылдан кийин алган.

Сөз болуп жаткан 57 участоктун үчөөсүндө үйлөр тургузулган, дагы бир нече тилкеде пайдубалдар бар, калганы бош. «Кактус» журналисттери бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылып жооп ала алган эмес.

«Ататүрк» багынын аянты башында 107 гектарды түзсө, азыр эки эсе азайып кеткен. 2006-жылы башкы планда анын чеги гана аныкталбаса, түпкүлүгүндө бактын кызыл китеби жок.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *