Атка минер элден тизелеп кечирим сурады. Эл кол чапты

Орусиянын Кемерово облусунда өлгөндөрдүн саны 64 адамга жетти. Анын 41и он гүлүнүн бири ачыла элек балдар. Бул кырсыкка байланыштуу Кемероводо миңдеген эл митингге чыккан. Элдин алдына чыккан облустун вице-губернатору Сергей Цивилев элдин алдында тизелеп кечирим сураганын РИА Новости жазып чыкты. Атка минер: “айыпкер адам илгертен тизелеп кечирим сурап, күнөөсүн мойнуна алып келген”-деп айткан. Анын бул сөзүн эл кубаттоого алып, кол чапты. Атка минер деген өз күнөөсүн сезип, ушинтип кечирим сурашы керек.

Булак: “Багыт

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *