Аткарылбаган буйрук же мектептердеги акча чогултууну кантип токтотсо болот?

Сулайман Рысбаев, балдар жазуучусу, педагог: – Мунун көп себептери бар деп ойлойм. Мамлекет мектепти бүтүндөй толук каржылай албайт. 1. Ремонт, күн сайын тазалык, ички жабдуулар, кабинет түзүү, техникалык каражаттар менен камсыздоо, мектеп китепканасын мугалимге керектүү түрдүү адабияттар менен жабдуу, ички сакчыларды кармоо ж.б.

2. Мугалимдин айлыгы аз. Жакшы мугалимге кошумча жакшы айлык берүү.

3. Мектептин ички турмушундагы кооптогон уюштуруу иштери, маданий-массалык жумуштар… аларды өткөрүү ж.б.

Бирок ушулардын өзү да мектеп жетекчилерин эчактан бери жаман көндүрүп, акча чогултууга шылтоого шыноо болуп келатат. Алар учурда абдан өрчүп кетти. Ал тургай, чегине жетип отурат. Менчик мектеп болсо, бир жөн эле. Бул көрүнүш шаар мектептери үчүн көнүмүш, ал тургай мыйзамдуу күндөлүк адат болуп калды. Ага элдин баары көнүп, сураганын берип, кайдыгерликке айланды. Министрликтин колунан бир тыйын эмес, оозунан бир ооз сөз да келбей калды. Жалган, аткарылбаган буйруктарын чыгарып коюп кутулуп отура берет. Мунун өзүндө мектепте, анын Жетекчилигинде гана эмес, ата-энелердин өзүндө да көп мандемдер жатканын билгизгенсийт. Ал эми айыл мектептеринде бир айда 500 сом эмес, 50 сом жыйнай албайт. Анткени эл бербейт, мектеп жетекчилери сурай албайт. Кайдыгер эмес. Уят деген бар. Бул иштерге азыр мамлекетибиз дагы кайдыгер карап жатат. Эгер мектепти жогоркудай талаптардан кем кылбай каржылай турган болсо, кошумча. Аны азыр мамлекет бере албайт. Ошондуктан «жер ээн болсо, суур дөбөгө чыгат” болуп атат.

Алмазбек Акматалиев, талдоочу: – Мектеп фонддору бир гана шартга токтошу мүмкүн: эгер мамлекет мектептин муктаждыктарын толугу менен жапса. Тилекке каршы, мамлекеттин дарамети ага жете элек! Ошол үчүн жакынкы келечекте фонддор иштей берет. Аны мамлекет көзөмөлгө алыш керек, ал чогултуулар расмий болушу зарыл, казначейство аркылуу өтүш керек, аны укук коргоо органдары, Эсеп Палатасы текшерүүгө алып туруш керек. Өкмөт көрмөксөнгө албай, акча чогултулбасын деген буйрук чыгаргандан көрө ал Фонддорго директорлор жеке жооп берет деш керек. Ал фонддордун акча чогултуу, бөлүштүрүү, төлөө механизмдери аныкталып, бекитилиш керек. Азыркы бүдөмүк ахвал ыплас директорлор үчүн ыңгайлуу, толук көзөмөл жана жоопкерчилик жок. Канча чогулуп, сарпталып жатканы боюнча эч статистика жок.

Ташболот Балбатаев, коомдук ишмер: Мектептердеги акча чогулбай калыш үчүн мамлекет мектептердин муктаждыгын карап, керектөөсүн камсыз кылып турса. Тыюу салса эле токтоп калса Акайыптын заманында эле коррупция жоголуп, азыркы бийлик жумушсуз калмак экен да. Азыр эл бийликтин бир сөзүнө да ишенбей калган. Айта беришет, буйрук, мыйзамдарын чыгара беришет, же аларын көзөмөлдөп так аткарышпайт.

Абдывахаб нурбаев, ЖКнын депутаты: – Акчаны ата-энелер чогулткандан кийин өздөрү сарпталышын да көзөмөлдөп турушу керек. Ал акчаны чогултуш же чогултпашты ата-энелер чечиш керек. Бардыгы милдеттүү түрдө эмес, ыктыярдуу түрдө болушу керек. Мисалы менин балдарым окуган мектепте алган акчага квитанция беришет, анан кайда сарпталганын да айтып турушат. Ушундай болушун ата-эне өзү көзөмөлдөп турушу керек.

Гүлмира Шаршеева

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *