“Атын Шабдан койсо да, Асили туулбас сендей эр…”

Шабдан баатырдын ашы

Ал жерде турган чиновниктер, көпөстөр, аскер адамдары сый тамак менен берилген ичкиликке бир аз кызып алышып, жергиликтүүлөрдү теңине албай, сөөлөттөнө басып-турушуп, баш байгени орустар байгеге кошкон таза кандуу күлүктөр алат деп дуулдап турушкан. Бирок, Токмоктун үстү жагындагы Толубай-Коргондон коё берилген ат Боролдойго, 38 чакырым (45,6 км) аралыкты бир жарым саатта басып, Пишпек уездинин Талканчы болушундагы Борончу Өтөгөн уулунун күлүгү марага биринчи болуп келген. Андан 3 минут 40 секунддан кийин 8 ат марага жеткен. Борончунун күлүгүнөн кийин төрт жарым минут өткөндөн соң, онунчу болуп Альметьевдин Жакериясы келип, 50 рубль байгеге араң илинген. Ал эми Бычковдун Жучка деген күлүгү марага жетпей, шайы кетип, чабыштан чыгып, ат чабыш тарагандан кийин келген.

Ал эми биринчи, экинчи күнү өткөрүлгөн ат чабышка түшкөн таза кандуу англис тукумундагы Заза, Лира жана Жан сыяктуу атактуу күлүктөр да байгеге жетпей, кыргыздардын күлүктөрү ээлеп кеткен эле. Баягы менменсиген төрөлөрдүн маанайы басылып, мурдагы, кечээки күндөрдөгү көргөн ызасы аз келгенсип, бүгүнкү чечүүчү күндөгү намысты алдырып жибергендиктерине ичи ачышьш, бирин-бири сүйүнкүрөбөй, өңдөрүн бузушуп, конок үй тарапка бет алышкан.

Ошентип бийик тоолуу жерлерде туулуп, жайлоонун дүйүм түркүн чөбүн жеп, кылымдар бою жаткан аппак мөңгүдөн агып чыгып, таштан ташка урунуп-бышылып, шаркырап аккан тунук суусунан ичип чоңойгон кыргыз тукумундагы аттар, таасын саяпкерлердин колунан табына келип, өздөрүнүн чыдамдуулугун, карылуулугун, арыштуулугун дагы бир жолу далилдеп, келгиндерге намысты бербей сактап калган.

Аштагы эр сайыш келгендердин, өзгөчө башка жактан келген орус төрөлөрүнүн эсинен кеткис болгон. Аксакал менен Жусуп найзаларын бири-бирине мээлеп, аттарына камчы үстүнө камчы уруп, жебедей сызып, качырып келе жатканда айрымдарынын чыдамы кетип, көздөрүн жуумп жибергендер да болуптур. Европада орто кылымдагы рыцарлардын ат үстүндөгү мелдешин угуп жүргөндөр, бул жерде өтүп жаткан эр сайыштын өзгөчөлүгүнө таң калышкан. Эрдин эри, баатырдын баатыры, жүрөктүүнүн жүрөктүүсү, айлакердин айлакери чыгып, бери дегенде найзакердин биринин, айрым учурда экөөнүн тең өлүмү менен бүткөн мындай эр сайышты мындан ары өткөрбөй эле коюшса деген ойдо калышкан.

Баатырдын тукумдары

Кыргыздын манаптары укум-тукумунун келечегин ойлоп, алардын жакшы чыгышы үчүн кам көрүшүп, орундуу, белдүү жерге куда түшүп, балдарына тектүү жерден кыз алып берүүгө аракет жасашкан. Бул аракеттер уруулар менен уруулардын карым-катышын улап, ынтымагын оңдоп, биримдигин бекемдеп, улуттун генофондун жакшырткан. Жети ата өтпөгөн жерден кыз алышкан эмес. Ошондой эле жети атасын билбегенди «кул» деп намысына тийишкен. Ошону менен бирге келин алуу, кыз берүүнүн кылымдардан бери келе жаткан өзүнчө шаан-шөкөтү, жакшы жөрөлгөлөрү болгон.

Кийин улгайып калганда тели-теңтуштары баатырга суроо салган экен:

– Баатыр, сиз бу биздин кыргыз-казакка эле таанымал адам эмессиз. Сиздин атагыңыз тыягы Орусияга, быягы Кытайга, тыягы Түркияга чейин кеткен. Бардык жерде сизди урматтап, сыйлап турушат. Мунун сыры эмнеде?

Баатыр аларга мындай деп жооп берген экен:

– Мен эч кимдин көңүлүн калтырган жокмун, экинчиден мен адамдарды кечире билчүмүн.

Андан соң баатыр көпкө ойлонуп туруп:

– Эң негизгиси, мен өзүмдүн ак никелүү аялдарымдын астында ала жипти аттаган жокмун, – деп жооп берген экен.

Ал кездеги европа маданияты менен азбы-көппү тааныша баштаган, оокаты, байлыгы жетиштүү, келгиндер менен мамиле түзүп, соода-сатык менен аракеттенген айрым адамдар арактын азгырыгына кирип, тамекинин уулу түтүнүнө жетеленип, улуттун кендирин кесе турган жаман адатка бет алышкандары болуптур. Ал эми баатыр мындай жагымсыз адаттан алысыраак болуп, өмүрүндө тамеки тартып, ичкилик ичпептир.

– Манаптык мени менен жок болот, андан көрө жер айдап, дыйкан болгула, бир кесипке ээ болуп, үй-бүлөңөрдү адал эмгек менен баккыла, – деп улуу уулу Мөкүшкө асыл тукум жылкы өстүргөндү, Самүдүнгө бак-дарак, алма, өрүк отургузганды үйрөтүп, дыйканчылыкка, Никольск деген балчы орусту алып келип, Кемелди бал челек кармаганга үйрөттүрүп, Аманды булгаары иштеткенге багыт берип, ага булгаары завод салып берип, ишкерликке көндүргөн экен. Улуу уулу Солтонбай өз оокатына тың, бирөөлөрдүн жашоосуна кийлигишпеген, момун адам болуптур.

Шабдан баатыр төрт аял алыптыр. Биринчи аялы Бак солто Жангарач бийдин кызы болгон. Андан Солтонбай, Солтонбайдан Майлыш.

Экинчи аялы таластык саруу уруусунан Качыке бийдин кызы Шааке байбиче, ал киши Меккеге барып келиптир. Ошого байланыштуу эл анын атынан айтпай, «Ажы байбиче» деп сый-урмат менен мамиле кылышчу экен. Шааке энеден Мөкүш, Кемел.

Мөкүш 1875-жылы төрөлгөн. Ал киши беш аял алып, алардан Ажыйман, Жамалбек, Асанбек, Ормонбек, Назарбек, Аршидин, Эдилбек деген жети уул көргөн. Атасы улгайып калгандан кийин бийлик Мөкүшкө өтүп, Сарыбагыш болуштугуна болуш болуп шайланган. 1939-жылы түрмөдө каза болуп, сөөгү Оштогу Сулайман тоосунун жанындагы бейитке коюлган.

Кемел 1882-жылы төрөлгөн. Орусча билим алып, Верный шаарындагы гимназияда окуган. Үркүндүн астында Сарыбагыш болуштугунда болуш болгон. 1946-1947-ж.ж. Мекеге ажылыкка барып келген. 1948-жылы каза болгон. Биринчи аялы Калипадан Ажы-кабыл, экинчи аялы Токтондон Мамбетказы деген уул көрөт.

Баатырдын үчүнчү зайыбы кочкорлук сарыбагыштардын кызы Султан байбичеден Самүдүн. Ал 1876-жылы төрөлгөн. Ал деле бир туугандары көргөн күндү көрүп, бийликтин запкысын тарткан. Түрмөдөгү кыйноо-кыстоодон ден соолугунан ажырап, оорусуна байланыштуу 1939-жылы түрмөдөн бошонуп келип, 1942-жылы каза болот. Самүдүндүн экинчи аялы Зубайылдадан Мажит, Абдыламит. Үчүнчү аялы Салимадан Акматбек. Бешинчи аялы Бурулкандан Абдылдабек, Жусупбек. Кийинки аялдарынан Анварбек, Үсөн, Жагангир, Рамазан деген балдары болгон.

Баатырдын төртүнчү зайыбы, Намангандык кожонун тукуму Насирдиндин кызы Мөөркандан Аман. Ал 1883-жылы төрөлүп, 1942-жылы каза болгон. Агалары эртерээк жетилип, ат жалын мурда тартып минип, бийликке мурда аралашып калгандыгына байланыштуу, Аман жөнүндө маалымат жокко эсе. Ал деле агалары көргөн жашоонун ыракатын көрүп, азап-тозогун бирге тартышкан.

Санжырачы Эсенкул Төрөкан уулунун санжырасына караганда Шабдан баатырдьга элге ачык айтылбаган дагы эки аялы болгон экен. Анын бирөө Ормон кандын уулу Үмөтаалынын кызы Үпөл. Андан Нажимүдүн төрөлөт. Экинчиси кокондук Ашымкандын Кушбегинин кызы Айымкан. Мындан Абдылас төрөлөт. Ошентип Шабдан баатыр алты аял алып, алардан жети балалуу болгон экен.

1911-жылы Токмокто бир соодагер адам киши колдуу болуп өлгөн экен. Ошого байланыштуу жалаа менен Мөкүштү убактылуу түрмөгө отургузушат. Болуш болуп жүргөн иниси болуштуктан четтетилет. Сотто жалаалар далилденбегендиктен, Мөкүш акталып чыгат. Бирок анын укуктары толугу менен калыбына келген эмес, инисине кызматы кайтарылып берилбей, болуштукка башка адам дайындалып калат. Анын ордуна Верныйдан келген Алпысбаев болуш болгондон кийин Шабдандын көрсөткөн сый-урматын четке кагып, ага жана анын балдарына тескери мамиле кыла баштайт. Алардын үстүнөн «буларда курал-жарак катылуу» деген, ж.б. ушу сыяктуу ушактарды таратып, жогору жактарга билдирип, сурак үстүнө сурак болуп, айылдын, үй-бүлөнүн тынчы кетет.

Жаңы болуштун жердиги түз эмес, жүрүм-туруму шойкомдуу болсо керек, согуш губернаторунун буйругу менен бат эле кызматынан четтетилип, өзү бир жылга түрмөгө отургузулат.

Мына ушулардын баары Шабдандын мурдагы эмгектери эске алынбай, калк алдында
кадыр-баркынын түшө башташы, Шабдандын жана анын балдарынын падышачылык бийликке болгон нааразычылыгын күчөтүп, ичтеринде жек көрүү сезимдери пайда болот.

Шабдандын төрт баласы тең 1916-жылдагы Улуу көтөрүлүшкө (Үркүнгө) активдүү катышышкан. Улуу уулу Мөкүш көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири болгон. Шабдандын аталаш тууганы Төлө ажынын уулу Ыбырайым менен бирге Кытайга качкан элди жазалоочу отряддан коргоп, чек арадан аман алып өтүшкөн, ал жакта 1922-жылга чейин болушуп, андан соң элине кайтышат. Бирок кеңеш өкмөтүнүн убагында баатырдын тукумдарына тынчтык болбой, куугунтукталып, сүрүлүп жүрүшөт. 1926-1927-жылдары Оролго үй-бүлөлөрү менен сүргүнгө айдалып, 1932-1933-жылдары кайтышат.

Шабдандын неберелери: Мөкүштүн уулу Эдилбек; Самүдүндүн уулдары – Абдыламит, Анварбек; Кемелдин уулу Мамбетказы; Амандын уулдары – Малик, Казыбек Улуу Ата Мекендик согушта курман болушкан.

Шабдандын укум-тукумдарынан билимдүү, мыкты чыккан адамдар болгон. Бирок совет бийлигинин убагында куугунтукталып, сүрүлүп, бир топ запкы көрүшүп, кызматтан көтөрүлө албай, илим-билимин өркүндөтө албай, басмырлоого дуушар болушкан.

Мөкүштүн 1905-жылы туулган Ажыйман деген уулу Алма-Атадан педтехникумду бүтүп келип, илимий кызматкер болуп иштеп жүргөн. 1933-жылы Социал-Туран партиясынын (СТП) ишине байланыштуу 23 адам камакка алынат. Ажыйманды 1932-жылдын 20-декабрында Чыгыш Памирдин Мургаб деген кыштагынан кармап, Ташкентке алып келишет. Соту Фрунзеде болуп, СТПга байланыштуу камалгандарга 1934-жылдын 28-февралында өкүм угузулат. СТПнын активисттеринин бири деп табылып, ОГПУнун коллегиясы Ажыйманды атууга өкүм кылат. Өкүм токтоосуз аткарылат. Ал эми СТПга байланыштуу камалган нечен кыргыздын мыкты уулдары ар кандай мөөнөттөргө кесилишет. Алардын арасында беш жылга кесилген Кемел Шабданов да болгон.

Кемелдин уулу Ажыкабыл, Самүдүндүн уулу Абдылдабек (Тайкүрөңов) учурунда жетиштүү билим алышып, эл үчүн кызмат кыла турган болгондо, мүмкүнчүлүктөрү ачылбай, куугун-сүргүндө болушуп, камалып да кетишкен.

Жыйынтыктап айтканда Шабдан баатырдын жети баласынан жыйырма жети уул төрөлүптүр.

Шабдан баатыр басма сөздө

Шабдан баатыр жөнүндө нечен аңыз сөздөр айтылып, ооздон оозго өтүп, санжырачылар санжырага айландырышкан. Замандашы Калмурза Баатыр Меккеге баратканда минтип ырдаган экен:

«Ак боз бээни сойсо да,

Атын Шабдан койсо да,

Асили туулбас сендей эр,

Аман барып, аман кел!»

Өзүнүн көзүн көрүп, сөзүн угуп калган Осмонаалы Сыдык уулу,«Кыргыз, Шабдан тарыхын» жана «Шабдан казалын», Сабыр Габдельманов араб тамгасы менен татар тилинде «Тянь-Шань тоосунун терең өзөндөрүнөн» деген эмгекти жазган. Кыргыз эл акыны Насирдин Байтемиров «Шабдан» дастанын, уулу Кемел, чөбүрөсү Жаңыл Абдылдабек кызы тарабынан эскерүүлөр жазылып, басма сөз беттерине жарыяланган. Баатыр жөнүндө кийин да бир топ эскерүүлөр жазылган. Жазуучу Ж. Токтоналиев «Шабдан» романын китеп кылып чыгарган.

Бактыбек Максүтов, Легендарлуу парламенттин депутаты, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Булак: «Кыргыз туусу»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *