Аваз Акимов Айдана Деканын колун сурады

Кыргыз эстрадасында дагы бир түгөй пайда болду. Белгилүү ырчы Аваз Акимов Айдана Деканын колун сурады.

Кечээ, 14-февралда сүйүшкөндөр күнүнө карата Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Аваз Акимов менен Айдана Деканын концерти болду.

Концерттин соңунда Аваз кучак толгон гүл менен күтүүсүз жерден сахнага чыгып Айдананын колун сурады. Айдана Аваздын сунушуна “ооба” деп жооп берди.

Эми көпчүлүк күйөрмандарга эки ырчынын тою качан болоору кызык?

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *