Австралияда океан жээгинен бир шумдук жандыкты таап алышты

Австралиянын Квинсленд штатытын тургуну океандын жээгинен бир башкача жандыкты таап алып, “Бул эмне?” – деп башы катат. Караса, мындай жандыктар жээкте оголе көп экен. Окумуштуулар келип, аны Anaspidea моллюскунун бир түрү дешкен. Латынча аталышы – lepus marinus, “деңиз коену” деп которулат. Узунжугу 75 см болуп, салмагы 14 килого жетет. Бул жандыктар тээ Рим империясынын тушунда эле белгилүү болгон. Терсинен уу чыгып, жырткычтарга жем болбойт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *