Австриянын парламенти канцлер Себастьян Курцтун өкмөтүнө ишенбестик көрсөттү

Австриянын улуттук кеңеши өлкөнүн канцлери Себастьян Курцка жана анын өкмөтүнө толук ишенбестик көрсөттү.

AFP агенттиги белгилегендей, бул өлкө тарыхындагы эң алгачкы ушундай добуш берүү болду. Өкмөткө ишенбестик көрсөтүү үчүн парламенттин төмөнкү палатасындагы оппозициялык партиялар добуш беришти.

Бир жума мурда Австрияда башкаруучу коалция ыдыраган. 20-майда Себастьян Курц өлкөнүн ички иштер министри Херберт Кикль кызматтан кеткенин жарыялаган. Анын артынан өкмөттөгү бардык оңчул партиянын мүчөлөрү болгон министрлер дагы кеткен.

Бул саясий кризис вице-канцлер Хайнц-Кристиан Штрахе катышкан видео тасмага байланыштуу чыккан.

17-майда тараган тасмада вице-канцлер Штрахе Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын олигарх Игорь Макаровдун тууганы делген аял менен жолугуп, анда эгер шайлоону каржыласа, кийин Австрия өкмөтү аларга бир топ кирешелүү бизнес келишимдерди бериши мүмкүн деген өңүттө сөз болгон.

Видео 2017-жылдагы Австриядагы парламенттик шайлоонун алдында тартылганы белгилүү болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *