Азамат Шаршенов, кинорежиссер: “Кыргыз кинематографиясында биринчи болуп “Мурас” аттуу триллер тарттым”

Үстүбүздөгү жылдын 18-апрель күнү «МУРАС» аттуу биринни кыргыз триллери жарык көрөт! Сюжетте жаш үй-бүлөнүн оош-кыйыш турмушу баяндалат. Баш каармандын келинчеги чет жакка иштөө үчүн кетүүгө аргасыз болот. Күйөөсү арзаныраак батир табыш керек болуп, бир кемпирдин эски үйүн табат. Үй арзан, тынч сезилет. Бирок, кошуналары белгисиз бир себептерден улам кайып болуп турат.

Улуу ата мекендик согуш, сулуу кыз, адамдардын баш сөөгү, тигүүчү чакан цех, ысык үтүк, ток менен жүрүүчү коляска, даамдуу тамак, табышмактуу кемпир, мына ушунун баары «Мурас» тасмасы көрүүчүлөрдү жүрөк титиреткен абалда кармап турат…

– Азамат, кино сен үчүн?..

– Мен үчүн ардактуу кесип. Киного тартылуу, кино тартуу – мага жаккан жумуш. Кино -менин жашоом…

– Съемка учурунда эмоцияга алдырып, сөгүнүп-сагынып кеткен учурлар болобу?

– Эмоцияларымды ката албайм, меники дароо чыгат. Өзүм жумшак адаммын, бирок ачуум келген учурда чыгып кетет. Муну мен кемчилик катары деле көрбөйм.

– «Максат» деп кеттиң, максатка жетүү үчүн эмне керек, көкбеттик, иштермандык?..

– Көздөгөн максатка жетүү үчүн бир чака эмгек, бир тамчы талант керек. Куру кыял менен жүргөн адам эмесмин. Кээ бир адамдар «буга жетпей калсам тиги бар, тигиге жетпей калсам ошол бар» дешип, «эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ачкадан өлүптүр» болуп, жайбаракат жүрө беришет. Адам бир максатты көздөп, ошого жетүү үчүн болгон күч аракетин жумшаш керек, ошондо гана көздөгөн максатыңа жетесиң, жетпей койбойсуң.

– «Мурас» тасмасында тарыхтын учкай барактары камтылыптыр, бу да бекеринен эместир?

– Мектепте окуп жүргөндө тарых сабагын жакшы көрүп, ар дайым «5» деген баага окутам. Мунун таасири менен «Мурас» тасмасына кичине болсо да Ата мекендик согушту чагылдырып кетейин дедим. Азыркы жаштар улуу согуш жөнүндө түшүнүктөрү жок экенин байкайм. Биздин ата-бабаларыбыз басып өткөн кандуу жолду эч качан унутпашыбыз керек. Эгемендик алгандан бери кыргыз киносунда бул жагдайды чагылдырган эч бир кино тартылбады. Биринчилерден болуп башбагып отурам.

– Бул ишти улайсыңбы анан?

– Улуу Ата мекендик согуш жөнүндө тарыхый тасма тартайын деген ойлор бар. Дайыр Асанов, Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиевдердин эрдиктери жөнүндө тарткым келет, ошондой ой максаттарым жок эмес.

– «Мурас» тасмасын тартууда кадрдан сырткары кызыктуу окуялар болгондур…

– Андайлар көп эле болду. Тасмадагы лөкүйгөн ит биздин жумушубузга абдан чоң таасирин тийгизип атты. Ит экенине карабай маанайына жараша съемка кылабыз. Командабыз менен итгин маанайын көтөргөнгө аракет кылып, өзүбүз ит болуп кетип аттык. Көзү салаңдап турганда жанына эч жолобойбуз, жолодуң дегиче ит кыялын көргөзүп, ишти токтотуп коёт, анан салаңдаган көзү көтөрүлгүчө күтөбүз.

– Комедияга басым кылчу элең?..

– Ооба, комедия тарттым, драма тарттым, триллер тарттым. Эми мелодрама же мюзикл тартууну көздөп атам, бүгүн-эртең эс алам. Бүрсүгүнү жаңы кино жөнүндө ойлоно баштайм. Бир орунда турганга убакыт жок.

– Кайсынысы кыйын экен, актёрлукпу же режиссёрлукпу?

– Мен үчүн экөө тең кыйын, оңой-олтоң эч нерсе жок окшойт. Болгону жоопкерчиликтери экөөнүкү эки башка…

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *