Азамат Темиркулов, саясый илимдердин доктору: “Багбанчылыкты өнүктүрсөк, биз менен Казакстан да, Өзбекстан да атаандаша албайт”

27-апрелде Бээжинде «Бир алкак – бир жол» экинчи форумү болуп өттү. Биздин өлкөнүн президенти Сооронбай Жээнбеков да катышып кайтты. Буга чейин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин бул демилгенин алкагында Жибек Жолунун боюнда өнүгүп келаткан өлкөлөргө 1 миллиарддаган доллар жардам берилерин айткан. Берилип да келет. Бирок бул мүмкунчүлүктү биздин өлкө ойдогудай колдоно албай жатканын серепчилерибиз белгилеп келет. Саясый илимдердин доктору Азамат Темиркуловго бул тууралуу суроо узаттык.

– «Бир алкак – бир жол» долбоорунун экинчи форуму болду. Сиз бул форумга кандай баа бересиз?

– Ооба, «Бир алкак – бир жол» форуму экинчи жолу болуп жатат. Анда жыйырма жети өлкөнүн башчылары катышкан. Азыр болсо алардын саны көбөйүп, отуз тогуз мамлекетке чыкты. Отуз тогуз мамлекеттин башчылары, президенттери, премьер-министрлери келип катышышты. Андан сырткары, БУУнун жетекчиси Антониу Гутерреш өзү, андан тышкары, эл аралык валюталар фондусунун жетекчиси да катышты. Бул эмнени билдирет? Биринчиден, форумдун, долбоордун статусу көтөрүлүп, ушунча өлкө бул долбоорго кызыгууда. БУУнун башчылары өздөрү ынтызар болуп келип жатышат. Эмне үчүн бул долбоордун деңгээли көтөрүлүүдө? Менин оюм боюнча биринчиден, Кытайдын кылган иштери себепкер болуп жатат. 2017-жылдан бери, биринчи форум бүткөндөн бери экинчи форумга чейин Кытай көп жумуш аткарды. Жөн гана куру сөз эмес, кагаз жүзүндө эмес, чыныгы реалдуу жумуштар аткарылган. 100 млрд. доллардан ашык инвестиция кылып, атайын банктарды, уюмдарды ачып, долбоорлорду аткарып, темир жолдорду, унаа жолдорун куруп жатышат. Ошонун себебинен бул долбоордун деңгээли өсүүдө. Ишеним жогорулап баратат.

– «Бир алкак – бир жол» долбоорунун биздин өлкөгө кандай жардамы тийди?

– Элден мурун кошуна өлкөлөр менен салыштырып көрөлү. Казакстанды карап көрсөк, акыркы он жыл ичинде 30 млрд. доллар транспорттук инфраструктурасына инвестиция алды. Үч миң километр темир жол, дагы 12 жарым миң километр унаа жолдорун курушту. Максатка жетүүгө катуу аракеттер болууда. Кытай менен транспорттук коридорлорду көбөйтүп, алар менен тыгыз иштешүүгө максат коюшту. Себеби, Казакстандын экспортко чыгара турган товарлары бар. Булардын нефтиси, газы бар. Ар кандай тендердин продукцияларын да чыгара алышат. Буудайды экспортко чыгарышууда. Булардын айыл чарбага арналган жерлери 222 млн. гектар болуп жатат. Демек, продукциянын көлөмү бар. Ошону экспортко чыгарууга жол табышты. Бизде болсо территориябыздын 94%ы тоо. Темир жол же унаа жолдорун куралы десек, тоолордун баарын тешип, тоннелдерди куруу зарыл. Көпүрө салыш керек. Сууларыбыз да бар. Казакстанга окшоп канча миң километр темир жол, унаа жолдорду сала албайбыз. Бизге бир эле ушул багыт: «Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан» ушул жолду салып алсак абдан сонун болмок. Биринчиден, транзит. Транзит үчүн ар бир километрден акча түшүп турмак. Кытайдан бара жаткан товарлар өткөн сайын бюджетке акча алынмак. Экинчиден, өзүбүздүн товарларыбызды экспортко чыгарса болмок. Кытайга же Батышка. Бирок, тилекке каршы, бизде көлөмү көп товарлар жок болууда. Менин оюмча, биз багбанчылыкты өнүктүрсөк, бул жагынан биз менен Казакстан дагы, Өзбекстан дагы атаандаша албайт. Ошон үчүн бул уникалдуу, эксклюзивдүү азык болот эле. Ошондо биз экологиялык таза азыктарды Кытай болобу, Азия болобу, Батыш жак болобу, ошол тараптарга алып чыксак, экономикалык чоң жеңиш болмок.

– Биздин тышкы карызыбыздын көпчүлүгү Кытайга болуп жатат. Дагы инвестиция тартуу кооптуу эмеспи?

– Кандай инвестиция алсак болот? «Бир алкак – бир жол» бул Кытайдын өздөрүнүн долбоору. Алар аракетинин баарын долбоорду аткарганга жумшап келишет. Акча дагы, билимдерин дагы аяшкан жок. Ошол долбоорго катышып, темир жол курганга макул болсок, анда албетте, бизге зыян алып келбейт. Киреше алып келмек. Биз алардан кредит алып, анан өз кызыкчылыгыбызга жумшасак, аларга карыз болуп калабыз. Ал карызды кайра бериш керек. Булардын өздөрүнүн долбооруна катышсак, анда ар кандай жолдор бар. Темир жолду чогуу иштетип, пайдасын чогуу көрүү шарты менен курулса, эч кандай коркунуч жок. Экономиканы көтөрсөк, карыздан да кутулабыз.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *