Азамат Темиркулов, саясый илимдердин доктору: “Миллиард долларлар агылып келчү жолдор”

«Бүгүн биригишибиз керек» деп жатабыз. Кайрадан эле «кетсин» дегенден эч натыйжа чыкпайт. Бир жакшы идеянын тегерегинде биригишибиз керек. 28 жыл бою ар кандай идеялар сунушталды, «Кыргызстандын локомотиви – айыл чарба» деген кепти уктук. Бирок карап көрсөңөр, биздин аймактын 95%ын тоолор түзөт. Климаты жер айдоого ылайыкташкан эмес. Жер айдоо 5%ды гана түзөт.

Бизде 1 млн. 200 гектар айдоо жер бар. Өзбекстанда 27 млн. гектар, Казакстанда 222 млн. гектар айдоо жерлери бар. Биз эмне кылсак деле булар бизди көлөм менен алып коюп жатышат. Аларга атаандашабыз деп жерибизди химикаттарга тойгузуп жатып, азыр 70% айдоо жерибиз деградация болуп бүттү. Андан тышкары, «Кыргызстан транспорттук хаб болуп, Европа менен Азиянын ортосунда көпүрө» деген сөздөрдү угуп жүрдүк. Бирок, кайра эле территориябызды карасак, тоолорду кайытка айландырып, тоолорду тешип, темир жол, унаа жолдорун салышыбыз керек. Бул өтө татаал жумуш.

«Кыргызстанга инвесторлорду тартып, индустриалдык борбор болуш керек» деген кептер айтылды. Бирок, азыр ХХI кылым эмеспи, индустриалдык кылым артта калган. Ал өткөн заман. Кетип калган поезддин артынан чуркап эмне кереги бар? Андан тышкары, индустрия – рыногу чоң, эли көп өлкөлөрдө өнүгөт. Биздин базарларыбыз тар, болгону 6 млн. эле адамбыз. Тегеректин баары тоо. Анан индустриалдык кол бизде кантип өнүгөт? Ошондо биз эмне кылышыбыз керек (?) деген суроо жаралат.

Биринчиден, башка өлкөлөрдү туурабашыбыз керек. Биз өзүбүздүн артыкчылыгыбызды түшүнүп, ошолорду туура пайдаланышыбыз шарт. Биздин артыкчылыгыбыз – таза суу, таза аба, таза табигат. XXI кылымда нефть, заводдору бар өлкөлөр бай эмес, таза суу, газа абасы бар өлкөлөр бай өлкөлөрдүн катарына кирет. Анын баары бизде бар: А биз болсо өзүбүздүн артыкчылыгыбызды жокко чыгарып жатабыз. 95% тоолор ээлеген жерде бир эле мал чарбачылыгы өнүгүүдө. Ал да сапаттуу эмес, б.а. асыл тукум малдар эмес. Жайыт боюнча эч бир системаны колдонбойбуз, нормасын кармабайбыз. Ошон үчүн 70% жерибиз деградация болуп, арыктап бүттү. Ошондуктан жайыт жерлерге ыраазы болбой, токойлорго айдап киришүүдө. Учурда токойлорубузда эч бир жаңы көчөттөр отургузулган жок. Баары кыйылып жок болуп баратат. Токой – климаттын эң негизги регулятору, ал абанын температурасын төмөндөтөт. Биз туура эмес экономикалык жол менен табигатыбызды, токоюбузду жокко чыгарып, анын кесепетинен мөңгүлөр эрүүдө. Ошондо бизге кандай модель керек?

Биринчиден, мал чарбачылыгын жакшыртып, көбөйтүү зарыл. Мындан аз чыгымдар менен сапаттуу азыктарды алууга болот. Малды системалык принциптер менен багуу керек. Божомолдоп санаганда асыл тукумдуу мал чарба бизге 2 млрд. доллардан ашык киреше алып келе алат. Андан тышкары, альтернативалуу экономикалык иш-чараларды иштеп чыгуу керек. Мисалы, жасалма көлмөлөргө балык өстүрүү, деградация болгон жерлерде багбанчылыкты өнүктүрүү ж.б. Алма, алча, кара өрүк ж.б. өстүрсөк, экологиялык таза азыктар болот. Биздин тоолор бир грамм дагы химикаттарды көргөн эмес, ал жактарда аба, суусу эң таза.

Багбанчылыкты өнүктүрүүнү алдын ала эсептесек, 5 млрд. долларга чейинки киреше алып келе алат. Мындан тышкары, тоолорго жасалма токой өстүрсө болот. Бул жергиликтүү элге дары чөптөрдү, козу карын, бал ж.б. азыктарды сатуусуна мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле жыгач материалдарын алсак, жыгачка болгон көз карандылык азаят. Үчүнчүдөн, кооз пейзаж, таза аба, таза минералдык суулар, чөптөр жана жыл бою туризмди өнүктүрүүчү зарыл мүмкүнчүлүктөр бар. Курортторду ачуу үчүн чет өлкөлөрдөн инвесторлорду тартуубуз зарыл. Ошондо 2050-жылдары өлкөбүз медициналык туризмдин жана тоо спортунун борборуна айланып калат. Дүйнөдөгү эң кирешелүү тармак болгон туризм бизге жылына 20 млрд. долларга чейин киреше алып келет. Төртүнчүдөн, чакан гидроэлектр ишканаларын ачууга түрткү беришибиз керек. Кыргызстандан жылына 7 млн. тоннадан ашык мал калдыктары чыгат. Мындан биогаз чыгаруучу жабдыктардын жардамы менен бир тонна кубдан 30 куб/тонна газ чыгарса болот. Андан чыккан калдыктарды жер семирткич катары колдонсок болот. Биогаз газдын жетүүсү кыйын болгон жерлерди арзан газ менен камсыз кылат. Мунун баары биздин колубуздан келет. Бизге мындан башка жол жок. Өлкөбүздү өнүктүрүп, чогуу ийгиликке жетели.

Азамат Темиркулов, саясый илимдердин доктору

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *