Азандын үнү депутатты кыжаалат кылуудабы?

Жогорку Кеңештин жыйынында “Республика – Ата-Журт” фракциясынан депутат Болотбек Ибраимжанов түнкү жана таңкы намаз учурунда айтылган азан коомчулуктун уйкусун бузуп жатканын айтып чыкты.  “Кечки саат 11ден эртең мененки саат 7ге чейин коомчулуктун тынчын алууга тыюу салынат. Бирок бизде үн күчөткүчтө чыккан азандын кубаты 140 дцга чейин жетип жатат. Муну экотехинспекция көзөмөлгө алуусу шарт. Ошондой эле ресторан, кафелерден чыккан музыканын үнүнө дагы кечкисин тыюу салбасак, балдар сабак окубай эле ырлардын репертуарларын жаттап бүттү” деди. Эл өкүлүнүн бул оюна коомчулук кандай пикирде убагы келгенде билинээр. Ал эми биз айрым аты таанымал адамдардын,  депутаттын кесиптештеринин жеке пикирлерин сурап көрдүк.

Анвар Артыков,  ЖКнын депутаты:

  • Азан – ислам дининин атрибуту. Мен азандын коомчулукка, элге угула жаңырып айтылышына каршы эмесмин. Депутаттын бул көтөрүп чыккан маселесине макул эмесмин.

Асан Жакшылыков, акын, жазуучу, драматург, коомдук ишмер:

  • Азан айтуунун, аны угуунун терс жагын издөө туура эмес. Кеп уйкудан ойготуу жөнүндө болуп жатса анда эрте ойготкондун, ар күнү таңда эрте туруп күндү тосуп, жакшылык тиленүүнүн жаман жагы болбосо керек!

Улукбек Кочкоров, экс депутат:

  • Бул билдирүүсү менен депутат динден да, элден да алыс экенин билдирип койду. Себеби ушул күндө куптанга азан саат 20.00, ал эми багымдатка таңкы саат 6ларда айтылат. Депутаттарга эмне болгонун түшүнбөй да калдым. Биринен өтүп бири таң калтырууда. Жарыша ойлонулбаган билдирүүлөрдү жасап жатышат.

Жыргалбек Саматов, ЖКнын депутаты:

  • Оо, Жараткан Аллахым, өз пенделериңдин күнөөлөрүн өзүң кечир! Ыйманга чакырып жаткан азандын кандай зыяны бар? Түнкү клубдарда ызы-чуу болуп жаткан жагдайларды эмне үчүн айтпайбыз? Азанды мусулман угуп, намаз окуп ыйманга келет. Ыйманга келген инсан эч качан жаман жорукка барбайт. Ыймандуу элде ынтымак болот. Ыймандуу элде тынчтык, береке, токчулук болот. Аллахым баарыбызды колдосун. Азан айтылган сайын жүрөгүбүз жаңыланат. Азан көп жерлерде айтылбай жаткандыгы өкүнүчтүү. Көп өнүккөн мамлекеттерде мечиттерде азан айтылып жатат. Ал жерде эч ким бул маселени саясатташтырган жок.

Бакыт Нурдинов, “Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандар конгресси” коомдук бирикмесинин президенти, укук-коргоочу:

  • Б.Ибраимжанов азандын качан айтылаарын өзү деле жакшы билбейт окшойт. Балдар түнкүсүн интернетте отуруп уктабай, мектепке кечигип калышууда десе туура болмок. Жашаган үйү мечитке жакын деп жатышпайбы, ошондуктан шылтоолоп, балдарды бетке кармап жатканы. Эми мындай депутат артисттерге көнүп деле калбадыкпы. Сүйлөйт десе сүйлөй беришет экен да. Алла Таала ушуга окшогондорго ыйман, ынсап берсин.

Даярдаган Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *