«Азаттыктын» иликтөөсүнө катыштыгы бар баардык адамдар УКМКга суракка чакырылат. Бүгүн Али Токтакунов сурак берет

«Азаттыктын» иликтөөсүнө катыштыгы бар баардык адамдар суракка чакырылат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-жана 130-беренесинин 1-бөлүгү (Киши өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча КР Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган
журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш чаралары уланууда.

Иликтөө иштери ар тараптуу жана ачык айкын өткөрүү максатында тиешелүү баардык тергөө иштери жүрүп жатат.

Бүгүн, 2-декабрда «Азаттык радиосунун» журналисттери, алардын арасында иликтөөнүн автору Али Токтакунов чакырылды. Ошондой эле, КР ЖК депутаттары А.Сулайманов, Д.Торокулов, экс-депутат
Ш.Айтматова, граждандык активисттер, КР Президентинин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Ф.Ниязов, М.Абулгазиев, Т.Бекбоев жана башкалар чакырылмакчы.

Сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында бажы органдарындагы коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдары тууралуу жана ошондой эле бул факт боюнча башка тиешелүү маалыматтар болсо тергөө органдарына расмий көрсөтмө берүү үчүн кызматташууга чакырабыз, ошондой эле КР УКМК Нөөмөт бөлүмүнүн 0 (312) 66-04-75; 0 (312) 62-65-04 телефондоруна кайрылууңуздарды УКМКнын басма сөз кызматы өтүнөт.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *