Азербайжанда референдум Ильхам Алиевдин президенттик мөөнөтүн узартты

Азербайжандагы референдумдун натыйжасында президенттин ыйгарым укуктары 5 жылдан 7 жылга узартылды. Мамлекеттик шайлоо комиссиясы кабарлагандай, добуш берүүчүлөрдүн 91,2 пайызы президенттин мөөнөтүн узартууну жактаган.  Бийлик референдум таза  өткөнүн  билдирүүдө.

Референдумду сындагандар, бул норма Ильхам Алиевге болуп көрбөгөндөй ыйгарым укуктарды берет деп кооптонушууда.

Европа Кеңеши референдум өлкөнүн демократиялык өнүгүшүнө сокку урду деп сыпаттады. Amnesty International укук коргоо уюму Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандарды коркутуп, камап, куугунтукка алууну айыптады.

Ильхам Алиев 2003-жылы атасынын ордуна президент болуп келген. Беш жылдан кийин ал шайлоодон жеңип чыккан. 2009-жылы Алиев Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүп, президент экиден көп жолу шайлоолорго катышуу укугун алган. 2013-жылы ал кайрадан үчүнчү ирет өлкө башчы болуп шайланган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *