Ажобуздан айкөлдүктү күтөбүз…

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго

Кайрылуу

Сизди терең урматтоо менен жогорку даражалуу кызматыңызга ийгиликтерди каалап, жалпы журтубузга акжолтой ажо болууңузду тилейбиз!

Байыртадан улуу ата-бабаларыбыз кыйын кезең учурларда Жараткандан биримдик тилеп, туу көтөрүп, жалпы элдик адилеттүү курултайларды өткөзүшүп, ажолорду тандап келишкен. Журтубуздун тарыхында эл башчыларды шайлоо процесстери биригүү менен ынтымактын, жаңылануунун символу болгон. Андыктан, кыргыз тарыхында айкөл Манас атабыздын хан болуп шайланышы кыргыз улуту эмес, Орто Азияны бириктиргендиги улуу легенда катары улуттук көөнөрбөс түбөлүктүү мурас бойдон калууда.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Жалпы элдин ишенимине татыган жоопкерчиликтүү милдетиңизди адилеттүүлүк менен аткарып, ата-бабалар жолун аруулап, кыргыз көчүн улантып, жалпы журтубузду биримдикке, ынтымакка алып келүүгө сизге элдин ишеними зор. Азыркы мезгилдин өкүнүчтүү көрүнүшүнө, шайлоолордун түп тамырынан бери байыркы таза табигатын өзгөртүп, журтубузга жат болгон баалуулуктар менен коштолуп, эл ичиндеги ынтымак маселесине жик салгандыгына күбө болуудабыз. Натыйжада, элибиздин керегине жарап, кызмат өтөп бере турган жигиттерибиздин туура эмес азгырыкка алданып, адашып кеткен учурлары кездешүүдө. Мындай терс кырдаалга каршы иш-чараларды уюштуруу баарыбыздын милдетибиз катары түшүнөбүз. Андыктан, намыстуу тың жигиттерибизди туура жолго салып, абийирдүү болушуна өбөлгө түзүү жаатында сиз менен чогуу аракеттерди жасоого тилектешпиз.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сизге үмүт менен кайрылып жатышыбыздын себеби, айыл өкмөт башчысы катары ийгиликтүү кызмат өтөп, райондук деңгээлдеги коомчулуктун ишенимине татыктуу болгон, мамлекеттик кызматтарда эле эмес, коомдук деңгээлде дагы кайрымдуулук иштерин жасап келген жигитибиз Деңиз Райымкуловдун жалаа менен камалып калган маселеси боюнча сот – элдин пикирин эске алуу менен адилеттүү карап беришин өзүңүз көзөмөлгө алууңузду суранат элек. Сокулук районунун тургундары бул жигитти жакшы жагынан гана билишет. Анткени, Деңиз Райымкулов жеке демилгеси менен өспүрүм балдарды спорт жагында дагы тарбиялап, машыктырчу. Мындай керектүү тың жигиттерибиздин адилетсиздиктин кесепетинен абакка камалып кетиши, келечекте мамлекетке эле эмес, коомчулукка дагы моралдык деңгээлде терс таасирин тийгизээри анык. Дүйнөлүк тарыхта бир дагы коомдун зулумдук-жазага тартуу менен өнүгүп-өсүп кеткенин мисал катары кездештирүү мүмкүн эмес. Ал эми улуу эл башчылардын айкөлдүгү, адилеттүүлүк, кечиримдүүлүк менен ийгиликке жеткени тууралуу кыйла мисалдар бар. Андыктан, абалтадан ата-бабаларыбыз баардыгынан абийир сотун жогору баалашкандыктан, айыптарын мойнуна алгандарды абакка камоо түшүнүгү болгон эмес. Мындай шарт болгон учурда адашкандардын өз айыбын оңдоп, журтчулуктун ишенимин арттыруу мүмкүнчүлүгү жакшы жыйынтыктарды гана берген.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Элибизде “жакшылыкка жакшылык – ар адамдын милдети, жамандыкка жакшылык – эр адамдын милдети” деген терең сөзгө таянып, сизден чыныгы айкөлдүк менен жазалган аракеттерди күтөбүз.

 Сизди терең урматтоо менен:

 К.Алымкулов, академик, коомдук ишмер

М.Жумагулов, ардагер

О.Шаршенов, коомдук ишмер

А.Чыныбаев, коомдук ишмер

К.Шеримбаев, ардагер

Ж.Мамбетов, жеке ишкер

Т.Раймалиев, жеке ишкер

Т.Күчүков, жеке ишкер

Булак: Азия Ньюс 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *