Ажолордун баскан издери, эмгектенген иштери

Орто Азиянын өлкө башчыларынын кандайча саясатка аралашып, алардын ага чейин кайда, жаш кезинде эмне кызматтарда иштегенин жана алган билимдери тууралуу кызыктуу маалыматтарды билесизби? Алар деле ажо болуп журт башкарганга чейин ар кыл жөнөкөй эле жумуштарда иштешкен. Анда эмесе, алардын байсалдуу турмуш жолуна баам салып көрөлү.

Сооронбай Жээнбеков

Ош облусунун Тельман айылында туулган. Эмгек жолун өтө эрте баштаган. 18 жашында мектепке мугалим болуп орношуп, анда бир жыл иштеген. Андан соң Фрунзе шаарына келип, Константин Скрябин атындагы Айыл чарба институтун зооинженер адистиги боюнча бүтүргөн.

Кийин Ош облусундагы бир катар колхоздордо зоотехниктен тарта башкармалык кызматка чейин жеткен. Саясий карьерасы 37 жашында, 1995-жылы башталган. Анда Жээнбеков Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп шайланган. Учурда 61 жашта. 1995-жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп шайланган. Ал эми президенттикке 2017-жылдын ноябрь айында келген.

Шавкат Мирзиёев

Инженер-механик адистигине ээ болгон Шавкат Мирзиёев учурда 62 жашта. 2016-жылы 5-декабрда шайлоодон жеңип чыгып, президент болгон. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бир жерден агарып-көгөргөн десек туура болот. Мектепти аяктаары менен Ташкенттеги Ирригация жана мелиорация институтуна тапшырган. Инженер-механик адистигине ээ болгон соң ошол эле окуу жайдан эмгек жолун баштап, кенже илимий кызматкерден тарта биринчи проректорлукка чейин жеткен. Ошол кезде ал болгону 30 жаштан өткөн эле. Ал эми саясий ишмердүүлүгү 33 жашында, 1990-жылы өзбек парламентине депутат болуп шайлануу менен башталган.

Эмомали Рахмон


Эмомали Шарипович 1952-жылы Тажикстандын Дангара айылында туулган. 17 жашында Калининабаддагы N-40 техникалык училищени аяктап, эки жыл май чыгарган заводдо иштеген. Андан соң Тынч океан флотунда аскердик кызмат өтөгөн. 1982-жылы Тажик улуттук университетин экономика адистиги боюнча окуп бүтүргөн. Андан соң бир топ жыл Дангара районундагы Ленин совхозунун директору болуп эмгектенген. Рахмон саясатка кадам таштаганда 38 жашта болчу. Тагыраагы, 1990-жылы ал тажик парламентине депутат болгон. Рахмон 1994-жылдан бери Тажикстанды башкарып келе жатат.

Гурбангулы Бердымухамедов

Түркмөнстандын президенти кесиби боюнча – тиш доктур. 1979-жылы Түркмөнстан мамлекеттик университетинин медицина факультетин аяктаган. Ошондон тарта саясатка аралашканга чейин тиш доктурлук кесиптин бардык тепкичтерин басып өткөн десек болот. Алгач Ашхабад районундагы Эррик-Кала айылындагы бейтапканада, андан соң райондук ооруканада иштеген. Кийин Ашхабад облусунун штаттан тышкаркы башкы тиш доктуру болгон. 1990-1997-жылдар аралыгында өзү аяктаган мамлекеттик университеттин стоматология кафедрасында ассистент, Саламаттык сактоо министрлигинин стоматология борборунда директор болуп эмгектенген. Ал эми саясий ишмердүүлүгү 1997-жылы башталган. Бердымухамедов 40 жашка толгондо өлкөнүн саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Ал бул кызматта тогуз жыл отурган. Ал эми Түркмөнстанды башкарып келе жатканына быйыл 12 жылдын жүзү болду.

Касым-Жомарт Токаев

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев башынан эле саясатта, болгондо дагы чоң саясатта. Кесиби боюнча – дипломат. 1975-жылы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун (МГИМО), 1992-жылы Россиянын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясын аяктаган. Карьерасын СССРдин Тышкы иштер министрлигинин Сингапурдагы элчилигинде референт болуудан баштаган. Кийин СССРдин Кытайдагы элчилигинде иштеген. Казакстан өкмөтүнүн курамына 1993-жылы кошулуп (министрдин орун басары), 1994-жылы Казакстандын тышкы иштер министри болуп дайындалган. Быйылкы жылдын март айында Казакстандын президенти болуп шайланды. Учурда 66 жашта.

Станбек Борукеев

Булак: «Факты.kg»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *