Ажонун айтканы орундалабы? Кадрларды ротациялоо убагы эбак бышып жетилген

Азыр айыл өкмөттөрүнө жарактуу кадрлар жоктугунан кайдагы бир атка мине албаган эптеп оокат кылгандарды ушул кызматка коюп жиберген учурлар көп. Эки торпоктун пулун аябай алты айылдык кеңештин депутатынын тилине “тибиртке” чыгарууга жол тапкан эргул ошентип өкмөттүн өкүлү болуп жаткан фактыларды оңой эле тапса болот. Ал тургай шаардык Кеңештин депутаттары менен тымызын соодалашып, жакшы кадрларды ит жыгылыш аркылуу жоготкон окуялар жакында эле Токтогул шаарында кайталанды. Кызыл кекиртектин айынан жең ичинен “кызыл кулактыкка” барышып кыйла жакшы иштерди аягына чыгарган Марат Калмурзаевди кулатууга жетишишти. Керек болсо өз партиясынан чыккан “аксымдар” түз бараткан кемеге “толкун” жаратышты. Мындай терс көрүнүштөр мурда Кара-Балта, Таш-Көмүр, Жалал-Абад шаарынын мэрлерин шайлоодо жүз берген. Ал эми айыл өкмөтүндө өткөн шайлоолор боюнча далай мисалдарды келтирсе болорун да айта кетели.

Арийне, Ошту Таалай Сарыбашев мыкчып каларына күмөн жаралган эмес. Анткени тымызын ишти бышырып, жалгыз өзүн марага кое беришкен. Атаандашы жок болсо талапкер куламак беле? Демек, пландалган маселе оңунан чечилди. Бишкек мэрин деле бөтөн адам чыга калып ээлеп алат дегенден алыспыз. Бекер жерден Албек Ибраимовдун алкымына “сөөк” тыгышпагандыр? Кызыгы, мурдагы бийликтин тушунда жойпуланып, калпагын, чапанын кийгизип жүргөндөр таптакыр башкача мамиледе болуп калганында. А. Кененбаевдин ошондо канча “бети” катылган болду экен? Айтор, көзкөрүнө жасалган кытыгылуу шахматтык жүрүштөрдөн дагы канчоосу жабыр тартаар экен? Ошентсе да Бишкек шаарына башчы болуп келер адамдын ким экени кызыгуу туудурууда. Эгерде татыктуу кадр келсе шаардыктардын ниети агарат. Капыстан күчтүү “крышалар” аркылуу мэр дайындалса шектенүү пайда болот. Депутаттар болсо ар кайсы жерге жумурткасын калтыра берген күкүктүн образында болуп калышты. Эч кимиси жеке пикирин, каалоосун ачык чыгарууга дымагы жетпейт. Аны да көрө жатарбыз.

Эмнеси болсо да мээге казык болуп кагылган көйгөйлөр толуп-ташып кетти. Кадр маселесине кайдыгер кароонун натыйжасында кызматтын кунары учуп калды. Болгону тааныш, билиш, жарма достук, аяш аталыктар аркылуу жагдай чечилгени көңүлдү айнытып жатат. Баштагыдай кадрлар алтын фонд болбой калганы өкүндүрөт. Жеңил баа менен бийликке келгендер болсо өз капчыгын кампайтууга, жакындарына камкордук көрүүгө гана үзүлүп түшөөрү маалым. Ошонун “жемишин” азыр байкап жатпайлыбы? Не деген үлкөн кызматта жүргөндөрдүн мойнуна сыйрытмак салынып жатат дейсиң? Антсе да бийликтин арымдуу кадамдары болуп жатканына калыс баа берип коелу. Кыска аралыкта былыгы бар кадрлардан тазаланууга аракет көрүлдү. Дагы канчоосунун тагдыры тайкы болоруна токулган кылмыштар себепкер болорун эстен чыгарбайлы? Чынында эле саламаттык сактоого аптекарды, өкмөттүн орун басарлыгына географты, губернаторлук орунга касапчыны, чалгындоого физрукту орноштуруп кызматтын беделин төмөн түшүрдүк. Ал эми акимдердин чоо-жайын депутаттар чечип калганын баары билишет. Кайсыл райондун акими ким аркылуу келгени жашыруун деле эмес.

Өткөндө президент Сооронбай Жээнбеков Таластын эли менен болгон жолугушуусунда мындан кийин кадрларды ротация жолу аркылуу дайындатарын баса белгиледи. Ырасында акими, прокурору, милициянын начальниги, коопсуздук комитетинин өкүлү жергиликтүү жердин “кулундары” болуп калганын нормалдуу көрүнүш деп эсептөөгө болобу? Ошонун кесепетинен көп былыктар бармак басты, көз кысты болуп бүтүп жатканы калппы? Баланчанын тууганы райондун акиминин жакыны экен, ошол үчүн арызыбыз жылдап каралбай жатат деген дооматтар толуп кеткенин да танабызбы? Анан ошол бечаралар борборго келип канча убаракерчилик тартып жатышат? Буга окшогон чайналыштар жайнап кеткени качан. Соттордун, тергөөчүлөрдүн, адвокаттардын, министрлердин эшигин кайтарып жүргөн шордуулардын тагдырын кана ким оң чечип берүүгө макул болот?

Эгерде илгеркидей нукка түшүп түштүккө түндүктөн жетекчилерди жиберүүгө ким тоскоолдук кылып жатат? Албетте, түштүк тараптан Бишкекке келип жайлуу очок таап алган тың чыкмаларды кайра ошол тарапка губернатор болуп иштеп бер деген сунуш түшсө түк макулдугун бербейт. Анткени эки, үч айдан кийин кайра куугунтук жебейт деп эч ким кепил боло албайт. Ушундай коркунуч барын деле баамдап жаткан кезибиз эмеспи. Кичине төбөсү көрүнүп калган кишилердин баары эле олчойгон кызматка көзүн кызартканы мыйзам ченемдүү болуп калды. Бирок, президент айткан соң ротациялоону ысыгынан кетирбей баштоо кажет. Керек болсо Ош облусунун губернаторлугуна көлдүк, нарындык, таластык мыкты кадрларды койсо заманга бап келмек. Сөзсүз эле Матраимовдорго көз кызартыш керекпи? Акыл калчап караштырса татыктуу кадрды тапса болот. Же шайлоонун “жибин” чечип салууга кубат жетпейби? Мен кыйынмын дегендерди Теңиртоолуктарга, көлдүктөргө жиберип сынактан өткөрүп көрүшсө туура келмек. Качанга чейин эски көз караштын туткунунда бийлик жүрө берет? Ал үчүн президенттин тегерегине топтолгон билермандар калыстыкты, түз принципти катуу колдонушу зарыл. өз көмөчүнө күл тартуунун, тууганчыл болуунун, көрмөксөнгө салуунун мезгили четинен кертилип баратат. Ажонун каккан казыгынын айбаты т-ээ айыл аймактарына чейин жеткенде гана бийликтин кудуретинин күчү айкындалат. Ошол коңгуроонун добушун түз, өз убагында жеткирүү милдети президенттик аппараттын, өкмөттүн мойнуна жүктөлгөн. Популисттик адаттардан кутулушпаса президенттин берген убадалары жарым жолдо калат. Ажонун оң колу-аппараттын жетекчисин табуу кыйынчылык жаратканы да эсти эки кылган кези. А ырасында мээси сааттай иштеген, галстук тагынып калганына кубанбаган, мамлекеттик иштерди таасын аткарууга чамасы жеткен, калыстыктан кайтпаган, бөлүп-жарууга барбаган кадрды таба алышабы, кеп ошондо. Убакыт деген күтпөйт. Маалкатып отура берүүдөн майнап чыкпайт. Иштин жагдайына акылы жеткен, алыска арканын ыргыта алган азаматтар гана ажого арка-бел боло аларын деле маалымдай кетели. Күздүн “каарынан” сактанууга шарт бар, болгону тазаланууну, жаңыланууну, астыга карай умтулууну чамдатыш кажет. Болбосо арабанын дөңгөлөгү кыйчылдап, итатайыңды карматат. Президенттин элге шардана кылган ротациялык жылдыруулары кантип ордунан козголоруна анда эмесе саресеп салып туралы…

Ж. Улукшер

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *