Ажыга баруучулардын кемселине конкурс жарыяланды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажыга баруучулардын кемселин (жилет) тигүү боюнча конкурс жарыялады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, конкурска катышуучулардын арызы 27-январга чейин кабыл алынат. Конкурс 30-январда, муфтияттын имаратында, саат 09:00дө өтөт.

Конкурстун талаптары төмөндөгүдөй:

1.Убактылуу Республикалык Штабдын (УРШ) төрагасынын атына конкурска катышуу боюнча арызы.

2.Конкурска катышуучу жактын иш кагаздарынан (документтеринен) көчүрмөлөр.

3.Лицензия (патенттин) көчүрмөсү.

4.Салык жана соцфондко атайын төлөмдөр боюнча карызы жоктугун тастыктоочу документ.

5.Конкурска катышуучу жактын тигүү ишканалар рыногундагы кеминде үч жылдык ишмердигин тастыктоочу каржы иш кагаздары.

6.Реквизиттер.

7.Ажылык сапарында ажылыр кийүүчү жайкы кемселдин (жилет) эркектер жана аялдар үчүн үлгүсү (конкурска көрсөтүүгө).

8.УРШнын мүчөлөрүнө (эркектер жана аялдар үчүн) кийүүчү жайкы кемселдин (жилет) үлгүсү (конкурска көрсөтүүгө).

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *