Ажыкенин айткандары, кылгандары эмнеге алып бара жатат?

Коомубузда, дүйнө алкагында диний касташуулар адам үрөйүн учуруп турган мезгил экенин эч бирибиз тана албайбыз. Дегеле тарыхта дин жайылтуу, анын тарапкери болуу кан төгүү, согуш, кыргын менен болуп келе жатканын тарых да тастыктап бере алат. Бирок, адамзат илим караңгылыгынан жана аң сезим чөйчөгүнүн тайыздыгынан улам диний жаатка келгенде ээрчиме болсо, диний аалымдар, дин жактоочулар элди так ушул дин темасы менен жипсиз байлап, идеологиясы менен сугарып алып жатканына да күбө болуудабыз. Мындан улам согуш оту күйгөн аймактарга канча атуулдарыбыз кетип, канчалары кайтпай, ал эми кайтып келгендери ар кандай тапшырмалар менен өз жеринде терракт жасаганга аракет кылып жаткандары факт. Мына ушундай мисалдар турса да бүгүн айрым молдокелерибизди пайгамбар же кудайындай көрүп, анын сүйлөгөнүн, жасаганын басылган мөөрдөй кабыл алуудабыз. Бирок, ошол молдокелер өздөрү кандай жолго барууда. Эсеби маселен, Чубак ажы Жалилов токол алганын өз оозу менен айтты. Биз светтик мамлекетте жашайбыз да. Ошондо кандай болуп калат?! Же бизде молдокелерге мыйзам иштебейби? Же молдокелер мыйзамды уруп ойнобойбу? Чубак ажы өзү «аялыңдын ыраазычылыгы менен гана экинчи аял алсаң болот деп динде жазылган»-деп айтканы менен кайра өзү дин талабына каршы чыгып «То­кол алсам байбичем нааразы болуп жатат»-дегени кандай? Кана анын сөзү менен жасаган иши дал келгени? Эми ушул кишинин айткандарына ишенүүгө болобу? Дегеле мыйзам менен жашоого бет алган өлкөдө элге төбөсү көрүнүп туруп мыйзамды уруп ойнобогондорго эмне чара кылууга болот? Бүгүн эркектерди токол алууга үндөп аткан Чубак ажы эртең эмненин башын кылтыйтышы мүмкүн? Балким ушу тапта социалдык тармактарда Чубак ажынын төшөгүн коргоп аткандар эртең бул ажыке ди­ний чатакка чакырык таштаса мамлекеттин бүтүндүгүн эмес, ажыкенин айтканын бийик койбойт деп ким кепилдик бере алат? Деги биз кайда бара жатабыз? Укук коргоо тармактары «Чубак ажыга кылмыш ишин козгоого негиз жок» -деп атышат. Би­рок, ошол эле маалда ажыке өзү «То­кол алдым, ал жесир экен, курсагын тойгузам»-деп, «акысына» төшөгүнө алып жатаарын ачыктан ачык айтып жатса да факт катары карабагандары кандай? Ошол эле маалда далили жок туруп эле ким бирөөлөрдүн оозеки көргөзмөсү менен камалып аткандар жокпу? Мунун түпкүлүгүн ким ойлонот?

Булак: “Де-Факто”

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *