Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: “Мар Байжиев легендарлуу парламенттеги сөзүнө каршы чыгып, бүгүн башканы айтып атат”

Жакынкы күндөрү коомдук ишмер, экс-прокурор Азимбек Бекназаров орус тилинин расмий макамын алып салуу үчүн референдум өткөрүү керек экенин сунуштап чыкты. Ал жыйындарда «орус тили ал эл аралык тил макамы менен гана керек. Бала бакчадан баштап англис тили менен бир катарда окутулуусу зарыл. Мамлекеттик тил – кыргыз тили эле болсун. Иш кагаздарынын баары кыргыз тилинде жүргүзүлүп, иш-чаралар кыргызча өтүп, аткаминерлер кыргыз тилинде иштеши керек. Антпесек кыргыздар жоюлуп кетишибиз толук мүмкүн» деди.

Коомдук-саясый жана мекенчил күчтөрдүн курултайынын аткаруу комитетинин конституциялык реформа үчүн даярдаган мыйзам долбооруна жазылган жети сунуштун бири орус тилинин расмий макамын жоюу маселеси каралган. Бирок, бул сунушка каршы чыккандар четтен табылууда.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мар Байжиев Азимбек Анаркуловичтин демилгесин «мыркымбайчылык» деп атап, «кантип биз орус тилсиз жашай алабыз?» деген пикирин билдирип чыкты. «Трудовые мигранты поставили на место Азимбека Бекназарова» деп «Вечерний Бишкек» гезити Орусияда иштешкен эмгек мигранттарынын Азимбек Бекназаровдун сунушуна каршылыгын билдирген кайрылууларын басып чыгышты.

– Азимбек мырза, жакында сиз орус тилинин расмий макамын алып салууүчүн референдум өткөрүү сунушун айткандан бери сизге карама-каршы пикирин билдиргендер четтен чыкты. Айрыкча Мар Байжиевдин Азимбек Анаркуловичтин демилгеси «мыркымбайчылык» дегени таңгалдырды. Эмгек мигранттары кайрылуу жолдошту. Сиздин соңку пикириңиз кандай?

– Мен алардын пикирин сыйлайм. Ар бир адамдын пикири болушу шарт. Бирок кандай гана адам болбосун, өз эне тилин жогору коюшу зарыл. Өз эне тили мамлекеттик тил катары Конституцияда белгиленгенден кийин ошол деңгээлде иштеш керек. Жөн эле көчө тили катары калып калганы туура эмес. Анда биз эл эмеспиз. Тилибиз бар үчүн гана башкаларга тең келебиз. Өзүбүздүн жерде, өзү-бүздүн элибизде эне тилибиз экинчи сорттогу тилде жүргөнү мен үчүн уят. Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамда «премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү, ЖК депутаттары мамлекеттик тилди билген гана адамдар кызматка келет» деп айтылган. Бирок 2000-жылы А.Акаев президент кезинде мамлекеттик тил менен катар расмий тилди киргизип коюп, ошондон кийин ошол талап ишке ашпай калды. Анткени алардын «биз мамлекеттик тилди билбесек, расмий тилди билебиз» деген шылтоолору бар. Ошон үчүн Танаев, Чудиновдор келди. Ошондон кийин «мамлекеттик тилди билгендер иштесин» деген катуу талап болбой калды. Ошонун айынан мамлекеттик тилди билбеген маңкурттар тарабынан баардык кесепеттер жасалып жатат.

Эми Мар аксакал тууралуу кеп козгосок. Мар аксакалды сыйлайм. Илгери легендарлуу парламетте ал киши депутат болгон. Ошол учурдагы архивде мындай бир сөзү бар (Төлөгөн Касымбековго кайрылган жери бар экен. Азыр архивдик материалдар менен китеп жазып жаткан учурум): «Биз баарыбыз маңкуртпуз. Эне тилибизди билбейбиз. Мен орус тилдүү үй-бүлөдөн чыккан интеллигентмин. Менин атам дагы орус тилинен сабак берген. Өзүм дагы кыргызча жакшы билбейм. Бирок, биз мамлекеттик тил катары жалгыз гана кыргыз тилин киргизишибиз керек» деп сүйлөп, кыргыз тили мамлекеттик тил катары кабыл алынган. Бүгүн эми ал кишинин «орус тилсиз жашай албайбыз» дегени туура эмес. Себеби, биз орустарга кошулганыбызга 150 жыл болду. Биз миңдеген жылдар бою оруссуз эле жашап келгенбиз. Дагы да жашайбыз. 150 жыл орус падышачылыгы, Советтер союзу бизди бийлеп, аны түшүнгөн Айтматов «маңкуртту» жазып чыкты. Ошол Мар Байжиевге окшогондор, эмгек мигранттары эч качан эне тилин унутууга, тилибизди барктап алып жүрүүгө каршы болушпаса керек. Советтер союзу курамындагы 15 республиканын ичинде жападан жалгыз биз гана расмий деген статусту ала элекпиз. Тажикстан дагы алып салды. Назарбаев кириллицадан латын тилине өтүп кетти. Өзбекстан дагы эчак эле өткөн. Жүрөкгөрү түшкөн эле биздикилер. Алар аман эле болушсун. Биз, кыргыздар өлбөйбүз. Тилибиз бар, духубуз бар. Миңдеген жылдар жашап келгенбиз. Дагы да миңдеген жылдар бою жашайбыз. Орус тили англис тили катары эле эл аралык катнаштын тили боюнча кала берет. Эмгек мигранттары муну билүүлөрү керек.

– Орусияда миллиондогон өзбек, тажиктер деле иштеп жатат. Алардын көбү кыргыздардан акчаны көп тапса табат, бирок кем таппайт. Алардын мамлекетинде орус тили биздикиндей статуска ээ эмес экенин кошумчалап кетсек болчудай…

– Биз тана албайбыз, орус тили илимдүү, билимдүү болушубузга таасирин тийгизди. Мойнубузга алабыз. Бирок, бүгүн эгемендүү өлкөбүз. Москвадан ары кетишибиз керек. Америкага, Европага барышыбыз керек. Дагы өнүгүшүбүз керек. Бирок, Орусиядан чыккандан кийин ары жакта орус тили жок да. Бүгүн биз БУУнун мүчөсүбүз. Баягы СССРдин курамында эмеспиз. Демек, мамлекеттик тил андан ары өнүгүшү зарыл. Дүйнө жүзүнө аралашып жаткандан кийин орус тили да, англис тили да эл аралык катнаштын тили болушу керек.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *