Азимбек Бекназаров көп актанчу болду

Тилдин сөөгү жок, каякка сунсаң да чексиз кете берет. Ошол тилдин азабынан көп саясатчымын деп көкүрөгүн каккандар жабыркап калышары ырас. Анын үстүнө кээ бир эпчилдер өзүнүн атаандаштарынын кайсыл жылы, канчанчы күнү, саат канчада эмне деп “жар” салганын дискке көчүрүп сары майдай сактап алат экен. Бирдемке десе эле мынакей деп алдына таштап коёт компроматын.

Айрыкча Азимбек Бекназа­ров тилинин айынан келекеге алынып калууда. Бир туруп “Акматбек Келдибековдун аялы менин көздөй болгон карындашым болот. Андай көк жал аялдар чанда кездешет. Бирок эрин укмуш барктайт!” – деп безеленет. Көрсө, нарындык Бактыгүл Жумабаевага “Акмат падыша болсо аялы Аида эле бийлеп алат!” – деп сыр төгүптүр. Жакында эле саясатчы- лардын ичинен аракты эң аз ичкен Алмазбек Атамбаев деп агынан жарылды. Муну эмнеге элге шардана кылганын түшүнүп болбойт. Чамасы илгерки кошулуп арак ичкенин сагынса керек. Атаганат, ал күндөр эми келмек беле? Ажо бул киши менен эзели жүздөшпөй калды го? Жаман сөздөн алыс болгону жакшы да…

Булак: “Ачык сөз

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *