Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбековдон досу Атамбаев абакта өлүп кала электе үй камагына чыгарууну суранды

14-сентябрда өздөрүн 2010-жылдын апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Убактылуу Өкмөт деп жарыялашкан 14 төңкөрүшчү КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен бейформал жолугушууга чакырылган.

Ал жолугушууга Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Элмира Ибраимова, Исмаил Исаков, Дүйшөнкул Чотонов, Абдыганы Эркебаевдер катышышты.

Анда сөз алып сүйлөгөн Азимбек Бекназаров “Урматтуу Сооронбай Шарипович, сизден бир суранычым бар эле, Атамбаев албетте айыптуу, бирок аны УКМКнын абагынан тез үй камагына чыгаруу керек. Анткени баарыбыз билебиз, Атамбаев оорукчан адам, кокус түрмөдө өлүп калса жаманаттысы сизге эле калат. Өмүр бою Атамбаевдин туугандары биздин Алмазды Жээнбеков түрмөгө камап өлтүрдү деп доо артышат. Ошондуктан аны үй камагына чыгарып, бирок анын үйү кайтарылып, эч кимге жолуктурбай, телефон байланышын үзүп, анан тергөө улантыла берсе. Үй-бүлөсүнүн жанында болсун. Өлсө да үй бүлөсү сизге доо арта албайт, өздөрүнүн колунда өлөт…” – деп суранат.

Буга Роза Отунбаева менен Өмүрбек Текебаев каршы чыгышып “Мыйзам алдында баары бирдей болуш керек. Колу менен жасаганды мойну менен тартсын. Эмне Алмаз элден өзгөчө бекен?”  деп көшөрүшөт.

Анда Бекназаров “Роза, сен деле 2016-жылдын 31-августуна чейин Атамбаевди жактап-колдоп жүрбөдүң беле? Өзүң колдоп жүрүп аны президент кылып эми ал жаман болуп калдыбы? Атамбаев жаман болсо анда ал өз указы менен берген экс-президент деген статустан эмне баш тартпайсын. Ал дайындаган 80 миң сомдук пенсияны, ал берген резиденциядагы үйдү, машинаны, жансакчыны, мамлекеттик толук камсыздоону алып эле жүрбөйсүнбү… Ал эми Өмүрбек, сен деле 2016-жылдын 31-августуна чейин Атамбаевди колдоп-жактап, аны менен бир коалицияда болуп, ал каалаган мыйзамдарды жазып берип, колтукташып жүрбөдүң беле, эми анын түрмөдөн өлүп, анын жаманаттысы Жээнбековго жабышып калышын каалап жатасыңарбы?” – деп күпүлдөйт.

Президент Сооронбай Жээнбеков булардын талашы боюнча же ак дебей же көк дебей унчукпай калыптыр.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *