Азимбек Бекназаров, революционер: “Атамбаев Отунбаеваны “самозванка!” деп атабаш керек болчу, “самозванка!” деп алып өзү бийликке келген революцияны жокко чыгарып жатат”

“Атамбаевдин 31-августтан берки кадамдары жалаң ызы-чуу болуп келе жатпайбы, өзүнө бийлигин өткөрүп берген президентти “самозванка!” деп  ким айтат? Өзү бийликти ошонун колунан алды го… Өзү Убактылуу өкмөттүн катарында жүрдү го…  Убактылуу өкмөттөгү экономика маселелерин өзү чечип, анын ичинде “Мегаком” боюнча да өзү чечкен иштерге азыр бизди күнөөлөп жатат…

Атамбаев Отунбаевага асылбаш керек эле, “самозванка!” деп атабаш керек болчу. “Самозванка!” деп алып, өзү бийликке келген революцияны, өзү өмүрүн сайып келген революцияны жокко чыгарып жатат”, – деди Азимбек Бекназаров “Сентябрь” каналына берген интервьюсунда.

Булак: Кyrgyztoday.kg

1 ой-пикир

  • Абдыкерим says:

    Атамбаев акчасын тологон, силер жандап журуп бийликти алып бергенсинер тонкоруш уюштуруп. Бекназаровго иш козголгондо оз оозу менен айтылган создор бул. Тонкорушко сарпталган каражаттарды айтып жиберем деп коркутуп озун сактап калган Азикебиз.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *