Азимбек Бекназаров тууралуу кино тартылууда

Эки революцияда тең эл тарапта болгон айтылуу “Бульдозер” Азимбек Бекназаров быйыл алтымыш жаштын чайын ичүүдө. Азикенин ар дайым эл тарапта экенин баалаган анын жүздөгөн тарапташ, куда-сөөк, жерге-жек-жааттары чогулушуп мааракеге камылга көрүп жатышканын эшиттик. Каарманыбыз өзү да 25 жылдан берки саясатка ичинен аралашкан, жаман-жакшылыкты жон-териси менен сезген саясатчы катары саясый турмушту камтыган көлөмдүү чыгарманы алтымыш жылдык мааракеге отчет катары басмага даярдаганы маалым болду. Кай бийлик келбесин Азикеден чочулап, бийликке келген президенттер андан тез арада кутулууну көздөгөндүгү боюнча Бекназаров өзү “Мен киммин?” аталышындагы документалдуу кино-фильм даярдап жатканы, күздө белгиленчү мааракеде фильм эфирге чыгаары маалымдалды. Ушуга улай кино-баян менен Бекназаров 25 жылдан берки саясатта жүрүшкөн, айрыкча, азыркы бийликтегилердин көбүнүн чыныгы жүздөрүн, баскан издерин калк таразасына коеру күтүлүүдө. Албетте, бир чындыкты моюнга алып коюшубуз керек. Азимбек Бекназаровду канчалык азыркы бийлик жерден алып көргө урганы менен революциялардын “Бульдозери” кыргыздын эли үчүн, сатылган жерлери үчүн кашык-каны калганча салгылашып, эгемендүү мамлекетти түптөөдө акыйкат, чындык үчүн күрөшүп, эки жолку үй-бүлөлүк бийликти опулдаган жүрүшү менен кулатууга зор салымын кошуп келген. Азикенин мындай кадамдарын ашынган душмандары да тана албайт. Оттон-суудан кайра тартпаган алтымыш асый сайган каарманыбыздын күздө өтүүчү мааракесине алдыртан куттук айтабыз. Кыл чайнашкан кыйын кезеңдерде дагы да элдин арасында жүрө бериңиз, кыргыздын кырааны!

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *