Азимжан Аскаровдун иши Жогорку сотто каралат

2010-жылдагы Ош коогалаңы боюнча айыпталып, өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши Жогорку сотто каралат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай Жогорку Сот жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо тууралуу Азимжан Аскаровдун жана анын адвокатынын арызынын негизинде 11-июлда ага карата жазык ишти карайт.

Эске сала кетсек, буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Азимжан Аскаровду абактан бошотууга жана ага тагылган айыптарды жокко чыгарууга Кыргызстанды чакырган.

1 ой-пикир

  • Керемет says:

    Мыйзамдын негизинде соттолгон , Аскаров 2010-жылы мыйзамдуу түрдө күнөөлүү деп табылган жана соттун чечимине ылайык анын мүлктөрү конфискациялаНЫП, өмүр бою абакка кесилген. Аскаров кылмышкер ушул акмактын айынан көптөгөн күнөөүз адамдар жабыр тарткан, тополоң кылганы аз келгенсип дагы милициянын өлүмүнө түздөн түз күнөөсү бар. Бул ишти кароонун деле кажеты жок болчу, бирок бир чет Жогорку соттун караганы да жакшы , карасын дагы бир жолу коом билип күнөөсү дагы бир жолу тастыкталсын, что чындап эле Аскаров оор күнөөдөгү кылмышкер экени

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *