“Азия Ньюс”: Саясый күлкү

Лексиконум чектелүү

Камчыбек  Жолдошбаев  тойдо отурат.

– Байке, тост айтып коюңузчу, – дейт аңгыча тамада.

– Мен тост айтканды билбейм да.

– Айтып коюңузчу эми…

– А мейли, баарынар ит экенсиңер!

– Эмне?

– Айттым го, мен тост сүйлөгөндү билбейм деп.

Ваннаны бошот

Шаршен Асанов  кайырмак салып отурат. Бир саат отурат, эки саат отурат, аңгыча эшик ачылып, аялы кирип келет.

– Мейли, балык кармаганы барсаң барып келчи. Мен бул жерде кир жуушум керек.

Бербестин ашы бышпас

Азамат Исмаиловдон анекдот.

Кыз-жигит сүйлөшүп отурушат.

– Чай ичесиңби, же кофеби? – дейт кыз.

– Чай.

– Кара чайбы же көкпү?

– Кара.

– Ысыкпы же жылымык деле боло береби?

– Ысык.

– Бокалга куяйынбы же стакангабы?

– Стаканга.

– Кант мененби же канты жокпу?

– Кант менен.

– Кумшекерби же рафинадпы?

– Рафинад.

– Бирдиби же экиниби?

– Экини.

– Лимон салайынбы же салбайынбы?

– Салбай эле кой.

– Анан төшөккө жаталыбы же жатпай эле коелубу?

– Жок, мен үйгө кеттим.

– Эмнеге?

– Сезип турам, бул кебетебизде биз таң атканга чейин да төшөккө жатпайбыз. Мен болсо эртең менен жумушка барышым керек.

Бүгүн быякта, эртең тиякта…

Кубатбек Байболовдун аныктамасынан.

Ыйгарым укуктары бүтөр замат Жогорку Кеңештин депутаттарынын көбүнө эл аралык издөө жарыяланат.

Без отказ

Санжар Бердибеков үйлөнө элек досуна кеңеш айтып атат:

– Эгер сүйлөшкөн кызың жолугушууга келбей калса, сенин сөзсүз “Б” планың болушу керек.

– Беш эрден чыккан Бейшегүлгө бар деген турасыңбы?

Кыздын көзү кызылда

Айзада Жамгырчиева алгачкы жолу жигити менен жолугушууга барат.

– Мен сенин кандай шокаладды жакшы көрөрүңдү билбейт экем. Ошон үчүн коньяк алып келдим, – дейт жигити  уялыңкы.

Статьялар согушу

Алмамбет Шыкмаматовдон анекдот.

Күйөөсү – юрист

Аялы – юрист

Күйөөсүнүн атасы – Башкы прокуратуранын прокурору

Күйөөсүнүн апасы – Конституциялык соттун судьясы

Күйөөсүнүн агасы – профессор, юридика илиминин доктору

Күйөөсүнүн карындышы – юрист-консультант

Аялынын атасы – прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн башчысы

Аялынын апасы – Жогорку Арбитраждык соттун судьясы

Аялынын агасы – эмгек сиңирген юрист

Аялынын сиңдиси – адвокат

Кудай бетин салбасын, непадам экөө ажырашчу болсо кандай чатак чыгаарын элестете бергиле…

Вариант көп

Эгемберди Туманбаевден анекдот.

Бир аракеч дарыланганы келет экен.

– Болжол менен канча ичесиз? – деп сурайт врач.

– Көп деле эмес, күнүгө эки литрден.

– Т-ү-ү! Көп болдубу ичкениңизге?

– Көп деле эмес, башыма жүн чыккандан бери.

– Т-ү-ү! Дарыланбасаңыз болбойт. Бирок, бир шарт менен.

– Кандай шарт?

– Бир күндө 200 граммдан көп ичпейсиз.

– 200 болсо 200 да, макулмун.

Эртеси тиги  киши бутуна туралгыс мас болуп келет.

– Ой байке,сиз экөөбүз 200 граммдан ашырбаңыз деп макулдашпадык беле?

– Кызык экенсиң, мен жалгыз эле сенден дарыланып жатыптырмынбы?

Булак: “Азия Ньюс”

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *