Азыркы бийлик экс-президенттерден кол тийбестикти ала албайт

Экс-президенттердин кол тийбестигине байланыштуу маселе каралды. Жогорку соттун Конституциялык палатасы юрист жана укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун өтүнүчү менен бул маселе көтөрүлүп чыкты. Бул маселеге, деги эле экс-президенттин кол тийбестиги алынышына кызыкдар адамдар көп. Көшөгө артында түрдүү саясый оюндар жатат. Атамбаевди айтып шылтоологондор түрдүү механизм менен мыйзамды ойрондотуп, бүгүнкү президент Сооронбай Жээнбековду да торго чалууга жол издеп бара жатышканын айтпай койсок болбостур.

Ташболот Балтабаев, экс-депутат:

– Мүмкүн Кыргызстанга азыр кол тийбестикти алып салуу эртедир. Себеби, бизде эки көйгөй бар. Укук коргоо органдары жана сот системасы аракеттеги президентке көз каранды. А аракеттеги президенттер ага чейинки баардык «өлгөн иттерди» кеткен президентке илип коюу адатка айланып калган. Чындыкты бийлик менчиктеп алган заманда президентке эле эмес, башка саясый фигураларга да кеткенден кийин 5-6 жылдык кол тийбестикти сактоо керек го. «Жеп-ичкенге жол ачылат» дегендерге «бийликти шайлаганда ойлонуп шайлагыла» деп айтар элем.

Равшан Жээнбеков, экс-депутат:

– Конституциялык палатада каралды. Канча ирет бул маселе каралбасын, экс-президенттердин иммунитетин алалбайт. Анткени бул иммунитетти ала турган болсо, эртең кол тийбестик, жоопкерчиликке тартуу маселеси азыркы президентке да түшүп калышы мүмкүн. Ошон үчүн азыркы президент иммунитетти алууга кызыкдар эмес. Кандайдыр бир нерселерден иммунитет болушу керек. Бирок, «кылмыштан да иммунитет болушу керек» деген туура эмес, муну алышыбыз керек, өзгөртүшүбүз керек. Бирок азыркы бийлик муну алууга бара албайт. Себеби, бул маселеде өздөрүнүн кызыкчылыгы бар. Мурдагы мыйзамдар боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаевдин абсолюттук иммунитети бар. Атамбаевге мыйзам боюнча эч ким тийише албайт. Эгер алар абсолюттук иммунитетти алып туруп, законго артка кайтуу мүмкүнчүлүгүң берүү керек болсо, анда үч президентке тең көйгөй жаралат. Биринчи президент Атамбаевде, экинчиси Отунбаевада, ал дагы мурдагы президент болгон. Үчүнчүсү азыркы президент Жээнбековго маселе жаралышы мүмкүн. Ошон үчүн толугу менен абсолюттук иммунитетти алуу азыркы бийликтин кызыкчылыгына туура келбейт, албайт (!) деген пикирдемин.

Дастан Бекешов, КСДП фракциясынан ЖК депутаты:

– Кол тийбестикти алуу үчүн өтө терең иштелип чыккан механизм таап чыгыш керек. Ал механизм менен кол тийбестикти кантип алсак болот? Андай механизмдин тартиби бизде жазылган жок. Ошону биз жазып иштеп чыгууга мезгил келди… Мыйзам боюнча баардык адамда теңдик болушу керек. Эгерде кылмыш аракети болсо, кол тийбестикти алыш керек. Мисалы, Бакиевдин «экс-президент» деген статусу жок. Ал адамга экс-президент катары пенсия берилбейт. Атамбаев менен Отунбаеванын статустары бар. Негизи эле карала турган көйгөй, мыйзам бир эле Атамбаевге тийиштүү эмес. Жалпы өлкө келечеги үчүн керектүү. Себеби, азыр эрежелер так, даана жазылган эмес. Атамбаевге азыр эч ким күнөө койгон жери жок. Иш козголгон эмес. Кол тайбестигин алууга деле себеп жок.

Саламат Аламанов, серепчи:

– Менин пикирим боюнча, дуйнөдө андай нерсе жок. Кылмыш кылган президенттер болсо камап коюп жатышат. Бакиевге окшотуп жазалап коюшат. Демократаянын эң эле жакшы салаты ушунда. Эч ким кылмыш кылгандан кийин кутулбайт. Бир кезде шайланып коюп, өмүр бою каалаганын жасоого эч кимдин укугу жок. Ар бир кызматтагы адам жасаган кылмышы үчүн жооп бериши керек. Экс-президент Атамбаев боюнча Конституциялык палата карап жатыптыр. Ар ким ар кандай сөздү каалагандай айта берет. Бирок, баары сот, мыйзам аркылуу тыкыр каралып чечилиши керек.

Булак: «Азия ньюс»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *