Байболот Абытов, профессор: Ачык асман астындагы Мурдаш байыркы сүрөт галереясы коргоого, андан кийин колдоого муктаж

Урматтуу мекендештер, акыркы күндөрү ФБ беттеринде Алай районунун Мурдаш айылына караштуу жайлоодогу, тагыраагы азыр көмүр кенин казып жаткан жердеги таштагы сүрөттөр тууралуу байма-бай кеп козголуп, аны коргоо демилгеси колго алына баштады. Бул жакшы эле көрүнүш, бирок биз демилге менен токтоп калбайлы.

Кыргызстан байыркы адамдар из калтырган, ачык асман астындагы аска-таштарга, ошол байыркы адамдардын дүйнөгө болгон көз карашын, дүйнө таанымын, ой-жүгүртүүсүн, айлана-чөйрөгө болгон мамилесин, кылган кесибин чагылдырган таштагы сүрөттөргө бай өлкөлөрдүн бири. Тилекке каршы алардын көбү акырындык менен мамлекет тарабынан тиешелүү корукка, колдоого жана сактоого алынбагандыктан биротоло жоголуу, жер астында калуу коркунучунда турат. Ошол эле Саймалы-Таштын бир топ бөлүгү жоголуу коркунучунда экендигин бир катар окумуштуулар көтөрүп чыккан, бирок тиешелүү аракеттер болгон жок. 2-3 жыл мурда Кара-Кулжа районунун Кара-Таш айылына кире бериш жеринен жүздөгөн таштагы сүрөттөрдү таап, алардын жоголуу коркунучунда экендигин айтып чыктым эле. Тилекке каршы, мында да тиешелүү көңүл бурулбагандыктан ал таштардын көбү быйыл барсам жоголуп калыптыр, кадимкидей эле жыл өткөн сайын жер алдында калып жатат.

Мына эми мурда белгисиз болгон Мурдаштагы тарыхый зор мааниге ээ болгон петроглифтер бир компаниянын кызыкчылыг үчүн жоголуу коркунучунда турат. Албетте, ошол көмүр каздырып жаткандар деле мурдаштыктар болсо керек эле. Жок дегенде жолду ошол таштагы сүрөттөрдөн алыс салып, аларды тебелеп-тепсеп, жасалма коррозия, бөлүп-жаруудан сактап, айланып өтсө деле болмок. Бирок асман астындагы байыркы адамдар калтырган табигый музей бүгүн жоголуу коркунучунда турат. Эгерде биз аны сактай албасак анда абдан уят да, алсыздын да иши болуп калат. Улан, Исламидин аттуу жигиттер мага кабарлашкандай петроглифтер 2000 ашык экен, демек бул чоң эле аймакты камтыган ачык музей. Негедир биздин археологдор мурда муну билбегени мени таң калтырды. Албетте белгилүү археолог К.Табалдиевке кабарлашакны жакшы. Аткени археологитялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө укугу бар “архелогиялык баракчасы” – “архелогический лист” же “лист археолога” ээси болгон бизде 3 эле адис бар, мен билгенден. Башка тарыхчылар мыйзам боюнча археоло­гиялык изилдөө жагына кийлигише алышпайт, мыйзам ошондой.

Ал эми тарыхчы катары ага байланыштуу маселелерге ар тараптан кийлишишсе болот жана аны турмушка ашыруу керек. Жогоруда аталган балдар жиберген фотосүрөттөн бир эле мисал келтирейин. Бир ташта эки дөңгөлөктүн, велосипед сымал элес турат. Эгерде ушул таштагы сүрөт чындап эле байыркы таш, коло дооруна таандык болсо, анын өзү эле чоң ачылыш. Бүгүнкү күнгө чейин дөңгөлөктү ким биринчи ойлоп тапкандыгы тууралуу талаш бүтө элек. Мурдаштагы петроглифте байыркы адамдардын кош дөңгөлөктү чагылдырганы абдан таң калыштуу көрүнүш. Ал эми жан-жаныбарлардын, иттин же бөрүнүн элеси, аңчылык жараяны, картага окшош чиймелер ж.б. элестер, тереңдеп иликтесе чоң жаңылык болоору талашсыз. Ошондуктан бул петроглифтер мамлекет тарабынан да, жергиликтүү эл тарабынан да, бийликке умтулуп жаткан саясий партиялардын өкүлдөрү тарабынан да коргоого, кодоого алынуусу мезгил талабы.

Мен сыйлаган Зинакан Пасанова эже депутат М.Маматалиевдин Өкмөт башчы­сына жазган катын ФБ беттерине ыраазычылык менен жарыялаган. Албетте жакшы аракет катары сыпаттого болот, бирок бул кат шоона эшпеген кат экен, расмий күчкө ээ эмес, расмий чыгыш-кириш каттоосу жок кат эч нерсеге жарабашы белгилүү. Бул шайлоо убагында элден кошумча упай алуу максатындагы эле бир шилтеме болуп калган турган иш. Кана эми ошол бала петроглифтерди сактоого киришип, натыйжалуу иш кылса.

Ачык асман астындагы таштагы байыркы сүрөттөрдү сактоо максатында бир катр шашылыш чаралар көрүлүшү керек. Алар:

1.Ошол комүр казган компаниянын оор машиналарын пертоглифтердин жанынан же тебелеп өтүүсүн, алардын аймагында жардыруу, казуу, жол куруу иштерин дароо токтотуу керек. Менимче буга көмүр кендин ээлери барбайт, бирок алар да Мурдаштыктар экенин эске алып, элдин өтүнүчү менен альтернативалык, петроглифтерди айланып өткөн жолду куруусу милдет. Бул ишке жергиликтүү эл жана жергиликтүү депутаттар дыкат киришиши абзел.

2.Жергиликтүү өкмөт, райондук акимиат ошол петроглифтер аймагын тез арада корукка алып, мындан аркы талкалануудан, жасалма эррозиядан сактап калуу аракетин көрүүсү керек. Буга экотехинспекция, жаратылышты коргоо коимтети сыяктуу атайын кызматтарды да тартуу керек.

3.Балдар колдорунан келишинче архелогиялык чалгындоо иштерин жүргүзүшүптүр. Бирок тезинен бул петроглифтерди ар тараптан илимий изидөө иштерин уюштуруу керек. Бул максатта ИА, тарыхчы адис археологдордун атайын экспедициясы уюштурулушу керек.

4.Мурдаштагы петроглифтерди сактоо менен экотуризмдин багытын өнүктүрүп, ал жакка чет өлкөлүк туристтерди тартууга болот. Бизде анча маани берилбегени менен чет мамлекеттерде байыркы эстеликтерге абдан маани беришип, кастарлап мамиле кылып, өз көзү менен көрүүгө абдан аракет кылышат.

5.Албетте Мурдаштагы петроглифтерди жөн эле сактап калбастан аны кадимки тарыхый, табигый эстелик катары, коруктардын катарына киргизип, ага ар тараптан камкордук кылып, айланасын, таштардын беттерин жасалма эррозиядан тазалап, керек болсо улуттук парк катары сактасак да болот.

Мен археолог эмесмин, археология жагын К.Табалдиев, Б.Аманбаева, К.Ташбаева сыяктуу мен сыйлаган адис, окумуштуу археологдор ж.б. мен билбеген жаш же чет өлкөлүк археологдор изилдешсин. Мен илимпоз тарых­чы катары ошол петроглифтерди ар тараптан коргоо, колдоо, сактоо ишине ар тараптан катышууга даяр экенимди билдирем, урматуу мекендештер!

   

   

   

   

Абытов Б.К., тарых илимдеринин доктору, профессор

 

 

 

 

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *