Бүгүн Бишкекте КМШ өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны өтөт

Бишкекте, бүгүн, 7-июнда, Кыргызстандын төрагалыгы астында Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин юбилейлик жыйыны өтөт.

Жыйынга Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, Казакстанстандын премьер-министри Карим Масимов, Молдованын премьер-министри Павел Филип, Белорустун премьер-министри Андрей Кобяков, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода, Армениянын вице-премьер-министри Ваче Габриелян, Өзбекстандын премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов, Азербайжандын премьер-министринин биринчи орун басары Эюбов Ягуб Абдулла оглы жана Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Сатлык Сатлыков жана Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенконун катышаары күтүлүүдө.

Ошондой эле жыйындын ишине КМШ Аткаруу комитетинин төрагасы – аткаруучу катчысы Сергей Лебедев катышмакчы.

Жыйында КМШ мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталган жыйырмадан ашуун биргелешкен документтерге кол коюулуусу күтүлүүдө.

КМШ мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынын чагылдырууга КМШ өлкөлөрүнөн 49 ЖМК өкүлдөрү саналган 118 журналист аккредиттелген. Журналисттер үчүн 200 ашуун журналистке эсептелген пресс-борбор уюштурулган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *