“Баатырдын даңкын алыстан ук…”

Анарбек Жумакалиевдин кыргыз архитектурасына сиңирген эмгеги жана кошкон салымы үлкөн. Ал Кыргызстандагы архитектура тармагы боюнча Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон үч кишинин бири. Бишкек шаарынын аба дарбазасы болуп саналган “Манас” аэробекетинин имаратын долбоорлогон авторлордун бири да ушул киши экенин баары эле биле бербесе керек. 1980-жылы аэробекеттин имаратынын тушоосун кесүү салтанаты учурунда ага Кыргызстандын эмгек сиңирген архитектору наамын берүү жөнүндө Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун Указы окулган. Ошондо ал 35 жашта болгон.

Мен кыйла жылдардан бери ушул инсан менен жолугушсам, ал түзгөн долбоорлор боюнча курулган имараттар жана архитектура искусствосунун али бизге белгисиз сырлары жөнүндө анын өзүнүн оозунан уксам деп ниеттенип жүргөм. Ошол ойлогон оюм ишке ашып былтыр 3-февраль күнү Анарбек ага менен күтүлбөгөн жерден жолугушуп калдык. “Колго түшкөн коёнду коё берген оңобу”, дегендей түзүлүп калган мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай пайдаланып калуу үчүн капысынан кирип келип калган агай менен көпкө аңгемелешкенбиз. Андан бери деле арадан кыйла убакыт өтүп кетиптир. Бул арада биз анын долбоорлору боюнча курулган имараттардын бир далайын көрүүгө үлгүрдүк. Көрдүк да бүгүн архитектор деген өчпөс өнөрдү кесип кылган бул карапайым инсан жөнүндө жазууга кириштик.

Эл оозунда “Баатырдын даңкын алыстан ук, жанына келсең бир киши” деп айтылгандай ондогон келишимдүү имараттардын долбоорлорунун автору жана авторлошу болгонуна карабай Анарбек агай абдан жөнөкөй адам экен. Муну ал киши менен аңгемелешкен ким болбосун байкабай койбосо керек. Болбосо колунан коко тикен өнбөгөн менен оозунан жалын бүркүп, көбүк чачыраткан, өзүн көк асманда жүргөндөй сезген адамдар арабызда азбы?

— Кудайдын буйругу экен ардактуу эс алууга чыкканча ушул тармакта эмгектендим, — ​дейт Анарбек ава. — ​Бул арада бир тууган элиме аздыр-көптүр кызмат кылдым. Ал кандай кызмат экенин эл айтсын. Өлкөбүздүн ар кайсы жерлеринде курулган бир катар имараттардын долбоорлорун авторлошуп түзүүгө катыштым, айрымдарын өзүм түздүм. Бүгүн 72 жаштын белинен тиктеп туруп кудая шүгүр, артымда аз да болсо изим калды деп айта алам. Биздин каарманыбыз Анарбек ава 1945-жылдын 6-апрель күнү тээ тоо арасындагы Төш-Булак айылында туулган. Ал өзүнө Анарбек деген аттын кан күйгөн согуш жылдарында адам канынын анардын суусундай акканынан улам коюлганын айтат.

А. Жумакалиев айылдагы К. Маркс атындагы жети жылдык мектепти бүтүргөндөн кийин окуусун Фрунзе шаарындагы Пушкин атындагы № 5- кыргыз орто мектебинен улантат. Сокулуктун четки айылдарынын биринен барганына карабай Анарбек өз классындагы алдыңкы деген окуучулардын катарында болот. 1962-жылы орто мектепти ийгиликтүү бүтүргөндөн кийин өндүрүштө иштеди деген бир справканын ээси болуу үчүн эки жыл колхоздо жыгач устачылык кылат. Анткени, ал кезде кадыр-барктуу ЖОЖдорго өтүү үчүн эки жыл өндүрүштө иштөө керек деген талап болгон. Окуу дегенде ак эткенден так эткен Анарбектин колуна ошондой тактама (справка) тиери менен ал 1964-жылы Ташкент шаарына аттанып, бала кезинен өзү көксөп жүргөн политехникалык институттун архитектура факультетине тапшырат.

— Ал кезде Ташкент шаары Орто Азиядагы ири маданий борбор болуп саналчу. Ташкентте өткөн студенттик жылдарым мен үчүн турмуштук мектеп болуп калды, — ​дейт Анарбек ава. — ​Беш жылда Ташкент шаарындагы ажайып кооз имараттар менен кенен таанышып чыктым. Практика учурунда Самарканд, Бухара, Москва жана Киев шаарларында болуп орто кылымдарда курулуп сулуулугу көз тайгылткан укмуштуудай кооз имараттарды көрүп суктандым. Ал тарыхый имараттардын архитектуралык өзгөчөлүктөрүн көрүү менин теориялык билимимди бышыктап, болочок архитектор катары көзүмдү каныктырды, ой-чабытымды кеңейтти. Ошондо келечекте мен да ушундай кооз имараттарды долбоорлосом, Кыргызстанда ушундай сулуу имараттар курулса деп кыялдана берчү болдум. Андан тышкары өзбек балдар менен чогуу окугандан институттан өзбек тилин да таптаза үйрөнүп чыктым. Өзбек тилин үйрөнүү мен үчүн дагы бир чоң жетишкендик болду. Анткени, көп тил билүү, башка тилдерин бар-ширесин татуу мага чоң ырахат тартуулайт.

— Анарбек ава, албетте, сиз архитекторсуз. Бирок, сизди кыргыз тилинин зор күйөрманы жана ар бир сөзгө маани берген, анын этимологиясына кызыккан, көкүрөгүнө сөз баккан инсан деп да укчубуз. Сиздеги тилге болгон кызыгуу кайдан пайда болгон, башта ушул суроого жооп берсеңиз?

— Мен кыргыз адабиятынын патриархы Түгөлбай Сыдыкбековдун уулу менен жолдош болгондуктан, ал экөөбүз ээрчишип тез-тез алардын үйүнө барып калчубуз. Түкөм менен үйүнөн таанышып, бул сөз зергеринин балдай ширин сөздөрүн угуп денем балкыды. Түгөлбай атабыз ар бир сөзгө маани берчү. Кыргыз тилинин чоң билерманы, улуу окумуштуу мударис Хусейин Карасаев менен да нечен ирет жолугушуп анын кыргыз тили жөнүндө айткандарын уктум. Зияш Бектенов менен шаарда кошуна жашагандыктан анын да сухбаттарына шерик болдум, насааттарын, кыргыз тили, Манас жөнүндө айткандарын тыңдадым. Азыр ошол улуу инсандарды ойлогондо жүрөгүм тызылдап кетет. Мен ал залкарларды кыргыз асманында жанган Чолпон жылдызга теңээр элем. Менин кыргыз тилине болгон урмат-сыйым менен мамилем ушул улуу инсандар менен болгон байланыштан улам абдан өзгөргөн. Азыр болсо кыргыз, орус, казак, өзбек тилдеринен башка түрк, араб, парсы тилдеринен кабарым бар. Жашым жогорулап кеткенине карабай араб тилин мыктылап үйрөнүп жатам.Тил билүү деген чоң ырыскы. Көп тил билген кишинин түшүнүгү терең жана ой-чабыты кенен болот.

— Анарбек ава, учурда балдарын орус класстарга берип жаткан ата-энелер көп. Анын себебин сурасаң балдарынын келечегин ойлоп аларды орусча окутуп жатышканын айтышат. Ошол эле учурда ал балдар кыргыз тилин унутуп коюп да жатышат. Эмне, кыргызча окуган балдардын келечеги болбой калабы?

— ХХ кылымдын залкарларынын бири Чыңгыз Айтматов “Тил — ​элдин автопортрети”, — ​деп айткан. Демек, эне тили ошол улуттун жүзү болот тура. Мен мекенчил адамдар эне тилин жанындай сүйгөн кишилерден чыгаарына ишенем. Биз кыргыздар мекенчилди патриот деп да жүрбөйбүзбү. Негизи биз мекенчил деп туура эмес айтып жүрөбүз. Патриот дегени журт сүйөр деп которулат эмеспи. Боордош түрктөр журт сүйөр деп айтышат. Өзбектерде деле ватандуст (журт сүйөр) деп айтылат. Мекен дегенде бир окуя эске түшө калып жатат. Ошону айтып берейин.

1968-жылы биз курсташ өзбек балдар менен Москва шаарына диплом алдындагы практикага барганбыз. Бир күнү Горький атындагы сейилбакта эс алып жүрсөк жаныбызга бир киши басып келди. Мен анын И. Раззаков экенин жазгырбай тааныдым. Себеби, мен 1959-жылы Фрунзедеги № 5- орто мектепте окуп жүргөнүмдө мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Тамбовдон М. Рудаков деген агайыбыз отурган кабинетте Исхак Раззаковдун портрети илинип турчу. Биз кээде Рудаков агайыбыздын кабинетине кирип калганда ал мына дубалдагы портретти көрсөтүп бул киши Исхак Раззаков. Ал Кыргыз ССРинин жол башчысы деп айтаар эле. И. Раззаков биз менен сурашып, Ташкенттен келген студенттер экенибизди билгенден кийин араңарда кыргыз балдар барбы деп сурады. Курсташ өзбек балдар менин кыргыз экенимди айтышты. И. Раззаков биз менен бир топ сүйлөштү да анан мага карап: “Урток (жолдош) студент, окууңду бүткөндөн кийин Ватаниңа (Мекен) бар да кыргыз элине кызмат кыл”, — ​деп айтты. Баса, ал кетээринде ар бирибизге би рден тоңдурма сатып алып берди. Ошондо анын көздөрүнөн куюлган жаш галстугуна таамп жатты. Бул сөздөр анын Мекенге болгон сүйүүсү менен кусалыгын айгинелеп турду. Анан “Улуу болсоң кичүү бол” деген эмне экенин да мен ошондо түшүндүм.

Исхак Раззаков жетимчиликтин айынан тырмактайынан Тажикстандын Хожент шаарында балдар үйүндө, андан ары Ташкентте окуп, Өзбекстанда чоң кызматтарда иштеген. Ошого өзбек жана тажик тилдерин таза билген. Ал сыртта окуп жаткан кыргызстандык студенттер окууларын бүткөндөн кийин Кыргызстанга барып, алган билимдерин Ата журттун гүлдөп өнүгүп-өсүүсү үчүн жумшашса деп бир тууган эли менен Ата журтунун камын ойлочу экен. Эне тили жана мекенчилдик жагында айтаарым ушул. Анарбек жаштайында бирде артист, бирде тракторчу болом деп кыялданат. 7-класстан баштап сүрөт сабагына кызыгуусу артып архитектор же сүрөтчү болууну кыялдана баштайт. Кээде түн жарымга чейин уктабай кагаз бетине үңүлүп бир нерселерди чийип отура берчүмүн дейт. Аны көргөн энеси: “Аай, Анарбек, ушундан көрө китеп, гезит-журнал окусаң жакшы болмок”, деп кейип да калчу экен. Менин чиймелерими көргөн мугалимим “Жумакалиев, сенин архитекторлук шык-жөндөмүң бар экен, ойлоно жүр”, деп айтканын эскерет Анарбек ава. Көрсө ошондо анын түнү бою уктабай ар кандай чиймелер менен сызыктарды чийиши аны архитектура өнөрүнүн кудум жомоктогудай машакаттуу жолуна болгон алгачкы кадамы тура.

А. Жумакалиев институтту бүтүргөндөн кийин И. Раззаков айткандай өз Ватанына кайтып келет. Жаш адисти “Кыргызгипрокурулуш” мамлекеттик долбоорлоо институтуна кызматка алышат. Анарбектин жаш-карыга бирдей мамилеси, жайдары мүнөзү, ишке болгон жоопкерчилиги, изденгичтиги, баштаган ишин соңуна чыгармайын жаны тынч албаган көшөкөрлүгү аны эмгек жамаатына дароо эле жуурулуштуруп жиберет. Коллегалары деле адамгерчиликти, ишке болгон жөндөмдү жогору баалаган ак ниет адамдардан эле. Тулку боюнда тубаса таланттын угуту бар жаш адис ал жерде түйшүккө бата издене иштей баштайт. Эртеден-кечке башкалардын акылы жетпеген кыйма-чийме сызыктарды чийип баш катырып отура берет. Бул арада ал бир катар архитекторлор менен бирдикте Фрунзе шаарынын ажарын ачкан сулуу имараттардын долбоорлорун чие баштайт.

Архитектор Алексей Михайлович Альбанский менен авторлошуп түзүлгөн азыркы Ч. Айтматов атындагы орус драма театрынын долбоорун даярдоодо А Жумакалиев жаш болгонуна карабай өз сунушун кийирип ал колдоо табат.

— Драмтеатрдын имаратынын долбоорун түзүү иши баарынын башын катырган, — ​дейт А. Жумакалиев ал күндөрдү эскерип. — ​Мурда пайдаланылып келген обьектини реконструкциялоо ишин түзгүчө бүтүндөй бир жаңы имараттын долбоорун иштеп чыгуу арзанга түшөөрү практикада болуп жүрөт. Мисалы, биз орус драма театрын мурдагы ордунан жылдырбай кайра курууда, анын оболку ээлеген аянтын, сахнасынын көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу болуш жагын айтып, анын баарын изилдеп чыктык. Анын жарым-жартылай кирпич дубалдарына темир-бетон материалдарды, алюминийди, айнекти кылдаттык менен кынаптап жалгаштырууга туура келди.

Анарбек аванын А. Иванов жана А. Куделя менен биргеликте түзгөн долбоору боюнча курулган “Манас” аэробекети Борбордук Азиядагы ушул типтеги имараттардын эң эле мыктыларынан. Аталган курулушка Жалал-Абаддан алып келинген сары таш деген материал алгач ирет пайдаланылган. Аэробекеттин имаратын долбоорлоодо улуттук коллорит сакталгандыктан, ал бир караганда кыргыздын боз үйүн да элестетип турат. Бул ал кездеги жаш архитектор Анарбектин талантынын жемиши эмей эмне? Анткени, берки кесиптештерине караганда кыргыз өңүн ал он эсе, ал тургай жүз эсе жакшы билет эмеспи. Ал Кара-Колдогу К. Жантөшев атындагы драма театрын, Талас шаарындагы маданият Үйүн, Токтогул Казарман поселокторун, азыркы “Семетей” балдар борборун долбоорлоого катышкан. Киров суу сактагычы жана Миң-Куш шаарчасындагы соода борбору ж. б.у.с. сыяктуу ондогон обьектилердин долбоорун ал өзү чийген. Ал эми анын долбоору боюнча курулуунун саатын күтүп жаткан болочоктун заманбап имараттары канча.

Архитектордун иши абдан жооптуу жана ийне менен кудук казгандай татаал жана жоопкерчиликтүү болоорун баары эле биле бербесе керек. Ар бир имарат тиешелүү улуттун тарыхын, маданиятын, искусствосун, ал тургай философиялык ой толгоолорун да чагылдырып турушу зарыл. А. Жумакалиев кайсы бир имараттын долбоорун чийүүгө киришүүдө мына ушуларга маани берип келет.

Байтик баатыр менен Шабдан баатырдын күмбөздөрүн реставрациялоо иштери да ушул кишиге тагылып, ал бул ары жооптуу жана ары татаал милдеттерди жарык жүз менен аткарууга бел байлайт. Ал Байтик баатырдын күмбөзүн жаңыртып-жасалгалоо үчүн баарынан мурда Ташкент жана Алма-Ата шаарларына барып ал жерлердеги архивдерден өйдө карап чыккан. Илимий изилдөө иштерин баштан өткөргөн.

— Акыры Байтиктин күмбөзүнүн түпкү турушунун элеси табылды. Анын тулку-бою сегиз кырдуу жарым кесилиштен туруп, бийиктиги сегиз метр болгон.Туурасынын эни алты метрге чамалаш, Төбөсү чүмкөлүү. Күмбөздүн боорундагы графикалык сызыктар ага кошумча көрк берип турат. Мыкты чеберлердин колунан чыккан бул кереметтүү тарыхый архитектуралык курулуш 1990-жылы толук бойдон калыбына келтирилди. Союз чачырап кеткенден кийинки каражат жагындагы кыйынчылыктардан улам башка көптөгөн ой-максаттар менен ийги тилектер токтоп калды, — ​деп улутунду Анарбек ава.

Анарбек ава өзүнүн чыгармачылык ишмердүүлүк доорунда көрө албастыктан жана ар кандай терс көрүнүштөрдүн бетин ачып түз айткандан улам бут тосуулар менен кодулоолорго да туш келген күндөр болгон. Ал тургай КГБ деп аталган мекеменин куугунтугуна да кабылганы ырас экен. Анын жалтанбастыгы, тубаса таланты, тынбай изденип талбай иштөөсү бардык тоскоолдуктарды жеңип, анын ыргыткан ташы улам жогору карай кулай берген. “Кыргызгипрострой” институтунун администрациясы 1969-жылы топ ичинен тандап туруп аны институттун башкы архитектору кызматына дайындайт. А. Жумакалиев ошол эле учурда архитекторлор устаканасынын да башкы архитектору кызматын аткарып кош тизгинди 2015-жылга чейин үзбөй кармап келген.

Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген архитектору, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак граммотасы менен “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалынын ээси, СССРдин жана Кыргыз ССРинин архитекторлор союздарынын мүчөсү Сокулук районунун кулуну Анарбек Жумакалиев учурда үй-бүлөсү менен өзү туулуп-өскөн Төш-Булак айылында жашайт. Анын өмүрлүк жубайы Жумагүл апабыз педагог. Анын С. Чуйков атындагы көркөм өнөр окуу жайын бүтүргөн улуу уулу Нурбек “Бештентек” жана “Күч бирдикте” мультфильмдеринин автору. Кенже уулу Эрмек баш калаабыздагы комп ьютердик борборлордун биринде иштейт. Аны копьютердин чоң билерманы деп угабыз.

Абдил-Ахат КУРБАН уулу

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *