Бабанов премьер-министрликке да, тандемге да барбайт 

Президенттик шайлоого аттанган талапкерлердин дараметтери канчалык экени байкала баштады. Негизинен үч-төрт фигуранын айланасында күрөш жүрөрү күтүлүүдө. Мына ушулардын ичинен көзгө көрүнгөнү Өмүрбек Бабанов болууда, саясый рейтинги да алдыга озду.

Күн өткөн сайын каршылаш жээктеги оппоненттер Бабановду кантип оюндан чыгарууну, канткенде айласын табууну ойлонушуп, баш оорутушууда. Саясый технологдор акырында «Бабанов шайлоонун аягына чыкпайт, жарым жолдон Сооронбай Жээнбеков менен тандемге барат. Премьер-министрликти соодалашат» маанайында өз ара бүтүмдөрдү чыгара башташты. Бирок, мындай сөздөрдүн баары куру аракеттен жаралган «өрдөктөр» экенин баса белгилеп коюу парз. Биздин так маалыматыбыз боюнча, Өмүрбек Токтогулович президенттик шайлоодо аягына чейин катышат, ал эми жеңишке жетишүү Кудайдын буйругунан эмеспи. Аныгында, орто жолдон соодалашуу болбой турганы ачык байкалып калды. Балким, шайлоо 2-тур менен аякташы мүмкүн. Эл татыктууну тандашы керек да.

Дагы бир жагдай, Бабановдун президент Атамбаев менен өз ара жылуу мамилеси бар. Бул дагы негизги ролду ойнойт. Эң башкысы, шайлоодо калыстык болсо гана элдин тынчтыгы сакталат. Ансыз да акыркы убакта башка саясатчыларга кылмыш иштери көп козголуп, тынчтыкты бузууга аракеттер да байкала баштады. Мындай шартта Бабановго чындап эле элдин колдоосу, ишеними артылып атса, эң оболу, ал мамлекеттин туруктуулугун сактаган, негизги күч катары өзүнүн шансын колдон чыгарбашы зарыл. Жыйынтыгында, мындан ары Кыргызстанды жетектей турган күчтүү лидерге муктаж болуп атканыбызды баарыбыз эле сезип турбайбызбы…

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *