“Бабановду колдоо” комитетин түзүү боюнча сунуш айтылууда

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Кенжебек Бокоев “Республика – Ата Журт” фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановду колдоо комитетин түзүү сунушун айтты.

“Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Өмүрбек Бабанов боюнча айткан сөзүнөн кийин жер-жерлерден биздин партиялаштар жана санаалаштар телефон чалышып, “Бабановду колдоо” комитетин түзүүнү талап кылып жатышат. Бүгүн, парламентте Өмүрбек Бабановго мыйзамсыз козголгон кылмыш ишин карамак элек, бирок, убакыт тартыш болуп калды. Биздин шайлоочулардын сунушун биз сөзсүз эске алабыз жана Өмүрбек Токтогуловичтин ишин аягына чыгарабыз”, – деди депутат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *