Бабырбек Жээнбеков, коомдук ишмер: «Кечээ Фарид келиңиз, дагы такташалы, сөзсүз түрдө чара көрөбүз деп телефон чалыптыр»

-Бабырбек Субанович,  учурда “сөз эркиндигибиз гана калды, калганынын баары жоголду” деген сөз байма-бай айтыла баштады. Бул сөздөргө кошулса болобу?

– Сөз эркиндигиң деле жыргап кеткен жок. Ошол эле убакта, сенин сурооңо мисал катары Орто Азия  өлкөлөрүн алып карасак, Казакстанда, Түркменистанда, Өзбекстанда, Тажикстанда  сөз эркиндиги деген таптакыр жок. Аларга салыштырмалуу биздин журналисттер  каалаган нерсесин жазып, каалаган нерсесин элге жеткире алат. Бул жагынан албетте биз алдыда баратабыз. Ошол эле убакта сөз  эркиндигине бийлик кандай мамиле кылып жатат? Негизги маселе ушунда болуп жатпайбы. Жазганын го биз жазып жатабыз, ага бийлик көңүл буруп жыйынтык чыгарабы? Гезиттерге,  электрондук маалымат каражаттарына толгон-токой сын материалдар жарыяланып жатат. Бирок бийлик ага кабагым-кашым дебей  өз билгенин жасоодо. Деги эле  массалык маалымат каражаттарына жарыяланган материалдар коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөрдү элге жеткирип, коомчулуктун сынына коюп, бийлик  ошондон бийлик  жыйынтык чыгарса деген  максатта жазылат.  Мүмкүн  коомчулук кандайдыр бир деңгээлде  өз пикирин билдирет, элдик талкууга алынат, бирок бийлик тарабынан көңүл буруу болбой жатпайбы.  Айтылган сөз ошол жерде эле калып, коомдо өзгөрүү болгон жок.  Ошол материалдарга  бийлик тарабынан реакция берилбегенден кийин бизде басма сөз, деги эле сөз эркиндиги  бар, ал бааланат деп айтуунун өзү кыйын. Сөзгө маани берилбегенден кийин  ал куру сөз болуп калат.  Ооздун жели чыкты, абага учту да кетти.  Сөз эркиндиги  жөн гана айтып коюш эмес,  кандайдыр бир баасын алса гана сөз эркиндиги бар деп айтса болот.  Экинчи жагынан “сөз эркиндиги” деп көп нерселерди жазып жатабыз. Бийлик бутактарында олтурган адамдар жөнүндө  материал чыгып, ага жакпай калса, четинен камап,  ар кандай айып пулдарды  салышууда. Бүгүн Уран Ботобеков сыртта качып жүрөт.  Дайыр Орунбековго 2 млн сом  акча айып пул салып, төлөгөн жоксуң деп Жаза кодексинин 338-беренесинин негизинде  кылмыш ишин козгошту.  Сен айып пулду төлөй албай  калдың деп кылмыш ишин козгоо бул айбанчылык болуп жатпайбы. Бүгүнкү күндө биздин бийликтин журналисттерге ушундай мамиле  жасап жаткандан кийин сөз эркиндиги бар деп айтыш өтө оор нерсе.

-Медалдын экинчи жагы бар да. Мисалы, ошол сөз эркиндигин алып жүргөн айрым журналисттерибиз акылга сыйбаган, адамдын адамдык аброюна шек келтирген сөздөр менен жазып жиберишүүдө. Балким  өзүбүз ошол бийлик бутагындагыларды сындап жатканда  фактысы менен адамдын жеке жашоосу, адамдык аброюна шек келтирбесек балким  башкача болмок беле?

-Журналисттердин  жоопкерчилигин күчөтүү бүгүнкү күндө чоң  маселеге айланууда. Анткени бүгүн өзү эмне жөнүндө жазып жатканын билбеген “жазгычтар” көбөйүп кетти. Журналист негизинен фактыны терең изилдеп, бышырып, анан окурманга бериш керек. Эгерде ой чабыты кенен, билим деңгээли жогору, өз ишин сүйгөн журналист  болсо көчөдөн уккан сөздөрдүн баарын эле  элге  жеткире  бербейт. Биздин журналисттер  ар кайсы окуу жайды бүткөндөр, же 10-классты бүтүп деле  журналист болуп кеткендер.  Ошентип атып журналистика чарбасы боткого айланып калды. Чындыгында жоопкерчиликти сезген  журналисттерибиз  аз болуп жатат.  Биз көбүнчө  башкы редакторлорду күнөөлөп, жоопкерчиликти ошолорго артабыз.  Бүгүнкү күндө бир дагы басма сөз кызматында фактыны терең изилдөө мүмкүнчүлүгү жок,  кылдырап араң оокат кылып жатышат.  Башка материал жок болуп же башка себеп болуп калгандыктан  келген материалды  чыгарууга аргасыз болушууда. Менимче,  журналисттердин жоопкерчилигин  күчөтүүнү колго алуу зарыл. Басма сөз жөнүндө мыйзамды түп тамырынан кайра иштеп чыгуу керек. Мен өткөндө  басма сөз боюнча мыйзамдын орусча варианты менен кыргызча вариантын салыштырып көрдүм. Экөө таптакыр эки башка вариант.   Мыйзам боюнча мамлекеттик тилдегиси расмий вариант  болуп эсептелет.  Аны колдонолу десек орусча вариантына  карама-каршы келип калат экен.  Мындай жагдайлар ал мыйзамда абдан көп экен. Бүгүнкү күндө  журналисттердин  жоопкерчилигин жөнгө салган  мыйзамдарыбыз да жок. Кылмыш жаза кодексинде   мазактоо жана жалган ушактоо деген беренелер  бар эле, аларды да алып салышты.  Менимче материалды жарыялаган гезитти күнөөлөбөй материалды берген авторду жеке жоопкерчиликке тартып баштасак алар тизгинин өздөрү эле тартып калат. Антпесек биз  журналистиканы жоготуп алабыз. Журналистиканы жоготобуз, “жазгычтар” каалаган нерсесин жазганды  уланта берет.  ММКлар дагы кандай гана сын материал болбосун бийлик тарабынан  кандайдыр бир деңгээлде көңүл буруу сөзсүз керек. Эмне үчүн коммунисттердин убагында ар бир чыккан сын материал райкомдун, парткомдун жыйындарында каралып, аларга баа берилчү эле. Ал кезде бүгүндөй  жамыраган гезиттер  жок, гезитке чыккан ар бир сын материал  текшерүүгө алынып,  өзүнүн баасын алчу. Ушуларды кандайдыр бир деңгээлде ишке киргизип алсак  анда басма сөз эркиндиги дегенибиз  баканооздук, буйрутма материалдарды эмес, анын баасы өтө жогору экенин биле баштайт элек.

-Эки күндөн кийин 2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз деп келген  Конституциябыз  өзгөртүүгө коюлуп жатат.  “Эркин Тоо” гезитине чыккан расмий билдирүүдөн юридикалык жактан кандайдыр бир купулга толо турган  кошумчаларды көрө алдыңызбы?

-Сот системасындагы өзгөртөбүз деп жаткандарын эле айталычы. Өткөндө президент  Жогорку Сотко барып алып  “сот системасын жөнгө салдык. Мен иштеп жаткандан бери 350дөн ашык судьяларды дайындадым. Ошонун бирөөсү гана мени  уят кылды. Калганынын баары жакшы иштеп жатат. Ушундай темпиңерден жазбай иштегиле”-деп кетти.  Мен аябай таң калдым. Анткени мен Кыргызстанды аралап соттор  менен түздөн-түз иштешип жатам.  Бүгүнкү күндө сот системасы  таптакыр отуруп калды. Бакиев  менен Акаевдин убагындагы сотторду көрдүм. Аларга караганда бүгүн ыйманы жок,  нысапсыз, мыйзам менен  ойногон судьялар,  прокурорлор аябай көбөйүп кетти. Муну моюнга  алышыбыз керек. Президент айткандай болсо шапкелерибизди көккө ыргытып кубанбайт белек.  Андай болбой, тескерисинче артка кетип жатабыз Чындыкты моюнга алыш керек  да. Сотторго бааны президент эмес, эл бериш керек. Эл болсо  бул соттордон тажап бүттү. Конституцияга сот реформасын киргизебиз, сот системасын оңдойбуз деп жатышат. Конституциялык  сот чечим чыгараардан мурда президент менен Жогорку Кеңешке жөнөтүш керек экен. Алар макулдугун берсе  Конституциялык палата ошондой токтом  кабыл алыш керек. Эгер макул болбосо эки айдын ичинде карап,өздөрүнүн чечимин кабыл алат экен.  Жогорку Кеңеш го оюнчук орган.  Президент  кандайдыр бир каршылыгын билдирсе,  Конституциялык сот эч убакта өзүнүн оюн айта албайт. Буга бир эле мисал келтирейин. 2013-жылы  Констиуциялык палата  “баш мыйзамды өзгөртүүгө болбойт”-деген токтом чыгарып берген. Бүгүнкү күндө президенттин аппараты кайрылса “референдум өткөрсө болот,  Конституцияны өзгөртүүгө болот”-деп чечим чыгарып берип жатышат. Ушундан кийин биз Конституциялык палатага кантип ишенебиз? Деги эле соттор туура чечим чыгарып мамлекеттин, элдин тагдырын чечет дегенге  кантип ишенсе болот? Бул жерде  сот системасын алдыга жылдырып, реформа жүргүзүп жатабыз дегендери жөн эле жомок.  Соттор мыйзамдын  нормаларын сактап, мыйзамды гана жетекчиликке алып  иштеш керек деп жатпайбызбы?  Бул жерде мыйзамдын  нормалары менен эмес, бийликтин айтканы менен иш кетип жатат. Өзгөртүлүп жаткан Конституция боюнча  аны алдыга жылдырчу эч кандай сот  системасына өзгөртүү кирбейт. Тескерисинче сотторду биротоло тизгиндеп алуунун гана амалын көздөп жатышат. Мындан башка да көп  өзгөртүүлөр бар экен Булардын  бардыгын Конституцияга киргизиштин кереги жок болчу.  Атайын Конституциялык мыйзамдар  бар.  Соттор, соттордун статусу тууралуу мыйзамдар  бар, ошолорго эле Конституциялык мыйзамдарды өзгөртүү, кошумчаларды киргизиш керек болчу.  Конституцияга фундаменталдык нормалар гана кирүүсү керек. Бүгүн Конституцияны өзгөртөбүз дегендери өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлоп, жасалган гана кадам.  Мейли, азыр Конституцияны оңдоп коюшсун. Эртеңки күнү кийинки президент келип дагы оңдоо киргизет. 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө укугу жок деген норманы сактап турсак  кийинки  келген президент 2020-жылга чейин иштемек. Ага чейин  Конституциялык кеңешме чакырып,  Конституциянын бышырылган вариантын иштеп чыкканына кенен убакыт болмок.

-А эгер Атамбаев кетпей калсачы?  Анткени баскан турган жеринде кетээрин айтып жүргөн Президентибиз  кечээ жакында коңшу өлкөнүн  башчылары  кала берүүсүн суранып жатканын маалымат жыйынында айтты. Акаев менен Бакиев деле экинчи мөөнөткө барбайм деп анан “эл суранып жатат” деп кала беришкени баарыбызга маалым го?

-Туура, Атамбаев буга чейин “мен экинчи мөөнөткө барбайм, премьер-министр да болбойм”-деп айтып келген. 1-декабрдагы маалымат жыйынында  Путин менен Назарбаев менден суранып жатат деген сөз оозунан чыгып кетти. Биз эгемен мамлекетпиз. Эгемен мамлекет болгондон кийин алардын  суранганы суу кечпеген нерсе.  Путин менен Назарбаев Атамбаевдин президент болуп калаар калбасын  чечпейт. Кыргызстандын эли өзү чечет. Эгерде  кыргыз эли Конституцияга өзгөртүү киргизели, президентти  эки же үч мөөнөткө шайласак болот  деген өзгөртүү киргизсе анда барышка акысы бар. Бүгүн Конституцияда андай норма  жок болгондон кийин  ал жөнүндө сөз кылуунун өзү туура эмес болуп калат. Демек , бул жөнүндө  сөз башталгандан кийин Атамбаевдин көкүрөгүндө  кандайдыр  бир ойлор пайда болгондугун жокко чыгарууга болбойт. Бекеринен Назарбаев менен Путинге шилтеме жасаган жок. Эртең мынакей эки президент болбой  суранып жатышат, Кыргызстандын элинен кайра-кайра  кайрылуулар түшүп  жатат  деген  сөздөрдү айтып чыгышы мүмкүн. Бул деген мөөнөтү бүтөөрүнө бир жыл калган убакытта кандайдыр бир фундаментти, жолду даярдап жатканынан кабар берет. Бул сөз бекеринен чыккан жок. Мен бир иштерди  баштадым  эле, ошолорду аягына чыгарсам болот эле деп жатпайбы? 5 жылдын ичинде  мамлекеттин  турмушун өзгөртө албаган адам  аны он жыл берсең да өзгөртө албайт. Андан үмүттү үзүп коюу керек.  Анан  калса,  Атамбаевдин бүгүнкү жүргүзүп жаткан саясаты  мүмкүн элге көп сезилбейттир,  бирок  президент экономиканы алдыга жылдыруунун ордуна артка кетирип жатат. Бизде  эң  кирешелүү сектор болуп электр энергиясы  эсептелет.  Мен монополияга каршы кызматта иштегенден улам бул маселени жакшы билем.  Электр энергиясы бизде жетиштүү деңгээлде өндүрүлүп жатат. Жылына 15 млрд киловатт  электр энергиясын өндүрсөк, ошонун  5тен бири  3 млрды жок болуп, абага учуп кетип жатат. Чындыгында бул абага учпайт. Ачыгын айтканда  атка минерлердин эле чөнтөгүнө кетип жаткан акчалар.  Ушуну жөнгө салыш керек эле.  Өз убагында мен   бул боюнча өзүмдүн сунушумду жазып Президентке, Жогорку Кеңешке,  премьерге да бергем. Атамбаев менен Жогорку  Кеңеш көңүл да бурган эмес. Бул жерде  Жантөрө Жолдошевичке рахмат айтыш керек. Алгач  муну укканда мени зекип “сен өкмөттүн саясатына каршы  иш жасап жатасың”-деп айтты. Бирок мен берген нерсени окуп чыгып Артыкбаев экөөбүздү чакырып “Бул кишиники туура экен, Бааны көтөрүүгө эч кандай негиз жок экен”-деп айткан.  Бирок, жыл айланбай мен кызматтан кеткенден кийин бааны көтөрүп салышты. Бүгүнкү күнгө чейин эл да унчукпайт, башкалар да  унчукпайт. Бүгүнкү энергетикага коюлуп жаткан баа негизсиз, туура эмес баа.  Ушундай нерселер көп болуп жатат.  Мындай боло берсе  биздин экономикабыз алдыга жылбайт.  Тармакты көтөрүү үчүн анын жетекчиси ой чабыты бар, ишти анализге ала алган, анан сөзсүз  патриот адам болушу керек.

-Бакиевди  президенттиктен кетирген ушул нерселер эле.  Ошол убакта элди көтөргөн оппозиция  башындагы Атамбаев, Текебаевдер турушту. Бүгүн  элдин дагы булардын дагы унчукпай жатканынын себеби эмнеде? Бийликке жетиш үчүн эле  ушул рычагды колдонуштубу?

-Эл унчукпагандан кийин бийликке келген адам Атамбаев айткандай “ажыдаарга”  айланып кетип жатпайбы.  Ажыдаарга айлангандан кийин каалаган нерсесин жасайт. Тийешелүү тармакта иштеген адамдар да алардын  чөнтөгүнө бирдеме түшкөнүн каалап турушат.  Электр  энергиясынын эсеби жок болсо, жылына 3 млрд  киловатт энергетика абага “учуп”  кетип жатса башкача айтканда чөнтөккө түшүп жатса алар албетте  жанагындай кадамдарга барышат да. Болбосо, мен 38 барактан турган  атайын справка жазып бердим эле.  Ар бир электр ишкана, мисалы  Чыгыш электро, Ошэлектро, Электро станциялар АККнын болгон  чыгаша кирешелерин   баарын эсептеп, так эсебин чыгарып  бергенбиз.  Мурдагы баа менен  эле иштегенде жылына ушул мен айткан ишканалар канча пайда табаарын айтканбыз. Ошондо алар  жылына  250-300 млн сомдун тегерегинде накта киреше таап жатышат.  Бүгүн  бааны  2 сом 14 тыйын кылдык. Кана электр тармагы элдин чекесин жылытып жибергени?

-Азыр энергетика холдинги эмне иш жасап жатканы белгисиз. Дыйкандарга пайдасы тийбеген  айыл чарба министрлигине караганда энергетика министрлигин кармап калса болмок. Бүгүн ортомчу компаниялардын гана күнү тууп жаткандай таасир калтырып жатат?

-Бүгүнкү эң чоң  киреше алып келе турган тармак бул энергетика.  Геология жана  минералдык ресурстар агенттигин комитет кылып, ага өнөр жай, электр тармагын берип салды.  Үчөө  бири-бирине кошулбай турган тармактар. Өкмөттүн структурасын түзүп жатканда  Сооронбай Жээнбековго ишендим эле. Мурда иштеп жүргөн, практикалык, теориялык жактан да өзгөртүүлөрдү киргизе алат го десем бул киши  өз алдынча ишти алып  кете албайт экен. “СДПК” кандай айтса ошону жасап, таптакыр жылыш жок. Чындыгында эле бүгүнкү күндө  айыл чарба министрлигинин иште эч кимге кереги жок. Экономика министрлигинин  эмне кереги бар экенин да билбейм. Конкреттүү түрдө бүгүн эмне иш менен алектенет? Булар ведомостволордун саясатын аныктап берет. Андай нерсенин эмне кереги бар?  Экономика министрлигин Каржы министрлигине кошуп туруп эле  жашынакай ишти алдыга жылдырса болот эле. Канчалаган акча каражаты кетип атат, канчалаган кадрлар олтурат. Ошол эле монополияга каршы кызматты экиге бөлүп салышты. Электр тармагы боюнча өзүнчө, калган тармактар боюнча өзүнчө. Бизде эмне, ошончолук эле акча көппү? Мен иштеп жатканда  электр тармагын 4 гана кызматкер тейлеп,  Кыргызстандагы электр  тармагынын бардык иштерин бүтүрүп жөнгө салып койчу? Бүгүнкү күндө жаңы агенттик  түзүштү. Канчалаган  мамлекеттин акчасы кетип жатат.  Ушундай алешемдиктер көп кетип жатпайбы. Чөнтөгүбүздө акча жок болсо,  анан  Кыргызстандын жашоосун оңдойбуз деп жатсак,  керексиз структураларды ача бергенден көрө мамлекеттик кызматтардын ведемостволордун,  министрликтердин  кыла турган ишин конкреттүү аныктап, санын азайтып, ар бир кызматкерге тагылган   милдеттин жоопкерчилигин күчөтүп койсо эле жашынакай алдыга жылмакпыз.  Бүгүн баары  чаржайыт. Айтылган нерсе айтылган жерде калып жатат.

-Өзбекстан жаңы гана президенттүү болду. Биздин президент Өзбекстанга  иш сапары менен бараары айтылууда. Ислам Каримов каза болгондо барбай коюп, эми барганы туура эмес болуп калбайбы?

-Ислам  Каримов каза болгонго чейин барып көп маселелерди чечиш керек болчу. Мамлекет башына келген адам   алыскы, жакынкы мамлекеттердин башчылары менен колунан келишинче  жакшы мамиле түзүүгө, ошого аракет жасоого милдеттүү. Бул өлкө башчысынын жеке кызыкчылыгы эмес,  элдин кызыкчылыгы.  Элдин кызыкчылыгын биринчи орунга  койгон президент жанындагы  коңшулар менен жакшы мамиле түзгөнгө милдеттүү. Тилекке  каршы,  биздин Президент андай кадамга бара алган жок. Ал Каримовдун өлүмүн күтүп жүрдү.  Мына ал тилеги ишке ашып, Каримовдун  көзү өтүп кетти. Мирзиёев президент  болуп шайланды. Жаманбы, жакшыбы мамлекеттик этика деген бар.  Ошонун негизинде  болсо дагы биздин президент  Ислам Каримов  каза болгондо жакындарына,  мамлекеттин башка жетекчилерине  көңүл айтып келиш керек эле. Бул анын кемчилиги. Анын дагы деле бараар, барбасы күмөн.  Экинчи тараптын пикирине таянсак барбай  калышы мүмкүн.  Кандай болгон күндө да барыш керек.

– Сизди “Теле компания ачат экен, “Алиби” гезитин кайра  жандантат экен”-деген сөздөр чыгып жатат.

-Уулум бүгүн саясаттагы салмактуу саясатчылардын  бири.  Анын өзүнчө көз карашы бар.  Мен ага кийлигишпейм.  Телевидение менен да өзү алектенип жүрөт. Мен “атасы менен баласы  жарышып чуркап жүрөт, кыйкыргандан башка  колдорунан эч нерсе келбейт”- деген элдин сөзүнө калбайлы деп тизгинди тартып турам. Бирок учурдагы саясый, коомдук турмуш чоң саясатка   аралашууга мажбур  кылып жатат. Бүгүнкү бийликтин  жүргүзүп жаткан саясаты айрыкча референдумду өткөрүү, укук коргоо, сот органдарында жүрүп жаткан оркойгон кемчиликтер жанга батып турат.  Калыс кепти уккулары келбесе камчы көтөрүп чыгууга мажбур болосуң да. Кечээ  эле “Майдан” гезити аркылуу  Фарид Ниязовго кайрылуу жасадым.  Анткени мындан эки ай мурун  Фарид экөөбүз сот системасы боюнча сүйлөшкөнбүз. Мен кайрылуу жасагам.  Ошондон  бери  айтылган сөз айтылган жерде калып, алга  жылбайт. Прокуратуранын, соттордун ишине баа берели деп гезит аркылуу кайрылсам  кечээ Фарид келиңиз, дагы такташалы, сөзсүз түрдө чара көрөбүз деп телефон чалыптыр.  Прокуратурага мыйзам бузуулар болуп жатат, карагыла деп жазсам, алар тескеричинче мыйзам бузган адамдарды коргоп,  ошолорду канатына калкалап жатат.  Ушундай иштер боло берсе кимдин болбосун жаны күйөт экен. Соттор, прокурорлор мамлекеттин менчигинде турган жерди басып алуучуларга берип  коюп анан алардын таламын талашып жатат. Ушундай нерселерди көрүп олтургандан кийин айла жок  башка кадамдарга барууга мажбур болот экенсиң. “Алиби” гезитин ноябрда эле чыгарууну  пландаштыргам.  Каржы маселесине байланыштуу токтоп  турат.  Жардам берем дегендер качып жатышат. Жаңы Жылдан кийинкиге калды го.

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *