Байболот Абытов, профессор: Кара-Кулжалыктар Улуу Ата Мекендик согушта кандай согушкан?

Советтер Союзунун баардык элдеринин тарыхына ташка тамга бас­­­­кан­дай из калтырган мезгил экинчи дүйнөлүк согуштун негизги бөлүгү, Улуу Ата Мекендик согуш жылда­ры, бул апаат со­гуш­тагы Улуу Жеңишке кыр­гыз эли, Кыргызстан жана анын ичинде Ош об­лас­­тынын, анда­гы Совет (азыркы Кара-Кулжа) районунун  кал­кы­нын башка­лар сыяк­туу эле кошкон салымы зор жана баа жеткис.

Улуу Жеңишти бир жагынан ошол согуш талааларындагы каар­ман, эр жүрөк, тай­ман­бас баатыр жоокерлер, экинчи жагынан  тыл­дагы эмгек­чи­лер, балдар, аялдар жана кары адамдар ошол согушка кеткен жигит­тердин ор­дун басып, «Баардыгы фронт үчүн, баар­дыгы жеңиш үчүн!» – урааны­нын алдында эмгектеги эрдиктери ме­нен жеңишти камсыз кы­лыш­каны баары­бызга маалым.

Фашисттик Германия «Барбаросс» деп аталган чагылгандай тез со­гуш планы боюнча Советтер Союзун бир нече жумада эле тал­калап, 1941-жылдын кышы­на чейин СССРди толук басып алмак. Немец­тик фашисттик баскынчы­лардын жырткычтык ме­нен кол салышы, совет элинин тынч жашоосун бузуп, социалисттик Ата Мекен катуу коркунучта болуп, совет элинин көз каранды эместиги жана эркин­диги үчүн Улуу Ата Мекендик согуш башталган. 1941-ж. 22-июнда башталган ошол согуштун фронтторунда Кара-Кулжа­нын жоокер, тайманбас эр жигиттери,  тылдагы эли да өз чоң салымын кошкон.

Белги­лүү болгондой Кыргызстанда СССР Жогорку Советинин Пре­зидиумунун 1941-ж. 22-ию­н­ун­дагы Жарлыгына ылайык өлкөдө ас­кер­ге мил­дет­түүлөрдү жалпы моби­лизациялоо иши башталган. Бул иштин жүрүшүндө Кыргызстанда 385-аткычтар дивизиясы, кийин 40, 153-аткычтар бригада­ла­ры, 2 улут­тук атчандар дивизиясы түзү­лүп, алар республиканын өнөр жай ишка­на­лары жана колхоздору тарабынан жабдылган. Ошолордун кура­мында Кара-Кулжалык жоо­керлер, эр жүрөк азаматтар да болгон. Алардан согушка бирин­чи болуп Кыргызстан­дын аскер комиссары генерал-ма­йор И. Пан­филов командалык кылган 316-аткычтар дивизиясы кир­ген. Кыр­гыз­стандык жоо­кер­лер Москванын, Сталинграддын алдын­да­гы, Түндүк Кавказдагы, Курски­деги салгылаштарда, кийинчерээк Ук­­раи­на­ны, Бе­ло­рус­сияны, Польшаны, Венгрия, Чехословакияны бо­шо­­туу­да, Берлин­ди алууда эрдиктин үлгүсүн көрсөтүү менен баа­тыр­ларча кармашыш­кан. Дээрлик көпчүлүгү баатырларча курман болгон.  Ошентип, Улуу Ата Мекендик согушта Советтер Союзунун  элдери сыяктуу эле Кара-Кулжалыктар да эркиндик, көз каранды эместик үчүн жан аябай салгылаш­кан. Көп улут­туу Советтик Ар­мия­нын катарында Кыргызстандан чакырылган 363200 жоокер Ата Мекенди баатырларча коргоп, дээрлик көбү фронт тала­аларында душманга каршы жан аябай согушуп, түбөлүккө калып, Мекен кор­гоонун үлгүлөрүн көрсө­түшкөн.

Улуу Ата Мекендик согуш башталаары менен кандуу майданга биздин кичинекей, эң алыскы тоо арасында, Кытай менен чек ара­лаш жайгашкан Совет районунун ошол кездеги баардык айыл-кыш­так­тарынан, колхоз-совхоздорунан 4650 жоокер аттан­ган, Улуу Жеңишке алардын 2305 жетпей, кандуу согуш талааларында баа­тыр­ларча курман бо­лушкан. Фронттордон кайтып келген 2345 жоокердин жарымына жакыны түбөлүк жаракаты, майып­тыгы ме­нен кайтып өз кичи ме­кен­дерине келген. Булардан башка миң­деген адамдар, согуштай бекем тартиптеги эмгек фронтторуна жөнөтүл­гөн. Эмгек фронтуна чакырылгандардын да көбү кайтпай калган. Тилекке каршы, биздин райондон барган эмгек фронтунун жоокер­лери­нин так саны азыркыга чейин белгисиз. Ал кездеги Совет району он­догон  колхоз, совхоздор  болуп бөлүнүп, ар биринин кал­кы, эм­гекчилери Жеңиш үчүн өз күжүрмөн салым­дарын кошкон.

Согуш кезинде өз уулдарын фронтко жөнөт­көн колхоз, сов­­хоздор бүгүнкү күнгө чейин сакталбай, азыркы за­манына жара­ша бөлүн­гөн аймактык-адми­нис­­тра­циялык биримдиктерде, т.а. айыл өкмөт­төрдөн төмөнкү сандагы жоокерлер согуш талааларына аттанган:

 

 

Азыркы айыл өкмөттөрүнүн аталышы

 

Фронтко аттанган жоокерлердин саны

 

Согуштан кайтпай калгандардын саны

 

1. Кара-Кулжа 1941 825
2. Ылай-Талаа 608 372
3. Чалма 385 200
4. Кашка-Жол 279 186
5. Кара-Кочкор 252 88
6. Алайкуу 232 182
7. Сары-Булак 226 15
8 Кара-Гуз 221 168
9. Кызыл-Жар 195 56
10. Ой-Тал 117 85
11 Капчыгай 110 89
12 Кеңеш 84 39
  Район боюнча 4650 2305

Таблицадан байкалгандай согуш учурунда эң көп жоготууга учураган айыл өкмөттөрүнүн катарында Чалма, Ылай-Талаа, Каш­ка-Жол, Алайкуу, Карагуз, Капчыгай айыл өкмөттөрү болгон.  Со­гуш талааларынан кайтпай калгандардын жаркын элестери эл-же­рин­де түбөлүк сакталып калды.  Дээрлик баардык айыл ок­руг­­дарында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын ур­ма­тына атайын эстеликтер тургузулуп, алардын аты-жөнү жазылган.

Улуу Ата Мекен­дик согушта каармандык менен салгы­ла­шып, далай эрдик­терди көрсөтүп, өз эли-жерине аман келип, согуштан кийинки тур­мушта өз салымдарын кошкон районубуздун сыймыгы болгон ардагерлерибиз: Аба­киров Маамыт – Социалисттик Эм­гек­тин Баатыры, Сооронбай Жусуев – Кыргыз Эл Баатыры, Аб­ды­разаков Сагынбай, Азимов Күчүкбай, Козуев Иса, Ор­монов Камбар, Токтобаев Маамат, Осмонов Мойдун, Зикиров Тупан, Алишов Са­ты­­бал­ды, Абдиев Сакен, Моңошов Андаш, Ысакбаев Ашим, Арзиев Ысак, Тер­ме­чиков Сати, Париев Сайдимамат, Чалказаков Батай, Култаев Жумабай, Иман­беков Бедел, Ку­лубаев Козу, Маматов Тойгон­бай, Бердалиев Мырза­ибраим, Баим­бе­тов Нурдин, Умаров Усен, Тай­чабаров Осмонали, Жолдошов Ыдырыс, Ко­­­жошов Усен, Абдраев Ма­мат­кадыр, Абдылдаев Курман, Каипкулов Ап­­са­тар, Жунусов Калык­бек, Садырбаев Турдубай, Назаров Кадырали, Кур­ман­таев Нажми­дин, Ток­тосунов Асанбай, Алиев Токтогул, Кармы­шаков Жакып, Ма­тиев Базар­бай, Омуралиев  Бакир, Токторбаев Осмон, Казакбаев Той­чубай, Сарыбаев Иляз, Осмонов Арыкбай, Жээнбеков Эрмамат, Пирназаров Жээнбек (азыр­кы Прези­дентибиздин чоң атасы)  ж.б.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишти тылдагы эмгекчилер­дин күжүр­мөн эмгектери, фронтторго ар тараптуу жардамы камсыз кылга­ны да талаш­сыз. Улуу Ата Мекендик согуш кезинде Кыргыз­стан, анын ичинде Ош областы жана андагы Совет району фронт­ту тамак-аш, ки­йим кече ж.б. айыл, мал чарба, дыйканчылык продук­ция­лары менен кам­сыз кылып турушкан.

Согуштун башталышында эле Кыргызстандын эл чарбасын согуштук багытка которулуп, «Баардыгы фронт үчүн, бары жеңиш үчүн!» – деген ураанды туу тутушкан. Кыргызстанда фронтко жа­кын жайгашкан райондор­дон эвакуацияланган калкты жайгашты­руу боюнча өзгөчө чоң иш аракет­тер жүргүзгөн. Согуш жүргөн жер­лерден 1941-ж. июлунан 1942-ж. ян­варына чейин эле Кыргыз­стан­га 61,8 минден ашуун адам келген. 1942-жылдын аягына чейин дагы 138,9 мин киши эвакуация­ланган. Мындан тышкары Кыргызстанга Польшанын 12,9 мин атуулдары депортацияланган. Бу­лар­га кошум­ча 1944-ж. Түндүк Кавказ, Крым, Волга боюндагы бир топ  элдер зор­дук менен көчүрүлүп, республикага, Ош областына, анын ичин­де Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор, Кашка-Жол айылдарында жайгаштырылган.     

   Кара-Кулжа эли фронтко тамак аш, кийим-кече менен катар эле ар тараптуу башка жардамдарды да көрсөтүп келишкен. Тыл­дагы эмгекчи­лер фронтко өнөр жайдагы, талаалардагы, мал чарба фер­ма­ларындагы кайратман эмгек­тери менен гана жардам бербестен жеке каражаттары ар­кылуу да согуш техникаларын курууга жардам көрсөтүшкөнү маа­лым. Эмгекчи эл, кара-пайым калк фронт үчүн өздөрүнүн жеке баалу буюм­дарын, эмгек акысынын бир бөлүгүн, алтын, күмүштөрүн жө­нө­түшкөн. 1941-ж. августта Совет (азыр­кы Кара-Кулжа) районунун эл тарабынан 2007 миң,  сентябрда – 1670 миң, октябрда – 1579 миң рубль чогултулуп, фронт кызыкчылы­гы­на жөнөтүлгөн. Дал ошол 1941-ж эле аягында атайын фон­дко 9090 миң рубль акча, 38,9 кг алтын жана күмүш, 16117000 рубль мам­лекеттик заемдун облигациясы чогулган.

Согуш мезгилинде Кыргызстан эли 93 танк же 186 согуштук самолет жа­саганга жеткидей акча каражатын чогултканы белгилүү. Бул кыргыз журтчулугунун, республикабыздын элдеринин чогулт­кан кара­жат­ына түзүл­гөн «Советтик Кыргызстан» аттуу танктар колоннасы 1942-ж. но­я­брынан немецтик баскынчыларга сокку ура баштаганы тарыхый чын­дык. Биздин Кара-Кулжа эли мындай жө­рөл­­гөгө да өздөрүнүн жигер­дүү салымдарын кош­кон.

Кара-Кулжа айыл  өкмөтүнө караш­туу 1-Май айылынын тургуну, Жусуба­лисва Жийдеайым – согуш мезгилдинде танк жасоого 75000 рубль топтоп берсе,  Ылай-Талаа айылынын тургуну Өмур­закова Зулпу 132000 рубль топ­топ берген. Райо­ну­буздун Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Конок­бай-Талаа айы­лы­нын тургу­ну Кулманбетова Эркебубу 1 танк жасоого алтын топ­топ берсе,  Алай­ку айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Арт айылынын тургуну Иб­рае­ва Сурмабу чоң суммадагы акчалай каражат топтоп  берген. Ошолордун катарында Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Та­лаа айы­лы­нын күжүрмөн эмгекчиси Сатанова Маржан фронтко жардам иретинде акча топтоп, мамлекеттик заемдорду алып, алтын буйум­дарын тапшырып танк курууга көмөктөшүү менен фронтко азык-түлүк камдап жардамдашса, Кеңеш айыл өкмөтүнүн, аты уйкаш айылынын кайратман эмгек­чилери Акматова Пашагүл, Жапарова Назбү, Кудай­бер­диева Иран ооруктагы күжүрмөн эмгектери менен тааны­лышып, фронтко жылуу кийимдерди тигип,  байпак­тар­ды токуп, эт-сүт продукцияларынан тамак аш даярдап, фронтко  жөнөтүп турушкан.

Ошол апаат согуш мезгилинде ооруктагы күжүрмөн эмгектин, айыл-чарба өндүрүшүнүн  мыкты уюштуруучусу, малдын төлүнүн санын жана сапатын,  кунардуулугун жогорулатууга кошкон өзгөчө салымы үчүн 1940-41-жылдары Чалма айылынын айылдык Кеңе­шинин төрагасы, 1941-1963-жылдары атал­ган айылдын «Ленинчил-Жаш» колхозунун башкармалыгынын төрагасы Исаев Беделбай 1947-ж. жогорку – Социалистик Эмгектин Баатыры наамына татык­туу болгон. Экинчи Социалисттик Эмгектин Баатыры, согуш ардагери Абакиров Маамыт, экөө тең биздин Чалма айылынан болу­шат. Айылыбыздагы эки мектеп ушулардын атында.

    Ошентип Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Кара-Кулжа райо­ну­нун калкы да бүт совет элдериндей эле Улуу Жеңишке өз зор салымдарын кош­кон. Кезинде район эли бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып  «Баар­дыгы фронт үчүн, баардыгы жеңиш үчүн!» – урааны алдында оорукта күжүрмөн эмгек кы­лыш­са, эр азаматтарыбыз согуш талааларында эрдик кылышып, жеңишке өз салымдарын кошкон. Учурда Кара-Кулжа районунун баардык  айыл кыштактарында фронттогу жеңишке чоң са­лым­дарын кошкон Улуу Ата Мекендик согуштун жоокер, тылдагы эмгек ардагерлери­не өзгөчө сыймыктануу менен эстеликтер тургузулуп, көзү өткөн­дөр­гө да, көзү тирүү­лөргө да таазим этип, сый урмат көрсөтүлүп келүүдө. Ар бир согуш жана эмгек ардагери биздин сыймыгыбыз экени талаш­сыз.

Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесине биздин Кара-Кулжа районунда ошол апаат согуштун болгону бир ардагери Калманбетов Сами калган. Учурда ал киши Сары-Булак айылдык аймагынын Сары-Күнгөй айылында тураарын, райондук администрациядан  билдиришти. Биз бүгүнкү урпактар ошол согуш талааларында курман болгон, Жеңиш менен кайтып, эл-жерине өмүрү өткүчө кызмат кылган согуштун жана эмгектин ардагерлерине, тылда каармандык эмгек кылган чоң аталарыбызга, чоң энелерибизге, “согуштун балдарына”, алардын рухтарына терең ыраазычылык менен таазим этебиз.

Абдан өкүнүчтүүсү Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы биздин борборлордо май­рам­далбай калганы. Мындан да кыйын кездерде, мындай маанилүү май­рам­дар кадимкидей майрамдалып, элдин рухун, дөөлөтүн көтөргөн учурлар болгон. Мисалы, 1941-жылдын 7 ноябрында Улуу Ата Мекендик согуштун талааларында, Москванын алдында фашисттик армиянын аскерлери, миңде­ген, миллиондогон адамдардын өмүрүн алып, кыргын болуп, кан кечкен салгылашуулар жүрүп жатканда да Кызыл аянтта аскердик парад болуп, параддын катышуучулары Кызыл аянттан чыгып дароо эле согушка кириш­кен. Миңдеген жоокерлер зор эрдиктерди көрсөтүп кайтпай калган. Ошондой кыйын кезеңде да майрамдык болгон. Ошол Кызыл аянттагы аскердик парад согушуп жаткан совет элинин рухун көтөрүп, жеңишке умтулууга зор өбөлгө түзгөнү чындык. Менин жеке пикиримде 9-май, Улуу Жеңишттттин 75 жыл­ды­гын этияттануу менен майрамдасак болмок.

Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун жана тылдагы күжүрмөн эмгектин ардагерлери, мекендештер, баарыңыздарды Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен чын дилден куттуктайбыз!!!

Абытов  Б.К. тарых илимдеринин доктору,  профессор, ОшМЮИнин проректору

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *