Байлардын мындайда кулагы керең болуп калат

Өлкө карызга батып, кантип кутулуунун аргасын табалбай жатканын айта берип тилдерден жарака кетти. Бирок, коюн-кончуна байлыкты эпчилдик менен толтуруп алгандардын башынан сылап эркелеткен сайын манчыркап кетип баратышат. Негедир өкмөт тараптан да буларга “сый” көрсөтүлгөндөй абал жаралды. Болбосо атайын байларга эсеп ачып каражат чогултулсун деген саамалыкты шап илип алышмак. Демек, куда-сөөктөрү, жарма достору, жээндери мамлекеттен өйдө саналат экен да деген пикир пайда болду.

Ал эми ажобуздун Нарынга болгон сапарынан эмнени байкадык? Албетте, маанилүү кептер, кантип өлкөнү оңдойбуз деген пландар элге айтылды. Кеп оролу келгенде Сооронбай Жээнбеков теңиртоолук байларга, олигархтарга кайрылуу жасады:- “Туулган жериңерге да көмөктөшүп койгонду унутпагыла”-деп. Тилекке каршы президенттин ошол сөзүн кайсыл байлыгына чиренген киши көөдөнүнө сактап, кылайган бир нерсени тартуулар экен деген суроо жоопсуз калат дегенге негиз бар. Аскар Салымбеков, Камчыбек Жолдошбаев, Шаки, Арстан Алай деген көпөстөр жана башка байлар эски байпагын да ыргытууга көзү кыйбасын билебиз да, же жалганбы? Башка аймактардын бай-бачалары деле бир сомун чыгаша кылгысы келишпейт. Ошондуктан атайын эсеп ачып туруп, шибеге менен сайгылап каражат өөнөш кажет. Ансыз карыздан кутулбайбыз.

Булак: “Ачык сөз”

 

1 ой-пикир

  • Адилет says:

    Туура айтасыз. Ар бир коррупция боюнча ачылган кылмыш жазасынын баасы болуш керек. Мисалга 10 жыл камалгандын ордуна 100 млн.долларга эркиндикти сатып ал деп балпайтып миллиондорду моюндарына илсенер атайын закон чыгарып ошондо казынага акча жердин тубунон болсо дагы таап тушурушот. Болбосо бардыгы байлыгын тууган-туушкандарына жазып оздору жыланач. Ушунтип элди каратып туруп, бетти сыйрып жыланачтанган адамдарда уят болбойт.Уят болбогон адамдан жакшылык эч качан кутпогуло. Аларды камап бюджеттин эсебинен баккандын ордуна казына толтурууга колдонуш керек. Себеби казынаны бут ошолор уурдашкан. Кустуруш керек жегендерин арам тамактардын.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *