Байпакбайдын небереси ким өзү?

Жогорку Кеңеште Байпакаев Экмат Журупкаевич деген депутат бар. Парламентте анчалык деле алгылыктуу маселелерди көтөргөнүн укпаптырбыз. Өмүр таржымалына үңүлүп көрсөк өмүрүнүн бир топ жарымын журналистика тармагында өткөрүптүр. (Анын бири Сокулук районундагы “Народная трибуна” аттуу райондук гезитте иштеп.) Акаевдин тушунда вице-премер министрдин жардамчысы болуп эмгектенгени көрсөтүлүптүр. Бакиевдин тушунда (азыр, ушу тапта ызы-чууга малынып жаткан) “Кыргызтелекомдун” директорлор кеңешинин мүчөсү болуп чыга келет. Кантип ушундай даражага жеткенин өзү эле айтып бербесе, биз биле албадык. Ал кызматта КурСалиевич куулганга чейин олтурат. Кийин “Республика- Ата Журт” партиясынын тизмесинде жетинчи болуп, азыр минтип эл өкүлү болуп чыга келет. Байпакбайдын небересин минтип эстеп жаткан себебибиздин жүйөөсү бул. Кечээ парламент Өкмөт тарабынан сунушталган Кыргызстандагы мүмкүнчүлүктөрү чектелген спортсмендер тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап жаткан. Жалпысынан бул мыйзам параолимпийцтердин укугун сактоодо жана баш­ка ушул сыяктуу жөрөлгөлөр камтылыптыр. Бу жарык дүйнөгө мүмкүнчүлүктөрү чектелип төрөлгөн ошол атуулдарыбыз бир жылдан бери “биздин укугубуз мамлекеттик спорт агентигинде бузулуп жатат. Ал аз келгенсип чет жакта өткөрүлгөн мелдештерге барганда бизге эч кандай тиешеси жок эки буту, он эки мүчөсү түгөл айрым чиновниктер да биздин эсептен биз учкан самолётко минип алышып кошо баргандарын токтотпой коюшту ” маанисинде Жогорку Кеңештин бир топ депутаттарынан акыйкат сурап кайрылышкан экен. Ошонун негизинде жаңы мый­зам долбоору жазыла баштайт, Жогорку Кеңеште. Ал мыйзам долбоору биринчи жана экинчи окуудан өтөт. Үчүнчү окууга келгенде депутат Жанар Акаев менен Э.Байпакбаев сыяктуу айрым депутаттар ыргыштап, акыл үйрөтүп, аталган мыйзамды кайра экинчи окууга кайтарганга жакшы эле далалат кылышты. Ошондо, депу­тат Байпакбаев мунжу спортсмендерибизди кемсинткендей: “ алар эмне кылып коюшуптур. Акыркы өткөн олимпиадада бешинчи, алтынчы орунду гана алып келишпедиби” дегендей текеберленип жатпайбы. Тескерисинче Байпакбайдын небереси мунжу адамдарды мушка алгандан коре тескерисинче аларга колдоо көрсөтүш керек болчу. Андай колдоо көрсөтүү өзүн сыйлаган бардык өлкөлөрдө камтылган. Ооба, үстүбүздөгү жылы өткөн Бразилиядагы олимпиадада мүмкүнчүлүктөрү чектелген спортсмендерибизден болгону үчөө гана аттанып, алар үчүн тийиштүү шарттар түзүлбөсө да бири бешинчи, экинчиси ал­тынчы орунду алып кайтышкан. (Эсен Калиев менен Жыргалбек Оросбаевдер). Алардын мындай жетишкендиктери менен сыймыктансак да болот. Акаев менен Байпакбаевдей акылдуусунбай. Себеби, ошол эле Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн он эки мүчөлөрү толук спортсмендерибиз деле алардан ашып кеткен жок го? Үчөө эмес, он тогузу аттанып экөөсү (эң жакшы дегени) бешинчи орунду алып кайтышпады беле. Ошондуктан Улуу Жусуп Баласагындын айтканы бар. “Таш боорлук токчулуктан” деген. Анын сыңарындай ушундай социалдык маселелерге келгенде жанагы эки депутат сыяктуу курсагы ток адамдар кичине арыдан бери болушса деген гана ойду айткыбыз келди. Беш кол тең эмес экен, мыйзам үчүнчү окууда добушка коюлуп Байпакбаев сыяктуулардын оноо каршы болуп, 105 депутат мыйзам долбоорун колдоп добуштарын беришти. Эми акыркы чекитти Президент коет.

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *