Бакай-Ата райондук милиция кызматкерлери жапайы өскөн кара куурайды жок кылышты

Бакай-Ата районунун аймагынан жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу иш-чарасы өттү. Бул туурасында Талас ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Миң-Булак айылынын талаасынын 1,5 гектар ээлеген жерин жапайы өскөн 2 миң тонна баңги каражаты өрттөлдү. Баңги-өлкөнүн туруктуулугуна, коомдун жана жаштардын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Бул иш-чаранын максаты элдин арасында баңгиге каршы үгүттөө жана баңги каражатын колдонууга жол бербөө болуп саналат. Баңги каражатын толугу менен өрттөөгө Бакай-Ата райондук милициясы жана Талас областы боюнча Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, жергиликтүү бийликтин катышуучулары көзөмөлгө алышты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *