Казакстанда граната сатууга аракет кылган үч адам кармалды

Казакстандын Алматы облусунда жардыруучу заттарды сатууга шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети (УКК) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, шектүүлөр облустук департаменттин кызматкерлери тарабынан 28-майда «граната сатуу аракети маалында» кармалышкан. Алардын жанынан РГД-5 системасындагы сегиз граната табылган.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *