Бактыбек Турусбеков, Жогорку Кеңештин депутаты: “15 чакырымды беш саатта тынбай сүзүп өтөм”

Жакында Стамбул шаарында узун аралыкты сууда сүзүп өтүү боюнча бүткүл дүйнөлүк жарыш өткөрүлдү. Азия менен Европа материктерин туташтырган Босфор суусунан сүзүп өтүүгө 59 мамлекеттен 2500дөн ашык спортчу катышты. Дүйнөлүк масштабдагы ошол жарышта Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков 9 орунду жеңип алып, анын Туу көтөргөн сүрөтү интернетке чыкты. Биз Бактыбек аганы Стамбулдан келери менен сөзгө тарттык.

– Бактыбек Сагындыкович, Босфор суусунан сүзүп өтүп, жеңиш менен келдиңиз. Ага кандай талаптар коюлат экен?

– Дүйнөлүк спорттун бул Номад спорт же көчмө спорт деген сууда сүзүү түрүнө бардык жаштагылар катыша алышат. Бирок, ал жактан ар бир катышуучуну өзүнүн жаш курагындагылар менен жарышка салышат. Эң башкысы – бул жерден дарыгердин кароосунан өтүп, жүрөктү, кан басымды текшертип, ден соолуктун корутундусун түрк тилине котортуп, нотариуска мөөрүн койдуртуп жөнөтүп жиберүү керек. Түркиянын олимпиадалык комитети 2019-жылдын 10-январь күнү түнкү саат 1:00дө дүйнө жүзүндөгү бардык катышуучуларды бир эле убакта: 10-15 мүнөттүн ичинде каттап бүттү. 15 мүнөттөн 1 секунд кечиксең, депутат, министр же бир атактуу спортчу экениңе карабай тизмеге киргизбей коюшат. Бул спорттун катаал эрежеси ушундай. Сүзүп баратып чөгүп кетсе эч кимге дооматы болбойт. Кубанганым, спорттун ушул түрүнө кызыккандар көбөйүүдө. Быйыл Кыргызстандан 10 адам бардык. Орточо алганда 35 курактагы жигиттер болду.

– Сиз Ысык-Көлдүн күнгөй-тескейин сүзүп өткөндө айрым адамдар: “Көлдүн ичинде кокту-колоттуу жерлери көп. Бир жери терең, бири тайыз болуп. Тайыз жерине келгенде ташка отуруп эс алып, андан ары сүзүп кете берсе болот” деп айткан пикирлер чыккан. Чын эле ушундайбы?

– Жок андай эмес. Сүзүп өтүүнүн атайын убактысы белгиленет. Мисалы Босфордогу жарышты алалы. Босфордо зачеттук убакыт эки саат болду. Эки сааттын ичинде сүзүп келсең, “Браво!” деп кубатташат. Бирок, жеңип чыгып, өз өлкөңдүн Туусун желбиреткендердин арасына кирбей каласың. Мен зачеттук убактымдын жарымысын, тактап айтсам, Босфор суусунда 6,5 километрди 1 саат 6 мүнөттө сүзүп өтүп, тогузунчу орунду багындырып келдим. Чынын айтсам, азыраак толкунданып, сүзүп бара жатканда багыттан бир аз адашып барып оңолдум. Чарчап үч мүнөтүмдү өзүм жоготуп алдым.

Дүйнөдө узак аралыккка сүзүүнүн нормативдерин багындырган спортчулардын өзүнүн бирдиктүү коому бар. Анын эрежеси боюнча 8 же 10 чакырымды гана багындыруу талап этилет. Ал эми мен биздин Ысык-Көлдүн 14-15 километрин сүзүп өтүп келе жатам. Европа менен Азияны бириктирген Босфор суунун туурасы 4 километрге жакын. Стамбулдагы жарышта биз сууну кыйгачынан кесип өтүшүбүз керек болуп, ал 6 чакырымды түздү. Азия тарабынан старт берилип, Европа континентинин жээгине сүзүп өттүк. Мелдештин алдында бардык 2500 катышуучунун бутуна атайын магнит чипти тагып коюшту. Ошол бутумдагы чип секундамердин милдетин аткарды. Жарыш адилеттүү болуусу үчүн ушундай так механизмди ойлоп табышкан.

Ысык-Көл бир кылка калкып жатат. Ошондуктан мен 15 чакырым аралыкты 5 саат 16 мүнөттө сүзүп өтүп жүрөм. Ал эми Босфор суусу өйдөдөн ылдый агып бара жатып, ортосуна келгенде кайрадан ылдыйдан өйдө аккандай сууну удургуткан таасири бар. Ошонун кесепетинен бир жерде айланып сүзүп калып, 15 мүнөттөй убактымды жоготуп алдым. Бирок, стартка киргизерден мурда теплоход менен алып барышып, инструкторлор: “Босфор суусунун ушул жери абдан кооптуу, этият болгула”, – деп какшап айтышат. Суунун ошол кыйынчылык келтире турган жери бир чакырымга жетпеген аралык.

Сууда аралыкка сүзүү тажрыйбасы жылдаган машыгуунун натыйжасында топтолот. Адамдын дем алуу системасы акырындап суу менен “сүйлөшүүгө” көнүп, көлдүн микроклиматы менен бир организм болуп калышы керек. Былтыркы жылы Ысык-Көлдө өткөрүлгөн турнирде алдыга отуз жаштагы россиялык жигит чыгып келди. Мен экинчи, 29 жаштагы казакстандык жигит үчүнчү болуп сүзүп өттүк. Бир кыргыз жигит 11 чакырымга келгенде алы жетпей калды. Жыл сайын спорттун бул түрүнө кызыккандар көбөйүп бара жатат. Үстүбүздөгү жылдын 18-августунда бул турнир дагы өткөрүлөт. Аны “Көчмө спорт” эл аралык спорттук уюму уюштуруп жатат. Бул жолу 18-августта өтө турган турнирге эки уулум менен кошо катышам. Улуусу Данияр 31 жашта, экинчиси Эмил 26 жашта. Турнирге даярдык көрүүнүн өзгөчө графиги, эрежеси болот. Мелдешке бир ай калганда күнүгө 5-6 чакырымга сүзүп өтүп машыгам. Күн өткөн сайын сүзүү аралыгын узартып турам. Мелдешке үч күн калганда машыгуунү токтотуп, көбүрөөк уктап эс алууга туура келет. Былтыркы жылы Тоң районунун Кара-Талаа айылынан сүзүп чыгып, Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылына чейинки 15 чакырым аралыктан старт алган суучулдардын артынан атайын кайык ээрчип, көзөмөлдөп барды. Ал кайык алдыбызга түшүп жүрбөйт. Анткени, эреже боюнча марага чейинки жерди өзүбүз адашпай таап, сүзүп өтүшүбүз керек. Ал эми көлдүн ортосуна жетмейинче тоолордон башка эч нерсе көрүнбөйт. Ортосунан бир аз ашканда гана жээк карекке уруна баштайт. Артта коштоп келе жаткан кайык саат сайын 1 мүнөткө токтотуп, чалкалап жаткан калыпта бир ууртам суу жуткуртушат. Суу жутуп жатканда кайыкты каркап же таянып алсаң, эрежени бузган катары жарыштан чыгарып салышат. Спорттун ушул түрү суу туризмин өнүктүрүүгө зор салым кошоруна ишенем.

– Көл темасына кайрылган соң көйгөйлөргө да токтоло кетсек. Сиз Ысык-Көлдун экологиясын сактап калуу, уран иштетүүнү токтотуу, полиэтиленди, синтетикалык торду колдонууга тыюу салуу ж.б. мыйзам долбоорлорун демилгелеген депутаттардын бирисиз. Көлдүн экологиясын кантип сактап калабыз?

– Көлдүн суусу көп жылдардан берки браконьерлердин таштап кеткен торлоруна толуп калган. Бир жолу сүзүп бара жатып алдыман бейтааныш нерсеге урунуп, катуу чоочуп кеттим. Көрсө Кытайдын өндүрүшүнөн чыгарылган арзан торлор экен. Арзан болгону үчүн браконьерлер жылдап таштап кете беришкен. Эң жаманы, синтетикалык торлор бир кылымдан ашык жатса да чирибейт. Көлдөн сүзүп бара жаткан аралыкта суу алдынан андайдын неченин көрдүм. Скафандра кийип алып, торлорду суу тереңинен алып чыкканыбызды видеого тарттырып, ошол тасманын бирин парламентке алып келип көрсөткөм. Депутаттар полиэтиленден жасалган идиштерди, баштыктарды, торлорду ж.б. Ысык-Көлдүн айланасында колдонууга, ташып кирүүгө жана өндүрүп чыгарууга тыюу салуу мыйзамын колдоп берип, биринчи окуудан өткөрдүк.

Бала кезим союз мезгилине туш келди. Ошол жылдары көлдө балыктардын түрлөрү көп болчу. Балык уулап отурган чоң кишилер ойноп жүргөн бизге толтура балык беришчү. Челекке салынган балыктарды үйгө алып келип апама куурутуп жечүбүз. Бүгүнкү күндө чебачок, чебак, маринка, осман деген балыктардын түрлөрүн азыр көрүү кыйын болуп калды. Андан тышкары, көл суусуна яхта, скутерлердин, моторлуу кайыктардын майы агып, булар дагы сууну булгап жатат. Мына ушул маселеде көйгөйлөр бар. Туристтердин басымдуу бөлүгү көлдү, көл аймагындагы көркөмү кооз жаратылышты көрүүнү эңсеп келишет. Таза суусуна түшүүгө кызыгышат. Парламентте өткөрүлгөн коомдук талкууларда белгилүү эколог, окумуштуу аксакал Эмил Шүкүров пансионаттардан агып жаткан калдык суулар аркылуу кир жуучу порошоктор көл суусуна агып кирип жатканын, анын зыяндуулугун көп жолу айтты. Себеби, Ысык-Көл – чакан көл. Ысык-Көлдүн суусу эч жакка агып чыкпайт. Курорттук мезгил аяктаганда көлдүн толсуу ичиндеги таштандыларды жээкке агызып таштап жатат. Бирок, суу нечен жылдардан берки таштандылар калып кетүүдө. Биз бала чакта көргөн көлдүн табигый фаунасы менен флорасын кайра калыбына келтирип, коргоп, сактап урпактарга калтыруу аракетин токтотпошубуз керек. Биз депутаттар, ушул маселеге байланыштуу мыйзамдарды демилгелеп жатабыз.

– Көлдөгү пансионаттар курулуш талабынын жээкке чейинки аралыгын сактабай жаткандыгы да көл суусуна таасир тийгизүүдө деген дооматтар айтылып калып жатат.

– Маселенин баары эле курулуштун кайсы жерге салынганына барып такалып жаткан жок. Курорттук курулуштары жээкке жакын, ал түгүл суунун ичине салынган мамлекеттердин эс алуу жайларында суу баштагыдай эле таптаза. Анткени, алар агындыларды сууга барып кошулбагыдай кылып, кайра сыртка сордуруп чыгарып кетчү технологиядагы жабдууларды орнотушууда. Биз да бара-бара ошол заманбап системага өтпөсөк болбойт. Көлдүн тазалыгын сактоо үчүн туристтерге өзүбүз үлгү көрсөтүшүбүз керек. Жер жүзүнөн миңдеген суучулдар барган Босфордогу турнирди мисал келтирейин. Түрктөр ал жерге пластик идиштер үчүн өзүнчө чоң-чоң челектерди, тамак-аштын калдыктары үчүн жабык челектерди, кагаз үчүн башкасын орнотуп коюшкан. Союз мезгилинде полиэтилен идиштер чыгарылчу эмес. Жер-сууну булгаган көйгөй да жок болчу. Учурда жалпы таштандылардын 50 пайызын чирибеген зыяндуу полиэтилен идиштер түзүп жатат. Өткөндө Япониядан келип көлдө эс алып жүргөн бир үй-бүлө жээктеги таштандыларды чогултуп тазалап жатканы соцтармактарга тарады. Үч-төрт күнгө келген меймандардын көлгө ушунчалык камкордук көрсөткөнү бизди ойлондуруп, табиятка карата маданиятыбызды жогорулатууга жардам бериши керек.

Булак: «Кыргыз туусу»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *