Бактыгүл Матисакова, “LUX” мейманканасынын ээси: “Ишкерликти кайын атам түптөп берген эле”

Бактыгүл Матисакова Кадамжай шаарынын тургуну. Көп жылдардан бери ишкерлик менен алектенип, дүкөн, мейманкана иштетип келет. Ишкер айым менен көпкө баарлаштык. Маектешүү өтө кызыктуу болду.  Соода-сатык менен алектенип, ишкер болуп калаары үч уктаса түшүнө кирбеген Бактыгүл эже бул чөйрөгө кандайча аралашып калгандыгы, кандай кызыктуу жана кыйын күндөр болгону туурасында буларды айтып берди.

– Бактыгүл эже, маекти алгач өзүңүз жана үй-бүлөңүз туурасында баштасак?

Мен ушул эле райондун кызымын. Атам сурма комбинатында башкы энергетик болсо, апам гимназияда мугалим болду. Өзүм Ош технологиялык окуу жайында окугам. Соодага, ишкерчиликке аралашам деп өмүрү ойлогон эмесмин. Окууну аяктап, сурма комбинатына ишке кирсем, жолдошум да жаңы эле кирип иштеп жатыптыр. Ошол жерден таанышып, баш кошконбуз. Бир жыл иштегенден кийин эле, декреттик өргүүгө кетип, ошол бойдон иштеген жокмун. Төрт балабыз бар. Улуу кызыбыз студент. Бишкек шаарындагы “Ататүрк Ала-Тоо” университетинде 3-курста окуп жатат. Андан кийинкилерибиз  9-7-класстын окуучулары. Кичүү балабыз 4 жашта. Кыздарым мага жардамдашып жүрүп, алар деле ишкерчиликти өздөштүрүп алышты. Жолдошумдун өзүнүн иши бар. Пластиктен эшик, терезелерди жасайт. Андан сырткары быйыл  жыгачтан жашиктерди чыгара турган цех ачты. Станокторун Турциядан, Россиядан алып келдик.

– Ишкерчиликке болгон алгачкы кадамдарыңыз кандай болгон?

– Кайын атам да комбинатта иштеп жүрүп, кийин апам экөө ишкерчилик менен алек болуп калышыптыр. Мен келин болуп келгенде дүкөн иштетишчү. Жолдошум экөбүз комбинатта иштеп жүрдүк. 2003-жылы 63 жашында кайын атам жүрөк дартынан улам капысынан өтүп кетти. Ошентип жолдошум экөбүз тең иштен бошоп, апам менен биргеликте атамдын ишин улантууга туура келди.

– Иштин көзүн тапканча кыйналдыңызбы?

-Кыйынчылык деле болгон жок. Бул эми ар бир иштеген адамдын ишке болгон каалоосунан болот окшойт. Каалооң болсо бардык кыйынчылыкты жеңсең болот.  Анын үстүнө ага чейин эле кайын атам мага ишкерчиликтин сырын, кыйынчылыктарын үйрөтүп жүрчү. Өтө билимдүү, түшүнүктүү кыйын адам эле. Ишкерчиликти түптөп бергенине  ыраазыбыз. Калькулятор колунан түшчү эмес. Анан да үнүн өчүрүп албай,  чыйк-чыйк этип, бир нерселерди эле эсептеп отурар эле.  Күндүз эмес, түндөсү да чыйкылдатып отурчу. “Уф-фф, атам калкулятордун үнүн өчүрүп албады” – дейт болчумун. Көрсө, бизнес план түзүп,  пландаштырып, аны эсептеп отурчу тура. Кайда барса жанына алып, отчет тапшырганды, салык төлөгөндү жана башка документ иштерин үйрөттү. Айыл, той, бата чыгып калса, апам экөбүз атамдан жеткирип коюшун суранат элек. “Ушу силердин коногуңар бүтпөйт экен да” – деп калчу. Бир күнү мага:  “Машина айдаганды үйрөн, энеңди салып алып, каалаган жагына алып берып жүрө бересиң” – деди.  2000-жылдары болчу да, ал кезде биздин райондо 2-3 эле аял киши унаа айдабаса, негизинен эркектер айдачу. Өзүмдүн ата-энем угуп “Кой кызым, биздин менталитетке туура келбейт. Унаа айдаган аялды эл кеп кылат. Убагы келээр, ошондо үйрөнүп аласың. Азыр Кадамжайга али эртерээк” –  деп көнбөй коюшту.  Келип атама  айтсам “Мурда сага атаң жоопкер болсо, эми мен жоопкермин. Мурда кандай маселең болсо атаң чечсе, азыр мен чечем , кызым. Мен оку дедимби, демек окуйсуң” – деди. “Болуптур, окусам окуюн” – деп, унаа мектепке тапшырып, ошентип айдаганды да атамдын аркасы менен үйрөнгөм. Бир күнү атам отчет тапшырып келишимди тапшырды. Папкаларымды көтөрүп сыртка чыксам, атам унаанын аркы тарабына отуруп алыптыр. “Айда кызым”-деди. “Сиз айдаңызчы ата”- десем, “жок айда”- деди. Биринчиден, атамдын жанына отуруп айдагандан уялсам, экинчиден жакшы үйрөнө элек элем. “Эмнеден уяласың” – деди атам. Элден уялаарымды айтсам “Сен элди эмес, жолду карап айда. Эл сени карабайт, айда бол”- деди. Улуу киши айтып атса, кайра-кайра айдабайм дегенден тартынып, айдап алып салык төлөгөнгө бардык. Болду, ошондон бери унаа айдайм. Унаа айдагандан кийин документацияны да толук мага өткөрүп берди. Кара-Сууга, Ошко, Бишкекке барып товар алып келе баштадым. Бир жумада 4 күн товар ташуу менен өтчү. Башында аябай кыйналчумун. Чарчадым деп айтыштан уялчумун. Булар өздөрү чарчабайбы деп таң калат элем. Азыр кудум ошол кишилердей эле болуп калдым.

– Азыр дүкөн жана мейманкана иштетет экенсиз?..

– Ооба, жогоруда айткандай, бул дүкөн мурда эле бар болчу. Аны кайын атам баш болуп, бардыгыбыз иштеткендиктен элдер өздөрү эле “семейный” деп ат коюп алышкан. Өзүңүздөр көргөндөй мейманкана менен дүкөн бир короодо жайгашкан. Дүкөнүбүздөн турмуш тиричиликке керектүү бардык нерсени табууга болот. Таңкы 7ден кечки саат 11ге чейин ачык болот. Ал эми бул мейманкананын имараты мурун союз убагында универмаг болгон экен. Бир кезде кайын атам сатып алып коюптур. Эки кабаттуу имараттын бир капталы жалаң айнектен болчу. Кийин кафе кылып иштетип жүрүп, 2018-жылдын ноябрь айынан баштап мейманкана кылып иштете баштадык. Ичин бөлмөлөргө бөлүп, жасап чыктык. Чынын айтканда канча каражат кеткендигин эсептеген жокпуз. Анткени имарат өзү бар болгондуктан,  улам каражатыбыз болгон сайын бир жерин жасап отуруп, куруп алдык. Дүкөндү эки кыз иштетет. Ал эми мейманкананы тазалагандан баштап, тейлөөсүнө чейин кыздар, балдарым менен өзүм иштетем.  Бул жагынан эч кандай деле кыйынчылык жок. Анын үстүнө мейманкананын иши колду деле кармабайт экен. Кардарлар негизинен кечинде келишет. Андан сырткары жолдошумдун цехинде дагы балдар иштейт. Жалпы 10 кишини иш менен камсыз кылуудабыз.

– Мейманкана кылуу идеясы кайдан келди?

– Чет мамлекеттерге чыкканда Кадамжайда дагы ушундай заманбап, жакшынакай мейманкана болсо деп кыялдана берчүмүн. Мейманкана кылууну 10 жыл мурда эле оюма келип, бирок кандайдыр бир себептер менен ишке ашпай келген. Анан жолдошум экөбүз акылдашып, мейманкана кылууну туура көрдүк.

– Атаандаштык барбы?

– Эми жок дей албайм. Анткени мамлекеттик мейманканалар бар. Жеке адамдарга сатылбай, комбинаттыкы бойдон эле тургандыктан, каралбай эскирип кетти. Андан сырткары жеке менчик мейманканалар бар. Жаныбызда эле “Нур” деген мейманкана бар, ал он жылдан бери иштеп келе жатат.

– Элдин келүүсү кандай жана негизги кардарларыңыздар кимдер?

– Элдин келүүсү жаман эмес. Ишемби, жекшемби күндөрү азайып калганы болбосо, калган күндөрү эл көп эле келет. Негизги кардарларыбызды транзит менен келгендер түзөт. Россиядан, Өзбекстандандан Тажикстанга кетип баратып токтогондор. Андан сырткары борбордон ишканаларга текшерүүгө келгендер болот.  Тогуз номер бар. Жалпы 15 кишиге ылайыкталган. Ар бир номерде ысык, муздак суусу менен жуунучу жай, даараткана бар. Дизайнын өзүбүз эле ойлонуштуруп, жолдошум экөбүз акылдашып жасаганбыз. Экинчи кабаты ачык эле, чоң зал болчу. Биз ылайыгына карап номерлерди ушундай жайгаштырып, бөлүп, ичин жасап чыкканбыз.

– Мынчалык чоң имаратты кышында жылытуу кыйын эле болсо керек?

– Биз бардыгын жасап бүткөнчө кыш келип, күн сууктап кетип, жылытуу системасын бүтүрө албай калганбыз. Ага каражат дагы көп кетет экен. Ошондуктан быйыл ар бир номерге жылыткыч коюп эле жылытып жаттык. Башында кандай болот деп, сары санаа болуп жаткам. Бирок, жылыткыч кичинекей бөлмөнү жакшы жылытат экен, аябай ысык болуп жатты. Эми жакында жылытуу системаларын орнотобуз.  Ал эми суудан маселе жок. Аристон менен жылытып, ысык суудан көйгөй  жаралбайт.

– Эл алганга убакыт табасызбы, кантип эс аласыз?

-Ооба. Дайыма үй-бүлөбүз менен эс алабыз. Сөзсүз түрдө жайында көлгө барабыз. Андан сырткары жыл сайын чет мамлекетке чыгып эс алууну салтка айландырып алганбыз. Буга чейин насип буйруп Дубайга, Турцияга, Кытайга барып келдик.

Маектешкен Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *