Бактылуулук боюнча Кыргызстан 90-орунда

Финляндия – дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө. Мындай жыйынтык 14-мартта жарыяланган. Бириккен Улуттар Уюмунун «Дүйнөлүк бактылуулук индекси» боюнча баяндамада бул тууралуу айтылат. Дүйнөнүн бактылуу адамдар жашаган өлкөлөрүнүн сап башында Норвегия ме­нен Дания да турат. Ал эми бул индексте 156 мамлекеттин ичинен Кыргызстан 90-орунга илинген. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстандын көрсөткүчү көңүл жылытпайт. Тактап айтсак, Өзбекстан 44-орунда, Түркмөнстан 60, Тажикстан 80, ал эми Кыргызстан 90-орунга жайгашкан.

Булак: Азия Ньюс 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *