Бакыт Төрөбаев: “Мен азыр бизнесмен эмесмин, саясатчымын”

— Бакыт Эргешович, дүйнөдөгү бизге окшогон чакан мамлекеттер кооптонгон жагдайлар көп болуп жатат. Бизде тышкы карыз коркунучту жаратат деген тынчсыздануу бар. Жакынкы жылдары өлкө үчүн коркунуч жаратат деген тышкы карыздан башка дагы кооптуу жагдайлар жаралышы мүмкүнбү?

– Дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуялар менен карай турган болсок, аналитиктер, эксперттер экономикалык кризис келе жатат деген маалыматтарды айтып жатышат. Бизге окшоп өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн дүйнөлүк экономикалык кризис терс таасирин тийгизет. Дүйнө жүзү боюнча 3 млрд 700 млн жумуш орун бар болсо, 2030-жылга карата 1 млрд 430 млн жумуш орун кыскарат деген божомол бар. Жыл сайын технология өнүгүп, жумушчу күчүн түзгөн адамдардын ордуна роботтор пайда болууда. Ушундай прогресске биздин кандай даярдыгыбыз бар? Өзүбүздүн өндүрүш тармагыбыз, орто жана чакан бизнесибиз кайсыл абалда? Биз азыркы учурда импорт менен гана жашап жатабыз. Эгерде тышта иштеп жүргөн мекендештерибизден келип жаткан акчаны жоготуп алсак, чоң көйгөйгө кабылганы турабыз. Мекендештерибиздин акчасы менен гана финансы балансын кармап келүүдөбүз. Андыктан, өлкөбүз үчүн экономикалык абал чоң кооптонууну жаратышы мүмкүн деп ойлойм.

– Дүйнөлүк банк жарыялаган “Doing Business” (Бизнес жүргүзүү) рейтинги боюнча Кыргызстан өткөн жылга салыштырмалуу 10 орун артка секирди. Сиз айтып жаткан экономикалык коркунучтун алгачкы эпкини ушул эмеспи? Бул рейтинг дагы инвесторлордун келишине өз таасирин тийгизет эмеспи…

– Азыркыдай соттук система менен инвесторлорду өзүбүзгө тартуу кыйынчылыкты жаратат. Укук чөйрөсүндө адилеттүү чечимдер чыгабы? Салык кызматы кандай тартипте иштеп жатат? Инвесторлорго карата мамиле кандай? Ушуга окшогон комплекстүү маселелер рейтингдин өсүшүнө таасир берет. Менин маалыматым боюнча жергиликтүү бийликке барып “Ушул жерди иштетели” деген инвесторлорго “Келгиле, иштегиле” дегендин ордуна башка талаптарды коюп, акча сураган жагымсыз учурлар болуп жатат. Ушундай көрүнүштөн кийин инвестор качат да. “Doing Business” боюнча рейтинг биз үчүн абдан маанилүү. Анткени, инвестор дүйнөлүк рейтингге, мыйзамдын иштешине, рыноктун көлөмүнө, салыктын түрлөрүнө көңүл бурат.

– Биздеги бюрократия жоюлбай тескерисинче өрчүп кеткени да инвесторлордун келишине өз залакасын тийгизип жаткан жокпу?

– Президентибиз “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылы деп атап, бюрократияны жоюу аракетин көргөнү да ошондон улам. Санариптештирүүгө өтүп, элибиз кечке кезек күтпөй, үйдө олтуруп алып эле керектүү документтерди алганга, тапшырганга мүмкүнчүлүк алганда, бюрократия бат эле жоюлат. Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан чиновникке айлык төлөнүп берилип жатканы менен чиновник мамлекет берген вазийпаны так аткарбай жатат. Ээлеп олтурган кызматын менчигиндей көрүп алышууда.

– Өкмөт бекитилген бюджетти аткарбаса деле эч кандай жоопкерчилик тартпаган жаман илдет жаралып калбадыбы. Чиновниктерди тартипке салуудан мурун Өкмөттү бюджетти аткарбаганы үчүн жоопкерчиликке тарткан мыйзам долбоорун иштеп, анын иштешин көзөмөлгө алсаңар неге болбосун?

– Азыр 2020-жылга карата бюджетти карап жатабыз. Комитеттин жыйынында, эгерде 2020-жылдын бюджетинин баардык параметрлери аткарылбаса, анда Өкмөттүн отставкасы каралышы керек деп 19-1 деген норманы расмий түрдө киргиздим. Муну мыйзам катары эмес, документ катары деле кабыл алса болот эле. Бирок, анын статусун көтөрүү үчүн мыйзам катары кабыл алынууда. Мисалы, жол эрежесин бузган болсок, мыйзамды буздуң деп үйгө айып пул келет. Ошол сыяктуу эле Өкмөт дагы бюджетти аткарбаганы үчүн жоопкерчилик тартыш керек. Бул сунушту алып чыктым.

– Парламенттик шайлоодо 9 пайыздык босого туура эмес деген талаш жаралууда. Сиз дагы босогону 5 пайызга түшүрүш керек деп айтып чыккансыз. Эмне үчүн 5 пайыз, андан төмөн кылганга мүмкүн эмеспи?

– Мен 9 пайызды колдогом. Себеби, бизде 200дөн ашык саясий партия болуп, сапаты начар болууда. Сапаттуу партия болуш үчүн партиялар бир идеяга биригип, ирилеши керек. Кийин көз карашы, ой жүгүртүүсү бүгүнкү замандын талабына туура келген жаштар менен жолукканда, алар “5 же андан төмөн пайыздык норманы киргизип бербейсизби. Бизде андай укук жок болуп жатат” деп айтып калышты. Жаштардын өтүнүчү менен 5 пайыздык босого болсун деген сунушту киргизгем. Экинчи окууда каралып, менин сунушум өтпөй калган. Парламент 2020-жылы парламенттик шайлоодо босого 9 пайыз болсун деп кабыл алган. Жаштардын өтүнүчү менен 5 пайыздык босого болсун деген сунушту киргизгем. Экинчи окууда каралып, менин сунушум өтпөй калган. Парламент 2020-жылы парламенттик шайлоодо босого 9 пайыз болсун деп кабыл алган. Жаштарга 5 пайыз эмес, 1 пайыз коюп берсе дагы, аймактагы эл менен иштебесеңер шайлоодон өтө албайсыңар деп айттым. Саясатчылар 3 же болбосо 5 пайыз болуш керек деп айтып жатышат. Алар 9 пайыз босогодо коркунуч бар деген ойдо. Булар өздөрүнүн шайлоодон өтүш мүмкүнчүлүгүн гана карап жатышат. Жөнөкөй элди босого канча пайыз болгону көп деле кызыктырбайт. Элде кандай программа менен чыгасың, кайсыл жумушту аткарасың, буга чейин эмне жумуш кылдың? – деген талап күч. Биз 2015-жылдагы шайлоодо 9 пайыздан көп добуш алганбыз. Андыктан 9 пайыздык босогодон коркпойбуз.

– Сиз 9 пайыз босогодо партиялар биригип ирилешет деген ойду айтып жатпайсызбы. Бирок, бириккен партияларды бийлик каалаган учурда ыдыратып жибергенин көрбөдүкпү? Бул коркунучту жоюунун схемасы барбы?

– Жогорку Кеңешке келген айрым депутаттар өзүнүн жеке кызыкчылыгын партиянын кызыкчылыгынан жогору коюп, саясий маданияттуулугу төмөн болуп жатат. Бул убакыт өтөт. Биз партиялык институттан тайбашыбыз керек. “Өнүгүү-Прогресс” партиясы шаардык, айылдык кеңештерге өтүп, балдарыбыз мэр, вице-мэр, төрага болуп жатышат. Ошолор “Эгер мурунку система болгондо жогор жак айткан адам мэр, вице-мэр, төрага болот болчу. Биз мындай орундарга барбайт элек. Азыр өзүбүз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, коалиция курап талапкерлерди алып чыгып жатабыз” деп айтышууда. Ошондуктан өзүбүз алгач саясий маданияттуулугубузду көтөрүп, бир партия менен депутат болуп келген соң, ошонун программасын негиз кылып карманышыбыз зарыл. 2010-жылдагы Конституцияда императивдик мандатка байланбайт деп жазылып калган. Ошонун авторлорунда парламентке башка партиялар келип калса, алардын депутаттарын өзүбүзгө тартып, партиясын ыдыратабыз деген ой болгон. Бул көрүнүш акыры өздөрүнүн башына келди. Азыр КСДП фракциясы эмне болгонун көрүп жатасыңар. Ушул норманы 2020-жылы алып койсок, партиянын тартиби күчөйт. Эгер бийлик башка партиянын депутатын өзүнө тарта турган болсо, ошол депутатты партиядан чыгарып, мандатын алып коюш керек.

– Россияда Мамлекеттик Думага келген партиялар элге берген убадасын аткарбаса, аларга “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгоо керек деген талкуу жүрүүдө. Бизде дагы шайлоо учурунда партиялар өмүрү ишке ашпаган убадаларды беришип, парламентке келген соң аны унутат эмеспи. Биз дагы ушул ыкманы колдонсок туура болот беле?

– Мен “Партиянын программасынын аткарылышы” деген ушундай эле норманы киргизгем. Тилекке каршы, экинчи окууда өтпөй калды. Бул норма боюнча партия сунуш кылган программасын БШК бекитмек. Эгер ушул нормада каралган пункттар аткарылбай калса, ошол партиянын мандатын кийинки орунду алган партияларга берүү деген ой дагы болгон. Муну туура жазыш керек деп кийинкиге калтырып койдук. Парламентке келген партиялар берген убадасын аткарбай жатат деген ойлор көп болуп жатпайбы. Бул үчүн “Алдамчылык” беренесин колдонбой эле, мандатын алып коюу нормасын киргизсе туура болот деп ойлойм.

– Өлкөдө унга болгон баа көтөрүлүп жатат. Муну Өкмөтүбүз көзөмөлдөн чыгарып койгондой болууда. Ушул жол улана берсе азык-түлүк коопсуздугу жаралышы мүмкүнбү?

– Буудай менен иштеген ишканалар банкрот болуп жабылып калды. Бүгүн Өкмөт, Монополияга каршы комитет дагы Кыргызстандагы буудай, ун, ундан чыккан продукциялардын баасын көзөмөлдөй албайт. Бул жагынан башкаларга көз каранды болуп калдык. Азык-түлүк коопсуздугунун абалы ушул. Мурун эле ушул боюнча өзүбүздүн базарыбызды жоготуп алабыз деп эскертип жүргөм. Бир мешок ундун баасы эч качан 1400-1500 сомго чыккан эмес. Азыр ошол баага чыкты. Биз 9 норманын 6 нормасы менен гана өзүбүздү камсыздай алабыз. Ошон үчүн азык-түлүк коопсуздугу дайыма биринчи орунда турушу керек.

– Сиз ЕАЭБ ичиндеги товар жүгүртүү маселесин дагы көтөрүп жатасыз. Бул кюмдун бизге берген жеңилдиктери аягына чыгып баратат. Кийинки жылдан баштап бизде дагы товарлар биримдик койгон тариф менен жүргүзүлө баштайт. Бул бизге кандай таасирин тийгизет?

– 166 позиция боюнча бирдиктүү тариф кирип жатат. Муну коркунуч деп айтпайт элем. Мен ушул маселени ишкерлерибиз алдын ала билип алса деген ой менен көтөрүп жатам. Маалымат жетиштүү болбогондуктан, товарлар кымбаттап кетти деген нааразычылык күчөп кетпеши керек. 2-3 айдан бери автоунаа боюнча маалымат айтылып, көпчүлүк ошого даярданып жатышат. Өкмөткө дагы биримдикке кирген өлкөлөр менен сүйлөшкүлө, балким жеңилдикти дагы узартабыз деген гана ой. Бул экономикабызга таасир бере турган маселе.

– ЕАЭБге мүчө болуп жатканда акча жүгүртүү, адам эркиндиги бирдей болот деген 4 маселе каралган. Азыр Россия биздин жарандарыбызга 100 миң рублдан жогору акча которууга болбойт деген чектөөнү коюп коюшту. Орус бийлигине биримдиктин талаптарын бузуп жатасыңар деп доо койгонго укугубуз барбы?

– Жеке адамга айына 100 миң рублдан жогору которууга болбойт деген чектөө коюлду. Алар акча которгон “Золотая корона” системасы аркылуу товарлардын жүрүшүн көзөмөлдөй албай калуудабыз деген аргументти айтышууда. Россия менен таза иштеп жаткан компанияларга чектөө коюлган жок. Биримдикте 4 кепилдик каралган. Алардын бири акчанын эркин жүгүртүлүүсү деп так жазылган. 100 миң рублдан ашык акча которгонго болбойт деп чектөө койгонду, акчанын эркин жүргүртүлүүсүнө бөгөт коюлду деп эсептесек болот. Менин билишимче бул маселе каралып жатат. Муну чечишибиз керек. Мындан башка дагы бир маселе бар. Кийинки жылдын февралынан баштап ЕАЭБдин базарына чыккан товарларыбыздын баары маркировка болушу керек. Ошондо акчаны которо албашыбыз мүмкүн. Бажыга барганда маркировкасы жок товар өтпөй калат. Биз ушуга даяр болууга милдеттүүбүз. Бул бизге дагы жакшы. Аткезчилик жол менен келип жаткан товарлардын азайышына шарт түзөт.

– Акыркы күндөрү футболго чоң көңүл буруп баштадыңыз. Жалал-Абадда болуп өткөн Кыргызстандын кубогу үчүн болгон мелдеште сизге караштуу компания демөөрчүлүк кылды. Футболду күчөтүш керек деген ой барбы же шайлоо жакындаганда элди тартуунун жаңы ыкмасын колдонуп жатасызбы?

– Жалал-Абад Кыргызстандагы үчүнчү шаар деп эсептелинет. Бишкектин, Оштун, Кара-Балтанын, Канттын футбол командалары бар. Футбол федерациясына кайрылып, финалдык оюнду Жалал-Абадда өткөрбөйлүбү, ал жакта дагы көптөгөн күйөрмандар бар десем, “Сиз стадионду камсыз кылып берсеңиз” дешти. “Мариям-Ош” деген компания менин суранычым менен демөөрчүлүк кылып берди. Мэрия дагы жардам кылды. Жалал-Абад шаарына дагы футбол команда керек экенин көрсөттүк. Азыр шаардык депутаттар 2020-жылы футбол командасын түзүүнү бюджетке киргизебиз деп ынап жатышат. “Нефтчи” командасы кубокту утуп, АФКнын тайпалык оюндарына катышат. Бул команда үйдө оюн өткөргөндө Жалал-Абадда ойнойт. Кийинки этаптарына чыгып калса, Япония, Түштүк Кореянын футбол клубдары келип калышы мүмкүн. Муну менен шаардын бир топ инфраструктурасы оңолот.

– Дүйнө жүзүндө футболдук клубдарды байлар кармайт эмеспи. Бизде “Дордойду” Аскар Салымбеков каржылайт. Сизди дагы Кыргызстандагы 100 бай адамдын тизмесине кошуп жүрүшөт. Футболдук клуб кармоо планыңызда барбы?

– Футбол клубун түзүп, аны каржылоого мүмкүнчүлүгүм жок. Мен азыр бизнесмен эмесмин, саясатчымын. Азыр мамлекеттик деңгээлдеги ойлор менен алпурушуп жүрөм. Парламентке сабаттуу депутаттардын келүүсүн, эски система менен иштеп жаткан Өкмөттү жаңы системага кантип өткөрүүнү ойлоп жатам.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *