Бакыт Бакетаев, саясат таануучу: “Импорттун экспортко ашыкча эле үстөмдүк кыла берүүсүнөн баш тартуу керек”

—Жакында Сооронбай Жээнбеков Кытайда өткөрүлгөн  “Бир алкак-бир жол” эл аралык форумуна катышты. Сиздин оюңузча, бул иш сапардан Кыргызстанга пайда болобу?

—Биз дүйнөлүк экономикалык процесстердин сыртында калып кетпешибиз үчүн президентибиз бул форумга катышууга милдеттүү болчу. Анын үстүнө ал Си Цзиньпин мырзаны өлкөбүзгө ШКУ саммитинин алкагында гана эмес, эки тараптуу форматтагы жолугушуу үчүн да чакырды. Бүгүнкү күндө Кытай Эл Республикасы менен АКШ баш болуп дүйнөнүн бардык өлкөлөрү кызматташууга умтулушууда. Кытай – учурда дүйнөлүк экономиканын мотору. Мамлекет башчысы ошондой эле абдан олуттуу кадам жасады – өз сөзүндө ал кандай багыттарда кызматташуубуз керектигин аныктады. Алардын башкысы – индустриализация. Бизге алдыңкы кытай технологиясы керек. Аймактарды өнүктүрүү үчүн да. Сөз кезеги келгенде айтып коёюн, бизди облустарда дайыма инвесторлордун кызыгуусун туудуруп келген цемент заводдору алиге чейин иштебейт. Курулуш үчүн цемент жана башка курулуш материалдары ар дайым зарыл эмеспи.

Же айталы, эмнеге нефтини кайра иштетуүчү заводдор полипропиленди экспортко чыгарышпайт? Эмнеге республикадагы нефтини кайра иштетүүчү заводдор бир гана бензин менен солярка чыгарышат. Терең кайра иштетүүнүн практикасына киришүү зарыл. Ошондой эле бир топ сапаттуу стандарттагы К4, К5 бензинди өндүрүүгө өтүү кажет.

Учурда ар түрдүү тармактагы эң алдыңкы технологиянын баары так ошол Кытайдан чыгат. Импорттун экспортко ашыкча эле үстөмдүк кыла берүүсүнөн баш тартуу керек. Ички керектөөлөргө жана сыртка соода-сатыкка керектелчү товарларды өзүбүз чыгаралы. Ошол эле Кытай ушинтип өнүкпөдү беле? Өздөрүнө АКШ менен Европанын өндүрүш ишканаларын орноштурушкан. Ушундай ыкма менен ал жерде жумушчу орундары түзүлүп, өндүрүш гүлдөп, экономика өскөн. Бизге да ушул жолду жолдоп, элге иштегенге жана эмгеги үчүн татыктуу айлык акы алууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү зарыл. Бизде негизинен пайдалуу кен байлыктарды жана аларды иштетүү өнүккөн.

Президент ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун маанилүүлүгүн белгиледи. Анын биздин өлкөнү четтеп өтүшүнө жол бербешибиз керек. Тагыраак айтайын: биздин бутак Өзбекстанга, андан ары Афганистанга, Иран жана Түркияга жетиши кажет. Кыргызстанда темир жолдун түндүк багытындагы чийини бардыгы үчүн Россия менен Казакстанга рахмат. Эми болсо рельсти түштүк багытка төшөө керек. Мен Кыргызстан үчүн “Бир алкак-бир жол” концепциясы ылайык келет деп айтаар элем.

—Бирок, колеялардын эндүүлүгү туура келбей калат деген да пикирлер болууда?

—Бул маселе ойдон чыгарылган. Учурда дөңгөлөктөр курамы колеялардын өлчөмүнө карата өзүн өзү регуляциялоо менен ылайыкташкан жөндөмгө ээ.

—Жакшы, бирок бул бир тараптуу тартиптеги кызматташуу болуп калбайбы? Башкача айтканда, дивиденддерди алып чыгып кетет, а биз жыртык чөнтөгүбүз менен кала беребизби?

—Биз Кытайдын каржы жана техникалык потенциалын сабаттуу жана эки тарапка тең пайдалуу негизде колдонушубуз керек. Кытай агрардык өлкөдөн саналуу он жылдыкта индустриалдык державага айланып кеткенин көрүп турабыз. Процесс каралбай калды, артка кеткенге да болбойт. Ири коңшубуздун мисалында агрардык республикада жумушчу орундар эч убакта жетиштүү болбойт, бул өңдүрүштү да аны менен биргеликте өнүктүрүү зарыл дегенди билдирет.

—А Кытайга карыздарыбызды кантишибиз керек? Атамекендик экономиканын арык ийинине оор жүк болуп артылып келатпайбы. Карыз мындан да көбөйө бербейби? 

—Мындан чыгуунун бир гана жолу бар: карыз албашыбыз керек. Мисалы, “Жунда” заводу. Бул долбоордо биз кытайларга бир тыйын да карыз эмеспиз. Алар аны өздөрү курушту, учурда салык төлөшөт, кайра иштетүүчү өңдүрүштөрдү өнүктүрүүгө салым кошушат. Алардын ишканасына завод жана фабрикаларды куруу үчүн жерлерди ижарага берүү кажет. Жыйынтыгында, Кытайга карызыбыз көбөйбөйт. Анан да насыялык эмес, түз инвестициялар бар.

—Эл ар кандай жааттагы ишканалардын экологияга тийгизген таасирин айтып нааразы болушат. Кытай заводдору массалык түрдө жаңы күч менен келип башташса зыяндуу өндүрүш темасы мындан да күчөйт да?

—Бул маселе оңой чечилет. Бул жаатта эл аралык экологиялык нормалар бар. Биз тараптан тийиштүү көзөмат гана керектелет. Жалпысынан, Кытайдын масштабдуу долбоорлору берип жаткан мүмкүнчүлүктү пайдалана билүүбүз зарыл.

Маектешкен: Азамат Кангелдиев

Булак: «Багыт»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *