Бакыт Төрөбаев: “Азыр бардык жерде кызматка орношуу үчүн пара берилип жатат, коррупция күчөп кетти”

“Өкмөттөгү 14 министрликти кыскартып, азайтыш керек да 9 күчтүү, супер министрлик калтырыш керек. Кадр саясатын жөнгө салыш керек. Профессионал адистер өздөрүнүн адистигине тиешелүү жерлерде иш алып барышы керек – бул эң негизги критерий”, – деп билдирди парламенттин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төобаев Жогорку Кеңештин жума күнү, 25-августта  өткөн кезексиз сессиясында.

“Коррупция менен күрөштү күчөтүш керек. Коррупция туугандар, азыр чындыгын айтканда бардык жерде кызматка орношуу үчүн пара берилип жатат. Муну ачык айтышыбыз зарыл. Мамлекеттик сатып алуулар системасында, Курулуш секторунда коррупция күчөп кетти. Бишкекке көп кабаттуу үйлөрдү салабыз деген ишкерлерге бут тосуулар болуп, уруксат алыш кыйынга туруп жатат. Мына ушул жерде “бирдиктүү терезе” системасын колдонуш керек болчу”, – деди президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

1 ой-пикир

  • Медер says:

    Суйлосо жакшы нерселерди суйлойт. Ал эми Онугуу прогресс партиясынан айыл чарба министри кылып Бекбоев мырзаны дайындаганда бул министрлике жалалабадтан катты жакшылап жаза албаган чала сабат кызматкерлерге толтурушту го. Ар бир жаны кызматкерди жумушка алуу же албоону ошол убакта Торобаев мырза озу чечип, Бекбоев мырза аткаруучу дешет. Алар азыр деле кызматта журушот илен салан болуп. Министрликтин иштоо сапаты томондоондугунон Ал министрлик бар же жогу билинбей деле калды. Молдонун айтканын кыл, Ал эми кылганын кылба деген соз ушул Торобаев жонундо окшойт.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *