Бакыт Төрөбаев эмитен эле “куйругун кыпчыса” алыска узабайт го…

Буга чейин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өктөм сүйлөп, өзүнчө эле дөөгүрсүп, айбаттуу оппозиция лидеринин образын жаратып келген. Азырчы? Бир жерин кысып калыптыр. Өзгөчө Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров камалгандан кийин шү-үк жүрүшкө салып, артындагы «калбырларын» тазалаганга жанталашканы эмнени туюндурат? Мына, баарыбыз күбө болуп атпайбызбы, Бакыт мырза баштагыдай «баатыр» болбой калды. Президенттик шайлоого чыга турганы боюнча да «балп» эттирген жайы бар. Аныгында, жетиштүү акчасы да жок экен. Мурдагы командасы Курманбек, Жаныш, Максим Бакиевдер деле оңой менен миллиондорду чыгара койбос. Алар деле реалдуу талапкерге «ставка» жасайт да. Кызыгы, Төрөбаев эмитен эле Алмазбек Атамбаевден жалтактап, «куйругун кыпчыгандай» таризде калганы байкалып атат го? Айтор, мунун да хан тактыга карай күрөшү сууп калды өңдөнөт…

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *