Бакыт Төрөбаев кайра ойлонду. Эми ал КТРКдан эфир сурап жатат

Президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековдун атына телеканалдын бекер эфирине даярдык көрүп жатканын жана теледебаттарга катышууга макул экендигин билдирген кат жолдоду. Бул туурасында мамлекеттик каналдын жетекчиси өзүнүн Facebook  баракчасына жазды.

Эске салсак, буга чейин талапкер эфирден баш тартып башкаларды дагы КТРКны бойкоттоого чакырган.

Каналдын жетекчиси болсо өз кезегинде талапкерди эфирге чыгаруудан баш тартты, анткени аны тизмеден чыгарып салышкан деди.

“Урматтуу талапкерлер! Сураныч, туура түшүнүңүздөр, ТВ эфири – бул автоунаа эмес: каалаганда токтотуп, каалаганда кетип калгыдай. Тилекке каршы бардыгын даярдоо мүмкүн болбой жатат. Өтө аз убакыт калды”, – деп жазат Илим Карыпбеков.

Друзья!Суть поста коротко на русском языке: Торобаев 26-го отказался участвовать в теледебатах и в бесплатном предоста…

Posted by Ilim Karypbekov on Monday, October 2, 2017

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *