Бакыт Төрөбаев: “Коалициянын чечимдери башка жердеги чечим кабыл алуучу борборлордо эмес, коалициянын ичинде кабыл алынышы керек”

КР Жогорку Кеңешинин “Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин бүгүн парламентте сүйлөгөн сөзүнүн тексти:

«Урматтуу депутаттар! Биз факт жана аргументтер менен сүйлөшүбүз керек! Конституцияны өзгөртүү боюнча демилге көтөрүлгөндөн кийин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы 15 беренеге эки жолу кагаз түрүндө сунуш бергенбиз. Андан эч кандай жооп болгон жок. Эки жолу фракциянын жыйынын өткөрдүк, Конституцияны өзгөртүү боюнча. Анарбек Касымовичти (президенттик аппараттын укуктук камсыздандыруу боюнча бөлүм башчысы) фракциянын жыйынына чакырганбыз, келген жок. Биз түшүндүк – биздин оюбуз, биздин тилектерибиз эч кимге кереги жок экен. Бирок ага карабастан, официалдуу түрдө айткам, кайсы беренелерге макулбуз, кайсынысына макул эмеспиз. Ачык эле айткам, 29 берененин 26сына макулбуз, 3 берене боюнча макул эмеспиз деп. Булар кайсылар? Биринчиси 20-берене – биздин мамлекеттик кызматкерлерге чектөө коюп атат. Эртең намаз окуганга барбагын, тигил же бул партияга мүчө болбогун, бизди укпасаң, Чоң-Алайга жөнөтөбүз деген чоң бир норма киргизип атат. Экинчиси. Коалиция ыдыраганда ар бир депутат кол коюш керек деген норма жазылып атат. Депутат добуш берди, депутат кнопканы басты деген бул документ. Ушул жетиштүү болот. Мына ушуга биз макул эмеспиз. Үчүнчү маселеде прокуратуранын тергөөсү боюнча бул жакта саясий маселелер болуп калышы мүмкүн деп айтканбыз. Мына ушул үч эле беренени айткан элек. Бүт жерден жарыя кылган элек, бирок таасир бербеди. Эч кандай сөз да болгон жок. Иса Шейшенкулович айтып атат, булар ошол «срок давности» боюнча макул болбой атышат деп. Мен эскертип коет элем. Биринчи вариантында ошол мөөнөттүн эскириши боюнча башкача болгон. Ал жерде толук бардык кылмыш иштери сот аркылуу мөөнөттүн эскиргенин аныктайт деп аталган. Биз ошондо айтканбыз: 240 миң оор кылмыштан сырткары ушул кылмыштар бар, аны сотко бербей эле тергөөчү өз укугунан пайдаланып, өзү бүтүрсүн деген ойдо болгонбуз. Кийин акыркы вариантта ошол мөөнөттүн эскилиги боюнча «экоцид» менен «геноцид» дегендер кирип калды. Биз ошондо «экоцид» менен «геноцид» боюнча айттык, оор кылмыштарга карата беренелер да бар, ошолорду да киргизип койбойлубу дегенде, «экоцид» керек дешкен. Кумтөр маселеси чечилеби (?) деп сураганбыз. Чечилет дешкен. Биз ошондо макул болуп, ошондон кийин «срок давность» боюнча бир да маселе көтөрбөй калдык кийин! Тактап айтканда, башка эч кандай шылтоо табылбай калды. Жөн гана «срок давность» боюнча кармап эле шылтоо кылышты. Бул бизди укпагандык. Биз түшүндүк, кайсы берене боюнча сунуш берип атканыбызга көңүл бурулбады. Иса Шейшенкулович, сиз айттыңыз, «биз сүйлөшүүгө аракет жасадык» деп, сиз фракция лидери болуп, коалицияны жыйнай алдыңызбы? Жок! Бир да жолу коалицияны жыйнаган жоксуз. Мен ошондо демилге көтөрүп, Канат Кедейкановичти лидер шайлаганда, төртөөбүз отурганда, айткам, «урматтуу коллегалар, ушул жакта төртөөбүз отурабыз, Конституция боюнча чогуу отуруп, акылдашып, бир ойго келели» дегенде, ошол жерде айтылган, эгерде компромисстик вариант болгондо төртөөбүз тең чогуу сүйлөшүп, алып чыгалы деген. Ошондон кийин эч кандай Коалициянын жыйналышы болгон жок. Тарых үчүн айтып коеюн, ошондо Шайназаров Тынчтыкты төрт добуштан үч добуш менен комитеттин төрагалыгына шайлайбыз дегенбиз. Иса Шейшенкулович макул болгон жок, ошол боюнча биз да Асель Кодуранова экөө чыга берсин деп айттык. Ушулбу шериктештик? Ушулбу, биздин сөзүбүздү угуп, анализ кылганыңар? Андай болгон жок, урматтуу коллегалар! Биз сунуштарды бергенбиз, ар бир берене боюнча референдумга алып чыгалы, эл өзү чечсин да, кайсыга макул, кайсыга макул эмес. Бул абдан жакшы, компромистик вариант болчу. Конституция деген эмне? Конституция – бул эл өзү добушу аркылуу биздин бийлик мындай болот, ага мындайча баш ийебиз деген пикирин билдирип, эл дагы ошондо Конституцияга баш ийип калат деген элек. Ушуну дагы уккан эмессиңер. Биз дагы Конституциянын негизинде Референдумга макул дейлик, бирок Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзамга статус берели, анан Референдумга алып чыгалы десек, аны да укпадыңар. Анан жөндөн-жөн эле бизди каралап, Конституцияга каршы деп айтуу тура эмес. Мына, сиздерге факт жана аргумент менен айтып бердим. Биз көчөгө чыгып, митинг кылган жерибиз жок, барып, жолдорду тосконубуз жок, Ак үйдү басып алганыбыз жок, биз конституциялык нормалардын негизинде өз добушубузду, сүйлөгөн сөзүбүздү парламенттин ичинен аткардык. Бул жактан бизден кемчилик издебегиле. Ар бир депутаттын ар кандай пикирлери болот. 72-беренеде так жазылып турат – депутаттын сүйлөгөн сөзүнө, берген добушуна эч ким баа бере албайт. Так норма жазылып турат. Ошондуктан биз эч кандай норма бузган жокпуз, артка чегинбедик, ар дайым алдыга компромисстик вариант менен жүрүп келдик. Биз мектепте окуп жүргөндө Ленин жөнүндө окуганбыз, аны «вождь» деп атаганбыз. Турдакун Усубалиев Кочкордогу жолду куруп атканда, мен барып учурашкам аны менен. Абсамат Масалиевич Таш-Көмүрдө иштеп жүргөндө кичине бала элем, барып колун кармагам. Бул тарых. Бакиев, Акаевдер дагы тарых. Ошол тарыхтын баракчасын жаап, жаңы баракчасын ачып, жаңы тарых жазбайлыкпы! Алдыга көздөй жылбайлыбы! Биздин коалиция эмне үчүн эффективдүү иштебей калды? Анткени чечим кабыл алуу коалицияда болгон эмес, башка жакта болгон. Ошондуктан биздин коалиция эффективдүү иштебей калды. Келечектеги коалицияга айтып койгум келет – чечим чыгаруу өзөгү коалициянын өзүндө болушу керек. Ошондо коалиция да, парламент да, өкмөт да күчтүү болот, мамлекет да өнүгөт. Ошондо президент, коалиция, оппозиция, премьер-министр ынтымакта жакшылап иштеп кетебиз деп айта алам. Өкмөт ушул боюнча калганы болбойт. Кардиналдуу түрдө өзгөрүү болушу керек. Экинчиден, структурасын өзгөртүш керек. Маалымат технология боюнча комитетин түздүк эле, эмне болду, интернет кымбаттап. Энергетика комитетин түздүк эле – эмне болду? 500 млн киловатт Казакстандан алабыз дейт. ЕАЭСке киргенден кийин кандай гана орчундуу маселелер чыкты. Жайында бир баланы атайын жөнөттүм, Тараз шаарындагы постто кечке турду. 78 фура Кыргызстанга бир күндө кирет экен. Лес, цемент, бензин баары кирет. Ошонун бир да салыгы жок. Айтар сөзүм ушул, биз баарыбыз Кыргызстандын жараны болобуз! Мамлекетти чогуу көтөрөлү, чогуу өнүктүрөлү!

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *