Видео – Бакыт Төрөбаев: “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан кандидаттар! Эч нерседен коркпогула! Биз сиздерди коргойбуз! 2017-жылы президенттик шайлоого да чыгабыз!”

“Урматтуу делегаттар! 11-декабрда өтө турган Жергиликтүү кеңештерге шайлоо биздин партия үчүн өтө маанилүү кампания. Биз Жогорку Кеңештин депутаттары, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы шайлоого мониторинг жүргүзөбүз. Биз шайлоонун таза өтүшүн талап кылабыз. Мыйзам бузуулар болбош керек. Административдик ресурстар колдонулбаш керек. Мен жергиликтүү өз алдынча башкаруу аймактарынын жетекчилерине кайрылгым келет. Биз мониторинг жүргүзөбүз, эгер мыйзам бузсаңар, силер жоопко тартыласыңар!” – деп билдирди бүгүн, 31-октябрда “Өнүгүү” партиясынын съездинде партиянын төрагасы Бакыт Төрөбаев.

“2017-жылы биздин “Өнүгүү-прогресс” партиясы президенттик шайлоого активдүү катышат, президенттикке өзүңүн кандидатын алып чыгат. Шайлоолордун баары алтернативдүү  болуш керек. Баардык кызматтарга бир нече кандидаттар күрөшү керек. Бир гана адамды көрсөтүп, “жок, ушуну шайлайсыңар” деген болбойт. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо биздин “Өнүгүү-Прогресс” партиясына 150 миң адам ишенип добуш берди. Мына, бүгүн да биздин партиянын жактоочулары көбөйүп жатат, биз алардын ишеничин акташыбыз керек. Урматтуу кандидаттар! “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Жергиликтүү кеңештерге шайлоого бараткан кандидаттар! Силер эч нерседен коркпогула! Биз сиздерди коргойбуз! Биздин күчүбүз парламентте бар”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

4 comments

  • Темирбек says:

    Шайлоо ачык, таза, административдик ресурстар колдонбой, мыйзым бузулбай отобу, айта албайм. Азыркы атчабарларга ишенич жок, бирок, Бакыт Торобаев айткандай элдин ишеничи бар, ошол ишеничти коргонуздар!

  • Тракторист says:

    Туура. Кандидаттардын духун которуш керек, эми оппозицияда калып атабыз деп эле ыйлап, бир бурчка тыгылып отуруп калбайт да!

  • Эл says:

    Журогу “Кыргыз” – деп соккон чыныгы жигит гана Шоопур-мопурларга эмес минтип артында турган элине таянып ханды да, бекти да тик карап тайсалдата алат.
    Торобаев мырза да кадимки Манас атадай, чыгаандарга дух бергени бул чо-он эрдик. Башкалары жаштарын, чыгаандарын тебелеп, акчалууларга тизмени сатып жаткан учурда…

  • мына сага says:

    Айтканынар келсин! Ооомин!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *