Бакыт Төрөбаев, төө кыядан өттүбү?

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын башбаканы Бакыт Төрөбаев шайлоо алдында балп эттирген. Бир жылда биз өлкөнүн баарын жарык менен камсыздап, жарык өлкө кылып салабыз деп. Сөздү айтаардан мурда ойлонбогон чоңдордун азабы өттү эй. Өлкөнү койдум, ушу борбор шаарыбыз дале караңгылык кучагында карбаластап келет. Ал эми Төрөбаев болсо, мурунку сөзүн унуткан. Чадырайып чарба ме­нен алек болгон киши кебетесинде жүрөт. Айтылган сөзүн аткара албаган соң ага «жигит» деген сапат жарашабы? Эптеп депутаттыкка илешкен соң убаданы унутуу Төрөбаевдин эски оорусубу? Эй Бакыт мырза, келе жарык, келе шам чырак? Анткени сиз элге айткансыз. Эми эл ушинтип эле сурап алат. Бере албайсыңбы, көчөсүн, шаарын, айылын жарык кыла албайсыңбы, анда кет да. Колунуздан келбесе, эмнеге жомокчу болосуз?

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *