Бакытбек Адылов Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын милдетин аткаруудан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда буйрукка кол койду. Ага ылайык, Адылов Бакытбек Адылович  мурда жүктөлгөн Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын милдетин аткаруудан бошотулду.

Бул тууралу КР өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *